Биздин максат

Бактылуу күндөр бизге арналган эле,
Түшүнбөймүн ал күндүн да чеги бар беле.
Кыялданып бирге чогуу уччуу элек,
Талкаланып экиге биз айрылдык беле.

Мейли дечи кичине элем түшүнсөң боло,
Мен сенсиз жашай албайм сезсең боло.
Мага койгон шарттарыңа макул болуп,
Сөз берип сүйүшкөн күнүң эстесең боло.

Билесиңби мен азыр кандай абалда,
Сыздап турам дүйнөнү чаап салчуудай.
Жүрөгүм жай таппай учуп баратат,
Кандайсың кайдасың сени сагынып жатам.

Балким мен жаман адам сен үчүн,
Бир көрсөң карабай басып өтөрсуң.
Бирок билчи кеч жетипмин баркыңа,
Бүт өмүрдө сени гана сүйөмүн.

Биздин максат кайда учту сапар алып?
Качан келет арзуулардан кабар алып?
Көздөрүң сенин өмүрүмө чырак болгон,
Кайда кетти сүйүүмө күзгү болгон?

Мени кечир арзууларды болуп кеттим,
Талап кылган максаттарды талкалап кеттим.
Түшүнчү сени сүйөм садага,
Турмушумда сендей жанды тапбайм кайра.

Бул турмуш бизди сындап байкап жатат,
Биздин жүрөк сагынычта сыздап жатат.
Суранамын алдырбачы сыноого,
Сүйөм сени калтырба мени ааламга.

Автору: Алибекова Назира, Баткен шаары

Нравится

Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар