21-кылым жыттанат ко бул ырың а!?

Мына ээ ыр жазыптыр бир кыз.
Балээ эле экен. Окуп эле оңуп калдым.
Ушуну ыр десе болот да. Окуп атам, эч ким сунуш кылбаса да.
Кой ээ, бул ырдан кийин мен кантип ыр жазамын аа?
Окуп жыргап эле калдым. Бул кыздын ыры нан жыттанат, тээ
классиктер жыттанат. Нан болсо баары болот. Акетай оо, бул
ырда баары бар. Мына, «лайксыз» эле оку жыргап. Эми анальгиндин сага кереги да жок да. Мээм жыргады го!
Окуй берип сергидим! Жазсаң ушинтип жаз ээ!?
Болбосо ичими өткөрбө дарысыз эле.
Ырахмат ээ, Жыпар кыз! Бу кыз кантип жазды десең аа?
Жазып ийди ырдын чоң акесин. Пай-пай, сонун ыр!
Жыпар Исабаеванын ырын окугулачы:

Менин эски дептерим

Кереги жок мага башка нерсенин,
Бирин гана тандай турган келсе күн,
Тандаар элем көп бакыттын ичинен,
Жүрөгүмдүн ачкычын таап келсе ким…

Балким эссиз, балким эпсиз эркемин,
Койдура албай жүрөгүмдүн тентегин,
Ошол жакта кымбат нерсем калгандай,
Шарактата берем эски дептерим…

Кээсин эстеп, кээсин таппайм. Эх менин
баркын билбей, желге учурган кездерим…
Түк ойлонбой сүйөт элем, жоготкон
күндөрүмдү таап келип берсе ким…

Карда калган, жамгыр жууган издерим,
Ойдон, тоодон келе берет издегим…
Коё турчу… сен таап алган жок белең,
Башкача бир – күлүмсүрөй тиктедиң.

Жыпар Исабаева

калемгер_калмамат1
калемгер_калмамат2калемгер_калмамат3калемгер_калмамат4

Сүрөттөр: Калмамат Турдубаевдики

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Комментарий (2)

  • Равидин| 14.02.2016

    Киргиз болуп калабызбы

    Гөр тирилик,башка үйүп санаабызды,
    Үйдон бездик,таштадык калаабызды.
    Кымыз жытын унутуп,кырда жүрбөй,
    Тоону чанып,кыргыз болбой калабы?

    Бөтөн тилде сүйлөп жатса балабызды,
    Бөдөнөнүн үнүн укпай калабызбы?
    Ак сут берген энелер унут калып,
    Эне болбой угуп калдык «мамабызды».

    Чачты боеп,саргайтсакда карабызбы?
    Мээрим жок»каапыр»болуп калабызбы?
    Акыретти ойлонбой ата-энелер,
    Өз балабызды тозоко салабызбы?

    Кеч болбой ойлонолу санаабызды,
    Неге биз…Кыргыз болбой калабызбы?
    Жыргал кун,ушул берген тарбия учун,
    Акыретте көрөбүз биз «мамабызды».

    Кыргыз болбой,киргиз болуп калабызбы?

    Гулайым Мукарамова д «»Кыздар ай» адабий клубу».

  • Gulzat| 07.12.2016

    Баарынан журоктогу катылып жаткан мунду козгойт. Сиздин ырларыныз озумдун жашоом тууралуу жазылган.

  • Оставить ответ

    Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    © 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
    Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

    Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар