Ата журтка таазим

АДАМ ГАНА

Караңгылык кандай жаман билгенге,
Кастык кылсаң – түбүң түш- деп айтышат.
Түшүн адам, түбөлүгү түз болсун,
Күндүн нуру бизге жашоо кайтарат.

Сыр чечүүгө балким эрте, бирок ук,
Жылдыз муздак, жылуу кабар беришет.
Түнкү Айдын аралыгы чакырым,
Адам сөзү тоңгон музду эритет.

Адам, Аалам ажырагыс бир дүйнө,
Кудай дагы кулдук урат жаратып.
Жашоо, өмүр, жада калса бийликти,
Адам гана башкара алат каратып.

ТОЙГО ЧАКЫРУУ

Шыпшынып, күбүрөнүп шыбырашпай,
Келгиле ак тоюма чакырамын.
Тагдырдын ачтым жаңы барагын бул,
Тос сүйлөп, айтарсыңар камырагын.
Ыр ырдап, тойго күбө болгулачы,
Ырыскы кошо келсин силер менен.
Тагдырдын ак-карасы жазымыш да,
Арга жок айласыздан басып келем…

Кокустан көз жашыма көзүң түшсө,
Көрбөгөн адам болуп койгулачы.
Адашсам, акыреттик тагдырымдан,
Көзүмдү бүркүт болуп ойгулачы.
Узак жыл үмүттүмдү тебелетип,
Үйүмдүн ысык деми чыккан эмес.
Үзүрүн көрөйүнчү батаңардын,
Улуулар бул сөзүмдү ашык дебес.

Билигин бүгүн көрдүм жаштыгымдын,
Кабыргам катып барат эңшерилип.
Турмуштун туткасында колум калып,
Турайын эми күндө текшерилип.
Ак тойго чакырамын асылдарым,
Келгиле, алыс тууган, жакындарым.
Кеч эмес, өмүр жазы алды жакта,
Колуңду кесе тиштеп шашылбагын.

«КӨК ӨЗӨК» БАЯНЫ

Өз калкынын тагдырын Амандык сыяктуу жетимдин тагдыры менен өлчөөнү илгертен адат кылып алган Маман бийдин кубанычы койнуна сыйбай алга жүгүрдү.
-Жаңы кесип өздөштүрүп эли-жерине келишиң менен, азаматым! Туушкан деген сендей болсун, кудай акы- бетиңди кайтарып,….
Төлөпберген КАИПБЕРГЕНОВ
«Каракалпак дастаны» романынан

«Көк өзөктү жакалап караан келет,
Көздөр сынып…» — А тиги Аман дешет.
Жалт караган Маман бий көзүн пардап,
-Жанындагы аял ким?… — Карындашы,
Алмагүл ал, Алмагүл-деп жашый берет.

Топураган топ элден сөздү укпай,
Тон ичинде уктаган бөбөк менен,
Алмагүл да, Амандык да жакын келет…

Топураган топ элди көргөн Аман,
Тобурчактай көз жашын төгөт улам.
Өз жеринин абасы өзөк жиреп,
Өксүк жылдар көз алдында нандай туурам.
Канча жылдар караанын көрбөй калган,
Кандуу жылдар, калды артта жүлүн бууган.

Кере кулач кучагын ачып келет,
Жетпөөчүдөй кадамын улам керет.
-О, каралдым, Алмагүл, бир боорум-деп,
Тигил жактан Маман бий желдей желет.
Жалт караган Амандык токтой калып,
-Кечиресиз, Маман бий, кечиресиз,
Алмагүлдөн айрылгам…- сөзүн кесет.
Кучак жайган Маман бий сөздү укпай,
-Алмагүлүм, агаң бул Аман менен
Тирүү белең тааныдым, желдей желет…

Көз жаш төккөн көк асман кайда калды,
О, жараткан дагы келди кандай кезек.
-Тамашаңды кое тур, Амандыгым,
Көздө калган бул аял Алмагүлүм.
Кандан бүткөн туугандык кантип тансын,
Жазбай таанып турамын мөл-мөл жүзүн…

….Кол жетерде курч кылыч жанып өтүп,
Капилеттен кыйып өттү баштын түбүн.
Сунулган кол сулк денени карабастан,
Алмагүлдүн ак саамайын жыттап жатты…
Кучагын эми ачып кучактаарда,
Кубарды жүз,
Баштан аккан кызыл кан төшкө жайды…

Жакын калган жалпы журтка жообун айтпай,
«Көк өзөккө» ыргытылды айрык дене.
Айлап жылдап зар күткөн сагынычтын,
Жүрөк кескен зардабы ушул беле?
Чырылдаган баласы ташка тийип,
Алмагүлдүн артынан учкан эле…

Кан дирилдеп, кылычтын буусу чыгып,
-Карма бий-деп Амандык кылыч сунуп.
Маман бийге жалбарып айтты муну,
-Аялым-деп алганым Алмагүлбү?
Андай болсо жек көрөм ушул Күндү.
Жатындашын алган деп жар салбагын,
Адамзатка салбасын кара түндү.
Көз ирмебей кесип сал бул башымды,
Эч бир жан билбей калсын ушул муңду.
Кайгырбайм кыйып салгын асыл башты,
Төлөйүн башым менен «кечбес кунду»….

…Желкеден кескен кылычтын нуру кылтыйып,
Жер тиреп турган денеден кетти асыл баш.
Кусалык толгон көз дагы толук жумулбай,
Төгүлбөй калды жерим-деп келген ачуу жаш..

«Көк өзөк» гана көбүрүп барып кан менен,
Койнуна катты бир муңду эч бир ачылбас….

Колдору канга боелгон Маман бой түзөп,
Кордугун бүгүн көргөндөй болду дүйнөнүн.
Колуна алып жаны жок «бөпө» баланы,
Карады элди, эл дагы көрдү сүйгөнүн.
Каңырык түтөп калың журт жакка бой таштап,
Кан сийип турду айталбай муңдуу күйгөнүн.

Ак бурул тарткан сакалы улам дирилдеп,
Салаалап жашын, бырышкан жүздөн түшөрдө.
Элим деп эми эзилген муңдуу айталбай,
Окурман журттум, Маманды сен да түшүнчү,
Чачылган элди жыйдым деп турган бул чакта,
А элди билбейм, чыгарган жокмун бүтүмдү…

…Мамандын күнгө күйгөн каралжың жүзү бирде кызарып, бирде бозоруп, сай-сөөгү зыркырады, ала бурул сакалы дирилдеди, ошондо да турушу бекем, жыгылчудай эмес, күчтүү.

КААЛООЛОР

Агам АБДИМАНАП ШАКИРОВго

Айкөлдүктүн айтып не го кереги,
Адамзаттын улуугусун береги.
Акындардын кыл терметкен кыялын,
Ар бир инсан Сиз өңдөнүп билсечи.

Бай-бачалар арабызда жок эмес,
Баары Сиздей көңүлдөрү ток эмес.
-Китебиңдин кимге баркы бар дешип,
Бой көтөрүп жөтөлгөндөр жок эмес.

Тейиттердин чыккан чыгаан экенсиз,
Чоң Алайдан чыкпаптырсыз себепсиз.
Сиздей болсо адамзаттын баарысы,
Алоолонуп Күнгө чейин жетербиз.

ТӨӨМОЮНДУК АЖЫ АБАМ АБДЫКАДЫРГА

Ыйман десе ырыскысы төгүлгөн,
Пайгамбардай жакшы ишке сүйүнгөн.
Абдыкадыр ажы абам кол сунуп,
Бул китепке сүрөөнчүлүк көрсөткөн.

Улуу элдин ырыскысы карылар,
Уюткулу элдин жүгүн аркалар.
Жакшылыкты жар кылгын деп элиме,
Жөлөк болду ушул ажы абаңар.

Билген жаңга кошкон салым көмөгүң,
Элге чачкан ажы абам үрөөнүң.
Жарык кылып турар сенин жүзүңдү,
Жазган ырым периштедей чүрөгүм.

Элдик табыпкер, досум АБДИМИТАЛГА

Досум сени ыйык Кудай колдосун,
Ыйман, ырыс чачкан нурлуу жолдосуң.
-Жазган ырың жатпасын-деп бокчодо,
Жан күйдүрүп китебимди колдодуң.

Эл агылып эшик менен төрүңө,
Эчен оору эм табышты көңүлдө.
Колуң жеңил дарыгерсиң анык бул,
Канча адамды кайрып келдиң өмүргө.

Сүйүү ырын жазганымда сүйүндүң,
Тагдырларга себеп болуп калат деп.
Келин-кыздар махабатка тунушсун,
Китебиңди бири-бирине белектеп.

Ырахмат дос, ыйман сырын чача бер,
Ыр сүйгөндөр келет эми күлүңдөп.
Үй бүлөңө бакыт-таалай каалаймын,
Ырдай болуп түгөнбөстөн жүргүн-деп.

ЭЖЕМ АЙСАНАМГА

Кут даарыган эне деген кандай бак,
Куштай учкан кудирети балалап.
Ыр саптардын тизмегиндей өткөн күн,
Жаңы ыр жазсам апакемдей кубанат.

Керек кезде кемтигимди бүтөгөн,
Көз жашыма өз энемдей түтөгөн.
Ырахматтым чексиз Сизге эжеке,
Ырыс-бакыт тилейм сизге бүтпөгөн.

Азададай аял чыкпайт дечи элем,
Ага тете эне болдуң дегдеген.
Акыйкаттым, аялдардын бийиги,
Асылзаты жаңылбайм го Сиз десем.

Иним АЙБЕККЕ

Бир айылдын эл тааныган кулуну,
Эмгегимди эске алып жупуну.
Колдоп бердиң «Атажуртка таазимди»,
Көкүрөктөн ыр чыксын деп утуру.

Колдоо керек-деген сөзүң кор болбойт,
Кошо колдоп сүйгөн жарың, балдарың.
Кубанычты кең дүйнөдөй чайкалып,
Калганы жок сенден чыны арманым.

Кантип дагы айтып бермек элем мен,
Адамдыктын туусун турсаң ырастап.
Ыр окугам, ырды сүйгөн калкымдан,
Чын дилимден, жүрөгүмдөн ырахмат.

МАЗМУНУ

Ата журт ажары………………………..
Мекеним………………………………….
Бүлүк салып бүт дүйнөмдү аңтарып….
Айыл ажары……………………………..
Жашыра албайм………………………..
Бүгүнкү күн бекер нурун чачпады…….
Көзгө сүйкүм көрүнөт………………….
Эсиңдеби?………………………………………..
Бүчүр……………………………………..
Жылдызым……………………………….
О, оопасыз дүйнө……………………….
Коркот жрөк……………………………
Күзгү жалбырак………………………..
Айылдагы ой……………………….…
Эки кызың барындай………………….
Кереги жок……………………………..
Жыйып алгын…………………………
Келермин………………………………
Жолдогу ой……………………………
Жакшы көрөт………………………..
Арчабаш жайлоосу…………………
Кең дүйнөнүн ичинде……………….
Түпкү нуска………………………….
Жүрөктөгү обон…………………….
Угасыңбы ырларымды?………………
Аялга тең болбогон күнөөм барбы?…
Ташка өскөн чөптөр чыгат гүлдөгөн…
Жазарым бар…………………………….
Сөздөн курап…………………………….
Жалгыздык………………………………
Бир шилтемдер………………………….
Ата журттум……………………………
Сагыныч………………………………..
Таазим кылуу………………………….
Жайлоодо……………………………..
Айыл оттору………………………….
Сага теңдеш табылбас……………….
Алатоом……………………………….
Асыл элдин ыйык жери……………..
Чөгөрүлгөн төө………………………
Чавайлык кызга……………………..
Түн койнунда………………………..
Нооруздагы тилек………………….
Адамдын айкөлдүгү сиздей болсо..
Жашооңа өмүр берет ырың да……
Кыргыз алпына……………………..
Сүйүнбайдай болсо гана сүйүүбүз…
Сапарда………………………………
Делбирим……………………………..
Айтып болбойт……………………..
Камыгып турам……………………..
Классташ кыздарга…………………
Билип ал……………………………..
Кыргызым ай………………………..
Бир арзуу…………………………….
Жер тарыды, асман кең……………
Жаңга баты…………………………
Жүрөгүмө…………………………..
А, балким…………………………..
Тирүүлүктү………………………………
Жыл өтсүн……………………………
Тил түшүнсө…………………………
Аттинай………………………………
Кыйла кырсмын……………………..
Ак жарык……………………………..
Кайырсыздан…………………………
Калыстык кыл……………………….
Улуулук эмес…………………………
Күтүү………………………………………..
Кызым Мээримге…………………..
Өткөн күндөр……………………….
Мектебим……………………………
Закым……………………………….
Түнкү теребел………………………
Кел Нооруз…………………………
Сүйүү жана жаз……………………
Ай дагы…………………………….
Күздүн он жетинчи көз ирмеми…
Окшоштуктар…………………….
Каректе калбаган элестер……….
Бир кайрыктар……………………
Жаз болгон жан дүйнөмдө……..
Бир күч бар………………………
Акым бар………………………….
Улуу жолдо ойлор кошулат…….
Атамдын илеби…………………..
Наристе уйкусу…………………..
Жеңиш менен кайткандарга……
Улуулук салмагы…………………
Балдак…………………………….
Ирмем…………………………….
Наристе…………………………..
Жалгыз тал………………………
Күч……………………………….
Дене………………………………
Кудай…………………………….
Жол………………………………
Жоголгон кулп………………..
Каалга………………………….
Уйкусун бузбагыла…………..
Жууркан………………………
Уялайт…………………………
Жазгы тала……………………
Жолоочу жана жол………….
Жашоо үчүн………………….
Автопортирет……………….
Жуктура көрбө……………….
Мерездик……………………..
Ажал Сенин арың жок……..
Күздөгү сөз…………………..
Күз жана сен…………………..
Түнкү келгиндер………………
Бизден кийин…………………..
Эртеңкини эстечи……………..
Дил арманы…………………….
Атама кат……………………….
Махабаттан адам карыбайт
Ыр түрмөк
Кокусунан өчүп калып жүрбөйүн…….
Махабат каты……………………………
Моюнга алуу…………………………….
Кеткендер кайтышабы?……………………
Алмашпаймын………………………….
Кайра баштан тартым сүйүү азабын…
Экөөбүз………………………………….
Апрелдеги эки окшоштук…………….
Тереңдик………………………………..
Эсиңдеби?………………………………………
Ай жарыгы……………………………..
Күт жаным……………………………..
Булгаба…………………………………
Өтөп берем…………………………….
Күтөт эми………………………………
Алдыда алтын казыгың………………
Айт алтыным…………………………
Күйүккөн күндөлүк………………….
Жан дүйнө жаңырыгы………………
Кейибейм………………………………
Калалычы……………………………..
Күтүп турам……………………………
Кыйналып кеттим……………………
Отун бирге жагалы…………………..
Сагынганда……………………………
Сүйүү калдыгы……………………….
Түбөлүккө бирге бил………………..
Күтпөйт дебе…………………………
Жаңы жыл түнү…………………………..
Өткүм келет………………………….
Шилбилер……………………………
Кечир уулум…………………………
Сага чейин……………………………
Өзүң чеч……………………………….
Сүйүү салтанаты……………………..
Айдарым от……………………………
Адам гана………………………………
Тойго чакыруу………………………..
Көк өзөк баяны……………………….
Каалоолор………………………………

Автору: Абдукаримов Сабыралы, Кызыл-Кыя шаары

Нравится
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар