Бир күн келет…

Күндү-түнгө алмаштырып иштедик,
Кенен жашап, кенен тамак ичпедик.
Элибизден табылбаган чындыкты,
Эмне үчүн биз башкадан издедик?

Бир жакага, бир жеңге эч кирбедик,
Баштан кеткен балык башты тилдедик.
Журтубуздан көрүлбөгөн камкорду,
Жупуну калк өзгө өлкөдөн издедик.

Түркүн ишти камыр кылып ийледик,
Түрлөп-түстөп көйнөк алып кийбедик.
Ырыскыны жеп жатышкан биздердин,
Ышкысы күч белдүүлөргө тийбедик.

Чындык издеп тентигендер биз дедик,
Чылаландык, чоочундарды сиз дедик.
Бозоргондо нур жүзүбүз өңү өчүп,
Биз бакытты өгөй журттан издедик.

Арабыздан жарылса да биргелик,
Адал иштеп ак, караны иргедик.
Берээр жерден ала албай мээримди,
Биз мээримди батыш жактан издедик.

Бир күн келет мээрим нуру чачырап,
Бийликке мас болгонду алыс качырат,
Сыртын салбай жылуу жүзүн көрсөтүп,
Сөзсүз бизди өлөөр журтка чакырат.

Ошол күндү улан-кыздар сагынат,
Ойлорунда тез келсе деп зарыгат.
Өткүн жамгыр жаап өтөөр сыяктуу,
Өтүп кетээр бул күндөргө багынат.

Автору: Досболов Шайырбек, Баткен району, Кыштут айылы

Нравится

Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар