Gulajym-MukaramovaГүлайым Мукарамова

24-август 1963-жылы Лейлек районуна караштуу Айбийке айылында төрөлгөн.
1980-жылы «К.Сабыров» атындагы орто мектепти бүтүргөн,
1985-жылы Ош шаарындагы «ОМНИ» музыкалык факультетин бүтүргөн.
Андан соң Ош шаар-гы «24-партсъезд» атындагы орто мектепте эмгек жолун баштаган.
Андан кийин өз району Лейлекке келип «Наристе» бала бакчасында музыкалык жетекчи болуп иштөө менен бирге райондук маданият үйүндө да кызмат өтөгөн.

 

Ошондой эле көптөгөн коомдук иштерге катышып, 1987-жылы «Республиканский телевизионный фестиваль народного творчества»
жана «Ак терек-Көк терек» телеконкурстарына катышкан.
Эң бир эсте калаарлык күндөрүнүн бири, 1988-жылы тартылган «Ашар» аттуу телефильми (Киргиз телефильм), ошол фильмге тартылган.
Белгилүү обончулар Бабаравшан Тургунбаев, Жолдошбек Мамажанов, Хабибилла Азиреткулов, куудул Жамбыл Камчиев ж.б. менен бирдикте областтын бир канча райунда болуп концерт коюп келген.
Ырлары Лейлек районунун «Алга» гезитинде жана ошондой эле «Кыргызстан маданияты» гезинде чыгып келген.
Белгилүү акындар Атакул Жакыпов, Абдилаат Дооров, ж.б. бирдикте Кыргызстандын «Жаштар үнү» программасынын поэзия кечелеринде ырлары окулуп келген.
Азыр Орусиянын Томски шаарында жашап, кыргыз диаспорасынын «Ак-куу» ыр-бий ансамблинин башчысы.
Ушул жылы биринчи «Өрүкзардын мөмөсү» аттуу кичинекей ыр жыйнагы жарык көргөн.

 

 

 

Чыгармалары:

Сен деп билем

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар