Ата журтка таазим

МЕРЕЗДИК
Эртеси бири-бирин кучакташып өлгөн наристелердин денесин, айылдаштары мүрзөгө коюшту.
1997-жыл. «Тагдыр» гезитинен.

Ээн талаа, түнкү айлана,
Эртең болмок аттиң, Жаңы жыл.
Эркинбектин ыйы басылбай,
Гүлайымга ыктайт «өлбөй тур».

Суук сыртта улам кычырап,
Кыш кыштыгын кылып ыкчынат.
Аталаган үндөр жаңырып,
Ай-талаадан алсыз үн чыгат.

«-Атакебай, алып чыгып кет,
кайда кеттиң мынча жоголуп.
Азыр келем дедиң эле го,
Арагың да калды муз болуп».

Үшүп калды үкөм Гүлайым,
Как жыгачтай жатат жанымда.
Апам келип улам чакырат,
Коркком ата, катты бутум да.

Коркуп жатам, ата алып кет,
Коркунучту экен бул шыйпаң.
-Чай ичебиз тургун Гүлайым,
Төшөгүбүз калды мен салган.

Ыйга аралаш ыйман төгүлүп,
Ымыркайлар тоңду суукка…
Эх, мерездик айбан күтпөгөн,
Элден чыккан канкор ушул да.

Жукка кемзел катып денеге,
Таң жарганда жатты эки өлүк.
Элден кетсе болот айланып,
Эсенбексиз келди эл көмүп…

АЖАЛ СЕНИН АРЫҢ ЖОК

Сендей таш боор сендей бетпак болбостур,
Сезимиңе кар да муз да тоңбостур.
Кырчылдаган кырчын өмүр кыйылып,
Кылым кезген ажал бир күн оңбостур.

Гүлү ачылбай соолуп калды кайран жан,
Күлүк эле Күнгө карай жүгүргөн.
Күтүлбөгөн күндөр калып күйүттө,
Кур калтырдың Кудай берген үмүттөн.

Калды,калды Күн да, Ай да тунарып,
Талаа кезген шамал да жок жаш катып.
Үлбүрөгөн назик кумар кайталайт,
Ушул тагдыр кимге, кимге мунарык.

КҮЗДӨГҮ СӨЗ

Акыркы күнү жайдын,
Салбараган жамачыдай.
Жолуктум досторума,
Желбегей жамынгандай.

Айтышты сен жөнүндө,
Акча алып жатканыңды.
Санаасыз жандай толуп,
Семирип алганыңды.

Мен кайттым сени кыйбай,
Жол турду мени кыйбай.
Өкүнүч өкүндүрү,
Өктөмдүк жаңга сыйбай.

Биз барчу кырга келип,
Жолуктум жапжаш күзгө.
Короодон секелек кыз,
Кыйкырат «үмүт үзбө»…

КҮЗ ЖАНА СЕН

Сентябрдын салкын жели үшүтүп,
Сезимиңде ала булут жаткандыр.
Эсиңдеби этаждагы коломто,
Экөөбүздү дале күтүп аткандыр.

Кошунадан алган отун андагы,
Көңүлдөрдүн ажарында күйүшкөн.
Кызыл кочкул көйнөк кийген сары күз,
Күбө болгон бактыбызга сүйүшкөн.

Жыл айланып келди кайра ошол күз,
Жылуулугун биздин үйгө төгө албай.
Сыртта турат суктануусун жоготуп,
Өткөн күндүн зор бактысын көралбай.

ТҮНКҮ КЕЛГИНДЕР

Сыйбай турам ойлор чыңалып,
Мейкиндиктин батпай чегинде.
Аалам сырын эркин коелу,
Айланышсын жердин бетинде.

Түнкү шамдар күйсө өчүрбөй,
Түшүнөлү түндүн перисин.
Түндө жорткон ошол келгиндер,
Түйүлдүктөн чыккан эгизиң.

БИЗДЕН КИЙИН

Күндүн күүсү чертилет да акырын,
Ай ааламдын баарын бийге түшүргөн.
Алыстарда калган менен бабалар,
Азыркынын наркын терең түшүнгөн.

Тирүүлүктүн баа баркына жетишип,
Усулдарын бизге берген белектеп.
Биз да аны ыйык сактап жүрөлү,
Бизден кийин жаңы муун келет деп.

ЭРТЕҢКИНИ ЭСТЕЧИ

Өз тилиңден өйдө коюп башканы,
Өмгөктөгөн сендей жанды көрбөгөм.
Сен өлгөндө кантээр экен молдолор,
Башка тилди такыр эле билбеген.
Кыйын болор калкка дагы өзүңө,
Сообу тийбей баталардын берилген.

Бийлигиңдин билем бүгүн бийигин,
Бирок, тагың сен күткөндөй эмес да.
Тайып кетсең кокус бутуң чалынып,
Чабар сени токмок болуп сөздөр да.

Анда дагы кездешербиз экөөбүз,
Жер топурак, караңгы гөр болсо да.
Күйгөн болуп көрүнбөчү элге сен,
Артта калып сезбей учкул замандан.
Акын канча жаңылса да тагдырдан,
Тайган эмес чындык деген агынан.
Бүгүңкүңдү бетке тосуп жашабай,
Эртеңкиңди эстесеңчи бак урган.

ДИЛ АРМАНЫ

Жүрөгүм жүдөп жүрөт айталбастан,
Жүгөндөлгөн бул оюнан кайталбастан.
Айтыштын асылдарын, залкарларын,
Ар дайым көкүрөктө каталбастан.
Кээ күнү комузу жок, обон коштоп,
Жарышка түшкүсү бар айтышкандан.

Байланган арманым бар комуз билбейм,
Баянды ырдагым бар дилде зилдейм.
Барпынын обонуна үндү кошуп,
Баардыгын ырдагым бар күүгө тийбей.
Дилдирек жүрөгүмө күүсүн ойноп,
Токтогул, Эшмамбеттер турабы бейм.

Айтышка түшкүм келет жарыш жиреп,
Ак таңдын нурларындай күүгө бийлеп.
Арманым комуз билбейм аттаганат,
Бул жагын албаптыр да апам тилеп.
Жеңижок, Карамолдо, Атайлардай,
Калбагам комуз чертип кылды ийлеп.

АТАМА КАТ
Терме

Айлана гүлдөп жаңырып,
Айылымды жүрөм сагынып.
Азыркы мезгил көйгөйүн,
Айтуудан турам тартынып.
Тагдырдын ташын көтөрүп,
Оорусам кээде жөтөлүп.
Үй ичин басам бук болуп,
Өзүмдү-өзүм көтөрүп.

Ардагым атам угуп тур,
Сөзүмъ көңүл буруп тур.
Алсырап барам күн өтсө,
Арыктай бактым куруптур.
Көп ойлоп жолуң карадым,
Көзүмдөн учуп карааның.
Күн, Айдай болду балким ал,
Алтыны тууган Жамалың.

Кыялдын кылы зыркырап,
Көөдөндү кесип ыр кылат.
Кудайдан тилеп алалбай,
Көзүмдүн жашы сыгылат.
Өгөйдүн курсун тилеги,
Өзүңдөй аны билеби.
Жан сырды канча айтсаң да,
Башка го анын тилеги.

Бактыма бүткөн энекем,
Байкасам мага Күн экен.
Жанынан артык көргөнүн,
Байкаган жалгыз мен бекен.
Бар чыгар ата эсиңде,
Байлыгым апам өткөндө.
Улуган элем ит болуп,
Ошондо учкан кут беле.
Зар какшап мендей тагдырга,
Кай бала канды жутту эле?

Ошондон бери оорумун,
Ойлордун ойноор шорумун.
Дүйнөнүн көрбөй жарыгын,
Өткөрдүм күндүн сонунун.
Катылган кайгы жүгөндөй,
Көз жашым агат түгөнбөй.
Түн бою уйку көрбөстөн,
Тууганды жүрөм түгөлдөй.

Энеден жалгыз калсам да,
Атадан алтоо дечү элем.
О, чиркин мендай шордууга,
Ал дүйнө дагы кем экен.
Өз энең эгер болбосо,
Өчкөн шам менен тең экен.

Аталап канча барсам да,
Артымдан издеп келбедиң.
Алты инимдин жүгөнүн,
Аркалап өзүң илгенсиң.
Апакем тапса тапкандыр,
Ааламдын сенден тепкесин.

Тагдырдын ташын басканга,
Тең келчү айтчы эмне бар?
Термелип турсаң санаада,
Тетири карап күлгөн бар.
Кыйналып турган чагыңда,
Кызыгы эми болот деп,
Алдырттан карап жылмайып
Аңдышат ниетти жамандар.

Жашоонун улуу жарыгы,
Өчкөдөй болуп жалыны.
Үлбүрөп канча коркутту,
Үмүттүн калып жарымы.
Өзөгүм күйүп турганда
Сөз чалып туш-туш жагымды.
Кескилеп кетти айрымдар,
Көктөтүп койгон багымды.

Турмуштун көрсө мыйзамы,
Токтобой аккан булактай.
Колтуктап турса бак-дөөлөт,
Теңтуштар анда Чубактай.
Кырсыкка калсаң кабылып,
Байкабай калган өңдөнүп
Качышат тура улактай.

Турмуштун көп го кыясы,
Кургабас муңдун сыясы.
Айласыз ачтым сырымды,
Атаке муну угаспы?
Турмуштан таппай ордумду,
Кыядан ташым кулады.
Кызарар балким мен өңдүү,
Кыйланын эми кулагы.

Атаке, айбымдын айтсам себебин,
Көп аял алды дебегин.
Убалдан коркпос болду-деп,
Уу сөздүн чачпаң кебегин.
Ойноп да чындап жулбадым,
Бирөөнүн тиккен терегин.

Атаке, ойнотуп сүйлөп жетелеп,
Айтпадың акыл себелеп.
Жаш кезден бирге болбодук,
Үй салсаң ылай тебелеп.
Эр жетип калдым мен эми,
Алсаң ал мейли жемелеп.

Атаке, ачыгын айтып бербесем,
Учурду дээрсиң өрдөгүн.
Жылдыздай жанган энемден,
А бирок муну көрбөдүм.
Аялдык наркты бузганды,
Жалдырап сурайм калкымдан
Денесин жерге көмбөсүн.

Турмуштун татаал жолу көп,
Кимдер бар аны баспаган.
Көкөлөп учкан бүркүт да,
Намыс деп абийир сатпаган.
Тоо таштын издеп бийигин,
Бой таштайт экен аскадан.
Азыркы кездин кыздары,
Күкүкпү тукум баспаган.

Жалашып турат ит өңдүү,
Уялып өзүң качпасаң.
Акчаны койсоң көрсөтүп,
Аягын кагып маралдай,
Жарым саат күтпөстөн
Шамына чейин камдаган.
Уятсыз жандар көбөйдү,
Улуудан эле таппасаң.
Абийирин саткан пендени,
Өкүм жок неге атпаган?

Ачайын сырдын баянын,
Уксам да элдин таягын.
Буулугуп кеттим бук болуп,
Суюк бир десе аягың.
Ачыгын айтып бералбай,
Көп жылдар бою сыр кылып,
Аларды чыны аядым.

Үйлөнгөн элем бир кызга,
Айланып кетсин сүйгөндөн.
Башыма балээ болуптур,
Жаш туруп эрте үйлөнгөн.
Апамдын сийип башына,
Кеч туруп үйдө түрлөнгөн.

Дагы бир келин береги,
Айтайын сырды мен эми.
Угузмай болдум кантейин,
Атаке, оозумдан качып сөз ээни.
Дүңүнөн эле айтпасам,
Дүркүрөттөр денеңди.
Кайната келин сырын бил,
Кыйлага тийер кереги.

Анчалык терип тепчибей,
Аз-аздан айтып берейин.
Кыз атты калып сыртында,
Кыйратыптыр белегин.
Байкабай буга үйлөнүп,
Бармактын башын сыздатып
Көтөрдүм далай челегин.

Тартынбас болуп калганбы,
Туш келди айтып жалганды.
Кой деген сайын күч алып,
Туугандын баарын жадатты.

Кийинки келген келиниң,
Сөз жок эмне дебейин.
А десем Айдай нур чачып,
Өзү эле болчу перинин.
Иш кылса ырыс төгүлүп,
Бүтүрчү эле не бирин.
Кудайдан айтпай койгон го,
Жазымыш жагын не дейин.
Согончогу канабай,
Сонунум кетти кантейин.

Тагдырдан бир аз капам бар,
Түгөйлөп койсо не болмок.
Тапсын деп бакыт таалайын,
Төрөтүп койсо не болмок.
Көп аял алды дедиртпей,
Токтотуп койсо не болмок?

Бул сөздү көпкө созбойун,
Дагы бир көйгөй козгоюн.
Атасыз өскөн жанымда,
Атаке, сени тартып мен дагы
Балдарымды боздоттум.
Оюмда киргилт санаа бар,
Кеткенден кыйла балам бар.
Аларды эстеп олтурсам,
Ааламдык жүккө барабар.
Таң атса кээде күн батпай,
Тилинет жүрөк толтосу.
Атасын тарткан байкуш-деп,
Бетке айтып кээси кордошту.

Сырдашып калсам кээ менен,
Атанын сөзү эм экен,
Эненин сөзү дем экен.
Ойлонсом кээде олтуруп,
Кургакта калган кеме экем.
Менде да сенде күнөө бар,
Качпайлы ата чындыктан.

Уруктан демек өнбөсө,
Бак болот кайсы чырпыктан?
Балаңды кылдың бактысыз,
Бу дагы сенин жолуңдан.

Жаш кезде акыл кеп айтсаң,
Жакшы бул жаман деп айтсаң.
Тагдырдан издеп жолумду,
Көрсөтүп анан бек айтсаң.
А балким, мен да жүрмөкмүн,
Алдыңкы топто сен айткан.

Сөзүмдүн чыкпай соңуна,
Баш катам ичик тонума.
Көлдөгөн жашым токтобой,
Жүз арчуу турат колумда.
Жүдөдүм чынын айтсам мен,
Апамдын тирүү жогуна.
Атанын жытты медер-дейт,
Жаш кезде жатсаң койнунда.
Армандуу жаздым бул катты,
Айтылбас күйүт ордуна.

Көп ойлор калды айтылбай,
Катымдын сабы узарып.
Саргайып жүрөм атаке,
Жалбырак өңдүү кубарып.
Өлчөнгөн өмүр барагы,
Ал дагы барат жукарып.
Атанын акыл сөзү жок,
Ага да турам тунарып.
Атанын сөзү кенч белем,
Баланы турган суугарып.

Автору: Абдукаримов Сабыралы, Кызыл-Кыя шаары

Нравится
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар