Ата журтка таазим

ӨЗҮҢ ЧЕЧ

Дүрбүтүп салып дүйнөмдү сезим уулаган,
Аттиң-ай деген акмактык болор эми кеч.
Өзөгүң кескен өнөрүң үчүн бергем жан,
Ойлонуп баарын ортого салып өзүң чеч.

Сыбызгы үнүң сезилбес бөтөн-бөлөккө,
Сыныңа гана көз салса төшөр көлөккө.
Өнөрүң менен өзүңдү бирге карашса,
Ошондо гана жетериң анык дөөлөткө.

Ай менен Күндүн адамдан ашпас барккы бар,
Ааламдын сансыз жылдызы деле жөнөкөй.
Күкүктөй безеп күз айга жетпей токтогон,
Күнүмдүк эле ачыгын айтсак көмөкөй.

Арманым болбос арзууга жетсе кыялың,
Армандуу күүнү чертпесе экен кылдарың.
Көр албас эле көөдөнүн керген «көмөчтөр»,
Көмүскө калсаң кур өтөр асыл жылдарың.

СҮЙҮҮ САЛТАНАТЫ
Терме

Төкмөлөрдүн атасын,
Төрөп берген ким экен?
Төккөн сөзүн бөбөлөп,
Төрө кылган ким экен?
Төрт сап ырын коротпой,
Түгөл сактап элине,
Белек кылган ким экен?

Акын болуп элине,
Актык кылган ким экен?
Айткан сөзүн түгөлдөп,
Жаттап келген ким экен?
Жалпы журтка коротпой,
Айтып келген ким экен?

Ашык ырын төккөндө,
Ай да токтоп асманда.
Булуттардын чуудасы,
Барпы апысты укканда.
Бүткүл журтту турган дейт,
Буркурап боздоп арманда.

Эки көздүн пардасы,
Эшик болуп тоскондо.
Көкүрөгү жарылып,
Сүйүү ырын кошкондо.
Көзү түгүл жүрөгү,
Учуп чыккан тоолорго.
Азиздиги билинбей,
Апыз болгон ошондо.

Боздогондон Боогачы,
Болгон дешет күйүттү.
Үкөйүнө жете албай,
Обон салган сүйүктүү.
Кыргыз элге таанымал,
Ыры менен түйүндү.

Огонбайдын Атайы,
«Күйдүм чоктун» атасы.
Сүйүү ырын ырдаса,
Суктандырган далайды.
Сыздатчу экен акынды,
Сулуулардын сымбаты.

Мукам үндү Муса да,
Муңун төккөн кыл менен.
Муңдашына жете албай,
Обон созгон үн менен.
Бүткүл кыргыз калкына,
Таанылган дейт ыр менен.

Ырчылардын ичинен,
Ырыспайдай чыккан жок.
Ыр обонун эл үчүн,
Ыроо кылып берген жок.
«Алмашым»-деп күйгөндөй,
Бири дагы сүйгөн жок.

Чолпонум деп Жолболду,
Жоктоп ырдап кор болду.
Даба таппай жүрөккө,
Жалындаган от болду.
Ашыктыктын айынан,
Атайларга тең болду.

Ашыктыктын алоосун,
Айтты акындар алынча.
Ыр-обонго салышты,
Кудирети барынча.
Тунук сүйүү түбөлүк,
Экендигин далилдеп
Койду Канат, Зарина.

Оомал-төкмө дүйнөдө,
Орошон кез дил кайыр.
Тулпар минип чарчабас,
Тунук сезим дил байыр.
Боз уланды уктатпас,
Укмуш учур гүл кайыр.

Айдарым от

Бөксөдөн булут көрүнбөй,
Бой салган чачың өрүлбөй.
Бешикте жаткан балаңдын,
Белдиги бошоп көңүлдөй,
Тура элек, элек али биз,
Төшөктү сыйрып түгөлдөй.
Байкатпай басып балакет,
Бүлүктү салды бүтүндөй.

Бороондой болуп буулуккан,
Нөшөрдүн калдык түбүндө.
Жашоого эми умтулган,
Үмүттөр калып үмүттө,
Уңулдап ыйлап бараттың,
Үйдөгү бакты түңүлтө.

Бешикте жаткан балаң да,
Ыйлады калып күйүттө.
Ата карып, сен алыс,
Айласыз экен түн түшсө.
Жылалбай турдум жанынан,
Жылыткы оттой бүрүшө.

Билбедим кандай кыларды,
Билимим жетпей турабы.
Мертинтип кеткен уу сөздөр,
Мешалкадай туурады.
Мен-деген жандын бири элем,
Мээ жетпей, акыл куурады.

Биздеги айып бул эле,
Жашоого кадам шилтеген.
Жашырып жүрдүк айталбай,
Жыл өтсө дагы күн менен.
Сөөөккө өткөн «жаман сөз»,
Чыга элек эле муң менен.

Арадан өткөн күн калып,
Балалуу болдук бук жазып.
Азан айтып, ат койдук,
Достор келип чер жазып.
Бул күндөр биздин бак эле,
Бейишке окшош гүл азык.

Жашообуз өтүп бактылуу,
Маңдайдан турган жел сылап.
Сымбат да, сүйүү башка эле,
Ак сүйүү жанды бир кылган.
Ажырап калдык бир күндө,
Пенде элек кимди зар кылган?

Камгактай жеңил желпинген,
Адамды мурун көрбөпмүн.
Ай-буйга келбей сөз менен,
Алкынаар жанды билбепмин.
Алдашып бизди бөлгөн соң,
Айдарым, оттой өрттөндүм.

Асылым, алдым катыңды,
Асырайм кантип жаныңды.
Ачылып калган аякты,
Арамдык кылса жабабы?
Айыңа жүргөн асылып,
Абийирсиз сени алабы?

Канткенде батат күндөрүң,
Таңы жок өтөр түндөрүң.
Түркөйлүк кылба асылым,
Туура көрсөң сөзүмдү
Турмушка ага чыкканча,
Туура эле болор өлгөнүң.

Дүйнөдөн, мүлктөн эң бийик,
Адамдык асыл керемет.
Эсиңде чыгар а балким,
Биз жаткан жука керебет.
Бактылуу элек билерсиң,
Жамгырлуу кечтей себелеп.

Ортодон тапкан балабыз,
Ошол го биздин санаабыз.
Канжыгага чалынып,
Каякка эми барабыз.
Жашоодо жалгыз өмүр бар,
Асылым кантип танабыз.

Биз кетсек эки тарапка,
Рыспай шордо калат да.
Глгааккы гүлүн ачалбай,
Соолуган гүлдөй бозоруп.
Чоңойгон сайын шор тилеп,
Жалгызым жалгыз жанат да.

Айрылган көйнөк жамаачы,
Алпарган балаң каракчы.
-Болорун жаным, ойлоп көр.
-Арам –дейт, билем баламды.
Кейитпей багып алайлык,
Кенжетай уул баланы.

Азгырар алар кыйла эле,
Аз эле болот сый деле.
Ай жаңырбай ачылат,
Апаң каткан сыр деле.
Анда да кургур, шор басар,
Асылым, бул сөзүмдү кур дебе.

Кетели жаным кейибе,
Козголгон жүрөк кор беле.
Канчалык азап тартпайлы,
Калтарайт чындап бак келсе.
Камгактай жеңил ойлобо,
Кара гөр күтпөйт күндө эле.
Жашоого адам бир келет,
Жабыгып, күлүп ал да өтөт.
Өтөлгөн өмүр соңунан,
Өзгөлөр анан Күн көрөт.
Азыркы айбат сүр кылган,
Адамдар кийин келишип,
Бералбайт кайра бүтүндөп.

Ойлонгун жаным, ойлонгун,
Түн кезип, сен деп толгондум.
Кайышып алсыз турсам да,
Катка мен жаздым болгондун.
Өкүнүч кетип сен келсең,
Көрөрсүң кемтик толгонун.

Автору: Абдукаримов Сабыралы, Кызыл-Кыя шаары

Нравится
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар