Ал менин апам

Жашоомда тени жок жалгыз бир адам.
Ал жок болсо айыкпайт эч бир жарам.
Капа болуп буулугуп ызаа тартсам.
Кошулуп азапталат жалгыз апам.

«Балам»-деп, кара жанын карч уруп.
Өзү жебей жедирип жалгыз нанын.
Жашоомда бир гана адамым бар.
Көңүлүн алсам болот кантип анын?

«Балам»-деп, согот жүрөгүнүн жарымы.
Бир адам бар өмүрүмдүн жарыгы.
Ал менин жалгыз гана апакем.
Ошол болот өзөгүмдүн тамыры.

Жоктон жонуп колдорума карматат.
Көздөрүнүн нуру кетип баратат.
Апакем бар, ошондуктан жашоомда.
Кечтер кирип, жаркыраган таң атат.

Апалар бар, таң атып, жер огунда айланат!!!
Апаларсыз жашоо болот деп, ким айталат???

Кийикова Расагул 22.05.15 Москва шаары

 

 

Автору: Кийикова Расагул Баткен облусу, Кадамжай району, Майдан айылы

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар