Асыл атам

Мээримиңден айланайын асыл атам,
Мен үчүн сен жашагандай сезилген.
Неберем деп эркелетип наристем деп,
Колуң менен сылап мени эркелеткен.

Өз мойнуна тагдыр атын алып, сени,
Алып кетти армандарга салып мени.
Сагынамын түштөрүмө кирсеңчи,
Алыстарда аман эсен болсоңчу.

Балалыктын балын татып колуңдан,
Жоктойм сени алыс турмуш жолуңан.
Кучактап кой десен да асылган,
Күндөрүмдү эстеп эңсеп сагынам.

Кусалыктын күчү мени сыздатып,
Сенсиз көнбөй жашоого мен ыйлаймын.
Асыл атам мээримиңден айланам,
Сени менен өткөн күнгө кагылам.

Карылыктан бырыш баскан сениң жүзүң,
Күн нурундай жарык чачып жүргөнсүйсүң,
Тээ алыстан узаткансып көлөкөң,
Кыйбай мени алыс кетпей жүргөнсүйсүң.

Автор: өзүм таятамды сагындым

Автору: Алибекова Назира, Баткен шаары

Нравится

Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар