Ата журтка таазим

АТАМДЫН ИЛЕБИ

Ай нурун чачса сүйүнүп,
Айланып ага жүрүпмүн.
Ал деле көрсө түн менен,
Алмашат тура түңүлдүм.

Күн чыкса ага сүйүнүп,
Күлкүмдү чачып жүрүпмүн.
Күн батып кетип бир кезде,
Көңүлсүз жерге түкүрдүм.

Ай, Күн да болсун тилеймин,
Жашоо жок мунсуз билемин.
А бирок, алар атамдай,
Бералбайт тура илебин.

НАРИСТЕ УЙКУСУ

Уктап жатат бул дүйнөдөн бейкапар,
Көңүлү тынч таза эмчек сүттүндөй.
Курчап турган дүйнө менен иши жок,
Ага жашоо дилинде ак бүтүндөй.

Майда толкун күлкү чачып жүзүнө,
Жарашыктуу шоола болуп көрүнөт.
Ак эмгектин күүсү тарап боюна,
Эмчек сүттүн даамы менен төгүлөт.

Уйку өмүр наристелик дилинде,
Көкүрөктүн күүсү ага жакшы ыр.
Ачылбастан ыйык болуп кең аалам,
Кыялында жашап жатат тунук сыр.

ЖЕҢИШ МЕНЕН КАЙТКАНДАРГА

Түрмөктү ойлор бүгүн карыларда,
Түйшүгүн тартып келген согуштагы.
Тирүүлөр эскеришип өткөндөрдү,
Түндүгүн ачып койгон коктудагы.

Бал кымызын чыныга куюп алып,
Баатырдык баян курган эрлер эле.
Байкабай мезгил кууган убакыт бул,
Байбиче кылды кызды кечээги эле.

Айылдын чаңын кууган балдар элек,
Азгырык оюн үчүн жүргөн чуркап.
Азайып барат улам аксакалдар,
Ар дайым орден таккан төшүн бурап.

Балалык кыял менен чоңойгондо,
Болом-деп учкуч жоокер согуштагы.
Безилдеп чуркап жүрүп атышчу элек,
Бизге анда сезилчү эмес согуш тагы.

Азыр биз сездик согуш жексурлугун,
Ар дайым тынчтык бакыт керек тура.
Ааламдын сезиш үчүн сулуулугун,
Акындык жүрөк гана керек буга.

Түбөлүк үндү кошуп ырдайм дайым,
Түйшөлүп карылардын айткандарын.
Турмуштун тирегиндей көрөм азыр,
Туу болуп Жеңиш менен кайткандарын.

УЛУУЛУК САЛМАГЫ

Токтобогон күндөр күлүк аргымак,
Сапарында чарчаганды билбеген.
Суулар дагы эс алышат көчүктө,
Музда тонуп жылдыздарды тиктеген.

Асмандагы Ай да тынбай айланып,
Күндүн кууп жетпей келет артынан.
Мезгил өзү улуулуктун салмагын,
Сезсе керек нурдун ысык табынан..

БАЛДАК

Таманынан өткөн ташка ыйлап,
Балдак барат улам секирип.
Атаганат, адам колтугу,
Ал да талган жүнгө бекинип.

Кайран гана колдо кош балдак,
Кутулбасың эми бул жандан.
Көлөккөдөй ээрчип сен дагы,
Көргө кирбей калсаң зор арман…

ИРМЕМ

Күн табына төшүн тоскон чал,
Куурап барат күзгү бариктей.
Аптап уруп анын тамырын,
Үнсүз жатат кара сары иттей.

НАРИСТЕ

Түн бир оокум…ачуу чаңырык,
Төрөт үйү жарык чачылып.
Түштү жерге жердин генийи,
Тирүүлүккө салып жаңырык.

Бул наристе Авен жаны эмес,
Манас эмес, Манни шамы эмес.
Кыргызыма келген бул гений,
Кылымдарда өтчү «хан эмес».
Ал башкача, кыргыз генийи.

ЖАЛГЫЗ ТАЛ

Күндө жатып көпкө жалгыз тал,
Көмкөрүлбөй калды ордунан.
Күн отуна күйдү бир күнү,
Ширеңкеден жанып жалгыз тал.

Алоолонду айтпай жан сырын,
Арачыга түшкөн болбоду…
Үмүттөрү гүлгө айланып,
Кор кылгандын көзүн кордоду.
Аео сезим анда калбастан,
Күкүмдөрү кетти шамалга
Аны тоскон пенде болбоду…

КҮЧ

Балка менен чаап бармакты,
Бакырдым эх, чыкты кызыл кан.
Бакылдыгым окшойт сезбеген,
Байыртадан калган ушул жан.

ДЕНЕ

Жансыз кийим турса чечилип,
Жалаң этке конот чымындар.
Жабалактап неге келишет,
Жалтыраган кайсыл сыным бар.

Сорушат да ачуу теримди,
«Чыйт» түкүрүп кээси качышат.
Чындык окшойт ачык денеге,
Көргөн көздүн баары кызыгат.

КУДАЙ

Коркко бил, кокустуктан сактанасың,
Дүйнөнү боло бербе каратымыш.
Денеси деңиздердей толкуп ташкан,
Кудайдын ар мүчөсү жаратылыш.

ЖОЛ

Жол узак түгөнбөйт, түгөнбөйт,
Басканың а бирок, билинбейт.
Жөргөмүш жол салган желедей,
Жолдор да түгөнбөйт, түгөнбөйт…

ЖОГОЛГОН КУЛП

Жүрөктөрдүн бүгүн ачкычы,
Жылуу сезим анан ынактык.
Чын сүйүүнүн алтын кулпусу,
Жоголгон жок уурдап алышкан,
Тапкан аны Байлык, Калпыстык.

КААЛГА

Кайда барба баары жабылуу,
Каалгалар калган бек орноп.
Качан кыргыз минтип жашаган,
Койчу эле го зымды бир толгоп.

Аалымдуу адамдардын пейли кана,
Сезимдер ишенимден айрылганбы?
Каапыр-ай, кастык, ууру каргашасы,
Каалганын туткасына байланганбы?

УЙКУСУН БУЗБАГЫЛА

Булактар шылдыраган,
Булуттар токтогула.
Шүк отур ойнок шамал,
Сөз тийет шоктугуңа.

Торгойлор талаа кезген,
Таң эрте турбагыла.
Улуулук ушул тоодо,
Уйкусун бузбагыла.

Кылымды карытышкан,
Кебелбей көктү тиреп.
Уктасын ушул бүгүн,
Тоолор да уйку ширеп.

ЖУУРКАН

Мөндүрлөр тоо кумалак,
Түшүп жайда төшөгүмө.
Ичикий ичиркентти,
Барды жууркан бөздүгүнө.

УЯЛАЙТ

Сыртта кыш. Көлдө муз.
Уюлгуйт учуп бурганак.
Чылымын тарткан моорулар,
Очокту бойлоп курганат.

Тентек жел чертип айнекти,
Кирсем- дейт, үйгө үшүгөн.
Наристе, эне, жылуу чок,
Уялайт үйдү күтүнгөн.

ЖАЗГЫ ТАЛАА

Дөбөдө жел, төбөдө Күн,
Аңыздын айрык бурчу.
Таш жатат өлгөн иттей,
Соконун тилбей курчу.

Жалгыз тал. Талаа үнсүз,
Жер жатат жели чыккан.
Кара май трактордун,
Кадамы илкийт мыктан.

ЖОЛООЧУ ЖАНА ЖОЛ

Көгала болгон койдой,
Жол жатат канталаган.
Жолоочу жонун басып,
Келатат ха-ха-лаган.

Жол туруп качкысы бар,
Жонунда турган жандан.
Жаңы жол качан бүтөт,
Жалганчы жаңы салган?

ЖАШОО ҮЧҮН

Тийип турган Күнгө бүлүк түшүрбө,
Аалам жаны анын нуру биз билген.
Түрдөп турган тирүүлүктүн шаңы ушул,
Жашоо болбойт эгер аны бүлдүрсөң.

О, адамзат айланайын калың журт,
Ойлон, ойлон ооруп жатат Жер эне.
Карегинен кан агууда сызылып,
Кимиң кана бак өстүрдүң жериңе?

Күндүн, Жердин күйүп барат жүрөгү,
Күнөөсү жок кыйылышкан даракка.
Адамзатты асырайм деп Жер эне,
Денесинен тапты кара жаракка.

О, адамзат, дүйнө, Теңир, аалам да,
Ар бир пенде бул жашоонун күкүмү.
Кан төгүлүп шаар кулап бузулбай,
Калуу керек урпактарга бүтүнү.

Уккун адам, Күндүн, Жерден айрылып,
Аалам сырын ачалбайбыз баары бир.
Канча адам жер үстүндө жашаса,
Тирүүлүктө жашоо үчүн дили бир.

АВТОПОРТРЕТ

Көрдүм бүгүн көздөрүмдү күзгүдөн,
Көрүнүшүм өткөн өңдүү сүзгүдөн.
Ушунчалык убайымдуу жан белем,
Ушаланып бул тагдырдан чүнчүгөн.

Кайда калган кайратымдын белеси,
Кайда калган жашоомдун кемеси.
Канжыгада катып калган чаначтай,
Карагыла турат кимдин элеси?

Жоготтумбу жоодураган күндөрдү,
Жоготтумбу жоо чапкандай мүлдөмдү.
Ушул менби, тааный албай турамын,
Ууктагы сүрсүгөн эт сүлдөрдү.

ЖУКТУРА КӨРБӨ

Ар намыс бийлеп ийилет шагым,
Ак канга окшоп бозорот каным.
Корунам чыны көчөдө бассам,
Кошунам бажа, көрүнөт дагын…
Байкабай сага баш кошкон күндөн,
Ачылбай келет тагдырдан багым.

Ычкырың чечип ыйлаган болуп,
Ылайладың канчанын торун.
Урматтап сен «эжебиз»-дешкен,
Угушса кантет бир тууган бооруң?
Өзүңдүн гана атыңды айтпай,
Өзгөнүн кошо куруттуң шорун.

Улуутоо башы апапак кар да,
Уясын салып балалайт карга.
Биздин кыз дешип айтышкан элиң,
Билишсе кантип чыдашат буга?
Беш күндүк өмүр бейишиң болсун,
Жуктурба муну жалпы эле журтка.

Автору: Абдукаримов Сабыралы, Кызыл-Кыя шаары

Нравится
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар