Аял бакыт — Аял жаз

Кубанычтан толкуп турат көңүлүм
Кубат алып, гүлдөгөнсүйт өмүрүм
Жан дүйнөмдө дайыма жаз жадырап
Аял заты сенсиң жазы өмүрдүн

Жаным жыргап, эргип турат көңүлүм
Жазы сенсиң ырдап турган көңүлдүн
Бүт дүйнөмдү сулуулукка бөлөп сен
Ак нур болуп жан дүйнөмө төгүлдүң

Аял төрөп, аял бакты бапестеп
Мүнөт сайын жанын сабап алпештеп
Окуткан да, чокуткан да аял зат
Пеш энемен сүйүп мени «Бактым» деп

Акыл айтып, чоң турмушту көргөзгөн
«Адам бол» деп, «Ылгап баарын бөлбөстөн»
«Турмуш куруп, бактылуу бол уулум» деп
Сүйүп турат ошол аял бапестеп

Бирге ойноп, бирге сабак окуган
Коргоп турат өзгө жандын отунан
Жанын сабап мени сүйгөн аялзат
Сууруп чыгат жамандыктын оозунан

Эжем да аял, кубалашып ойногон
Күлкү — шаңга бир бөлөнүп тойбогон
Тентектердин шакабасын шыбатпай
Ошол аял канатына коргогон

Аял берди билимди да мектептен
Миң кайталап, миң бир жолу эстеткен
Аял берди колледжден да билимди
Ошол себеп татыктуумун «»5″ке мен!

Аял сүйүп, жар кылып да аламын
Түбөлүккө бир кемеде барамын
Ошол аял сүйөт мага жан берип
Дартым басып, козгоп турган жаранын

Жыттап — жыттап, бир жытына тойбогом
«Атаке» деп, эркелеген, ойногон
Кызым дагы бакыт берчү аялзат
Аны көрүп бир жүрөгүм тоңбогон

Сенсиң аял бакытым да, жыргалым
Миң бир түркүн калемимде ырларым
Сенсиң аял көрктөп тураар дүйнөнү
Сенсиң аял кубанычым жыргалым!!!…

Аялзатсыз эркектер жок дүйнөдө
Аялзаты жүрөгүм да, демим да
Аял заты бул жашоонун жыргалы!!!

Автору: Нурланов Айбек

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар