Дүбүрт жаңырыгы

Сабыралы АБДУКАРИМОВ
ДҮБҮРТ ЖАҢЫРЫГЫ
Макалалар, маектер, ой пикирлер.

Ош шаары- 2013
Удк
ББК
Абдукаримов Сабыралы
Дүбүрт жаңырыгы, Ош 2013, бет.

Бул жыйнакка акын Сабыралы Абдукаримовдун чыгармачылык жолундагы, түрдүү маанидеги макалалар, маектер, ой-пикирлер топтоштурулган.
Китеп жалпы окурман чөйрөсүнө арналган.
Удк
ББК
Сайтка китептеги сүрөттөрү чыкпай калды китеп дагы оңдолот, анча-мынча кемчиликтери үчүн кечирип коюңуздар Сайттын Админи
АК БОЗ АТЫҢ-КАНАТТУУ ЫР-АРГЫМАК

Акын иним САБЫРАЛЫ АБДУКАРИМОВго

Байрак кылып ырың көккө булгадың,
Буйруган бир ырыскы да бул дагын.
Бийиктиктен бийиктикке жол алып,
Бара берсин поэзия тулпарың.

Буулуккан үн улам бийик шыңгырап,
Бурул түндү жарып чыгып алдыда.
Азоолуудай Ай чапчысын арыштап,
Ак боз атың-канаттуу ыр-аргымак.
Атакул ЖАКЫПОВ, акын. Кыргызстан жазуучулар бирлигинин мүчөсү. Алыкул Осмонов, Курбаналы Сабыров атындагы сыйлыктардын ээси.

Белгилүү акын менен Лейлек жергесинде.

Акын жана жазуучу
Сабыралы Абдукаримовго
Талаа жатат талаа артында келберсип,
Тоолор жатат тоо артына учкашып.
Канаттарын өтөт кайкып куш жазып
***
Кайталангыс жол издеген өмүрдөн
Кадам отуң, аяй, аруу жаңы нук.
Касиеттиң чыктым түндөн жамынып.
***
Жаш сотонун үлпүлдөгөн чачындай.
Жазды жарпым сонун, назик шыңгыр үн.
Жан дүйнөмдү соңуркатты сүйкүм сыр.
***
Көтөрүлсүн көкүрөктөн ысык дем.
Көкө теңир оболотсуң абийириң,
Көлкүгөн шаар болуп калгын көк ирим.
Дооров Абдилаат Али (Эпохин)
50 жашың кут болсун!
Сабыралы Абдукаримов менен кызматташ болгондон кийин ого бетер чыгармачылык боюнча жакындашып калдык. Журналист катары ар дайым турмуштун күрөө тамырын кармап, мезгилдин багытын алдын ала көрө билген калемгер. Кайсыл темага кайрылбасын анын жазган макалаларын окурмандар чоң ынтаа менен окушат. Анткени ал журналист эле эмес, жазуучу, акын дагы “Кош данек”, “Мамактан тамган махабат”, “Ата Журтка таазим”, “Өмүр сереси” аттуу ырлар жыйнагынан тышкары “Жүрөктөгү элестер” жана “Желедеги көз жаш” аттуу прозалык чыгармалары да жарык көргөн.
Кадыресе жазуучулардын катарын толуктап жаткан замандашым Сабыралы Абдукаримовдун теле журналист, режиссерлук да өнөрлөрү бар экендигин көпчүлүк окурмандар биле беришпесе керек. Бир отурушта Сабыралы такшалган төкмө акын менен айтыша кетти. Куюлтуп созгон ырлары маанилүү, анан да эч бир токтобой ыр саптарындагы ойун так айтып, ал турсун айтышып жаткан атаандашын шаштырып да койду. Ичимден чар өнөрлүү талант экен деп калдым. Быйыл болсо Сабыралы Абдукаримов эл ортону 50 жашка чыгып, чыгармачылыгынын гүлдөп турган чагы. Өркөнүң өссүн, чыгармачылыктагы жетишкен жогорудагы ийгиликтер чек болбосун демекчибиз.
“Баткен таңы” гезитинин башкы редактору
Адылбек Акматов

АКЫН ТАРЖЫМАЛЫ

Талкаланса тагдырымдын күзгүсү,
Таш тагдырдын чекесине бир тийип
Апакемдин сезген чыгар мамасы,
Гөрдө жатып бирде ооруса, бирде ийип.

Акын, жазуучу, журналист, педагог, Кыргызстан Жазуучулар бирлигинин мүчөсү, Сабыралы Абдукаримов 1963-жылдын 20-июнунда Ноокен районундагы Богот (мурдагы Маасы) айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Таштемир, Апасы Рысбүбү.
Жаш кезинде апасынан ажырап, тайенеси Рапкандын колунда калып ошол кишинин аркасында эрезеге жеткен.
Балалыгы Аксы жергесиндеги Жаңы-Жол районуна караштуу Жолборсту айылында өткөн.
Алгачкы ирет мектеп партасына Жолборсту айылындагы башталгыч класска барып, андан кийин Таш-Көмүр шаарындагы № 3-Тоголок Молдо атындагы орто мектепке, көп өтпөй Аксы районунун Кербендеги жатак-мектеп интернатында, андан соң Кош-Дөбө айылындагы орто мектепте окуган.
Кийинчерээк Таш-Көмүр шаарындагы № 4-Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте, жетилүү аттестаттын Кичи-Ак-Жол орто мектебинен алган.
Алгачкы эмгек жолун Аксы (мурдагы Жаңы-Жол) районундагы «Жаңы турмуш» гезиттинде фото кабарчы болуу менен баштаган. Советтик Армиянын катарына чакырылганга чейин, «Кыргыз телефильм» киностудиясында үн оператор, кийин өз кабарчы болуп иштеген.
Аскердик милдетин өтөп жүрүп Ыраакы Чыгыштагы «Суворовский натиск» аскердик гезитинин сырт кабарчысы болуп, ошол эле учурда Свердловский мамлекеттик универстетинин журналистика факультетине кабыл алынып, окуусун КМУнен бүткөн.
Журналист катары «Таш-Көмүр жарчысы», «Нарын нуру», «Достук», «Мезгил жарчысы», «Көк-Арт нуру», «Үмүт нуру», «Баткен таңы» гезиттеринде таанылып-такшалган.
Педагог катары Араван районундагы М. Кадыров атындагы орто мектепте, Төө-Моюн өрөөнүндөгү № 65 –КЛде, Кызыл-Кыя шаарындагы № 7 КЛде кыргыз тили жана адабият сабагынан берип, окуу жайда директордун окуу тарбия иштер боюнча орун басары кызматтын аркалаган.
2001-жылы Кыргызстан жазуучулар бирлигинин мүчөсүнө кабыл алынып, ошол жылдан бери Республикалык «Нур борбор» чыгармачыл жаштар бирикмесинин Баткен областук бөлүмүнүн коомдук башталыштагы төрагасы катары иштеп келүүдө. Бирикмеде бүгүнкү күндө элүүдөн ашык жаш калемгерлер чогулуп, алды алгачкы китептерин чыгарууга жетишти.
Акындын «Кош данек», «Мамактан тамган махабат», «Ата Журтка таазим», «Өмүр сереси» аттуу ыр жыйнактары жана «Желедеги көз жаш», «Жүрөктөгү элесттер» прозалык, «Канатсыз карлыгачтар» аттуу драмасы окурман журтчулугу тарабынан жылуу кабыл алынган.

САНЖЫРА БОЮНЧА:

Атасы: ТАШТЕМИР.
Чоё атасы: АБДУКАРИМ.
Бубасы: ЖУМАБАЙ.
Бабасы: БЕКЕТАЙ.
Кубасы: КУЛУ.
Жотосу: КЕБЕК.
Жетеси: КУМАЧ.
Муштуму: АСАН.
Наркы: ОЖУРАЙ.
Задим МАМЫТ.
Зили: ДАШМАН.
Теги: КАБА.
Кубаты: ЗУЛУМ.
Медети: МУНДУЗ.
Таянычы: КУУ УУЛ.
Уругу: ДОЛОН БИЙ.

Акын жөнүндө айтылгандар
(“Кош данек” китебине жазылган баш сөз)
ЖАШ АКЫНГА АК ЖОЛ!
Урматтуу окурмандар! Колуңуздарга үмүт менен алып, үңүлүп окуганы олтурган китебиңиздердин автору- Сабыралы Абдукаримов акыркы жылдары поэзия күйөрмандарына таанымал болуп келеткан жаш акындардын бири. Акын ойго келгенди чиймелей бербеген «сараң» калеминен жаралган ырларынын айрымдары жумурияттык, областтук, райондук жана шаардык басма сөздөргө жарыяланып келе жатат. «Учкун» алманахында да анын жарык көргөн ырларын адабият ышкыбоздору жылуу кабыл алышкан.
Сабыралынын ырларында инсандык таза ыймандуулук, адамдык мэээрим, ички толгонуулар даана байкалып турат. Бул кырдаал окурмандарды кайдыгер калтырбай, акындын китептеги жан дүйнөсү катары турган ар бир ыр сабына карай жетелейт.
Арийне, поэзия дүйнөсү дагы түйшүктүү, ары жооптуу, ары аруу сезимди камтыган ыйык дүйнө болуп эсептелет. Жаш акындын алгачкы ырлар жыйнагы «Кош данек» деген аттын коюлушу да бекеринен эмес. Анын ойлору, мөлтүр сезими китебинде кош даенек сыяктуу өсүп-өнүп чыгып окурмандарга тартууланат. Сабыралы талбай изденип, чаалыкпай аракеттенсе, данектин үрөнүнөн келечекте кыргыз поэзиясынын саябалуу багына дагы бир бай түп чынар кошуларына шек жок.
Китеп ээсинин изденүүнүн жолунан баш көтөрбөй, сапар арытып келеткан кези. Келечекте ал өзүнүн окурмандарын мыкты ырлары менен далай ирет кубантат деген үзүлбөс үлкөн үмүтүбүз бар. Улам соңку жазган ырларынан такшалуусу, өргө карай жогорлоосу байкалат.
Анда эмесе, жаш акынга каалоо айтып коелу-Сабыралынын поэзиясындагы татаал жолдо ар дайым талант, эргүү, инсандык бийик ыймандуулук жылоолой жүрсүн. Ал биздин үмүтүбүздү, ишеничибизди актап, элдин үлкөн акыны болсун!
Ак жол сага, Сабыралы!
Азада БЕГИМКУЛОВА, СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү.
Алимжан МОЛОРБАЕВ, СССР Журналисттер Союзунун мүчөсү, китепченин редактору.

Алгачкы пикир
ИЗДЕНҮҮ ЖОЛУНДА
Мен жаш акын Сабыралы Абдукаримовдун «Кош данек» аттуу алгачкы ыр китебин кечирээк болсо да (анткени ал менин колума жакында гана тийди) окуп чыктым. Бул автор мага мурдатан тааныш. Анткени Жаңы-Жол райондук «Жаңы турмуш» газетасында иштеп жүргөнүмдө Сабыралы биз менен тыгыз байланышта болуп, жазган ырларын редакцияга жөнөтүп, өзү да келип-кетип, кеңешип турчу. Ошентип анын эң алгачкы ырларын газетага мен чыгарган элем. Эми болсо анын биринчи китеби менен таанышып олтурамын.
«Кош данек» китебине бардыгы болуп, 81 ыр кирген экен. Алибетте жаш акын үчүн бул чоң жетишкендик. Ырлары негизинен «Айлуу түндө апам кирет түшүмө» жана «Көңүл кайрыктары» аттуу эки бөлүмдөн турат.
Мен бул китептеги ырларды бир эмес, эки-үч жолу кайталап окуп чыгып, автордун мурдагыга караганда чыгармагылык жактан бир кыйла өсүп, жетилип калгандыгын сезип, ыраазы болдум.
Бир белгилеп кетчү нерсе-Сабыралы ойчул акын болуптур. Анын ар бир ырында терең ой басымдуулук кылат. Ал жалтыраган шыдыр уйкаштыктан качып, ар бир сөзгө сараң карап, басым жасап, турмушта өз көзү менен көрүп, өз башынан өткөргөн окуяларды өзүнө гана таандык акындык ыкма менен элестүү, образдуу сүрөттөө аркылуу поэзия күйөрмандарын өзүнө тартууга жасаган аракети даана сезилип турат.
Автор «Апамдын сөзү» деген ырында мындай дейт:

«Көңүлүмдө ырдай жатталып,
Сөзү калат. Айткан акылы:
-Кайрымдуу бол, балам жалпыга,
Болсоң дагы элдин акыны».
Сабыралы өзүн төрөп, тарбиялап өстүргөн апасы жөнүндө бир нече ырларды жазган. Ооба, ак сүтүн берип алпештеп чоңойткон эне тууралуу ырдабаган акын турмушта болбосо керек. Автордун апасы: «-балам, элдин акыны болсоң да адамдарга кайрымдуу бол»-деген насаатын айтып жатышы бекеринен эмес экен. Ошол кайрымдуулуктун,боорукерликтин, мээримдүүлүктүн жоктугунан азыр биз кандай катаал турмушка кабылып жатабыз. Энеси баласына мына ошону алдын ала эскертип айтып жатпайбы!
Биз жарыкка келип жашап жаткан мезгилдин өзү кубаныч менен кайгыдан, бар менен жоктон турары белгилүү. Айрыкча баарынан кейиштүүсү өлүм эмеспи! Эртедир, кечтир ал ар бир инсандын башына келүүчү нерсе.
Сабыралы апасынан айрылган кайгылуу күнүн, ак ыр формасында айтып келип, «жетим калдым жетиле элек куракта, мен жетим калдым»-деп сезимге каран түн түшкөн учурун эл ичинде айтылып жүргөн жөнөкөй гана карапайым сөз курамдары менен берген.
Алибетте, кабыргасы ката элек кезинде энеден айрылуу оңой эмес. Мына ошол оор көрүнүштү автор сезимталдык менен сүрөттөй алган.
Түш көрдүм түн ичинде бүгүн дагы,
Ойгонсом түн койнунда иттер үрөт.
Апакем сары оорудан көзүн жумган,
Наристе небиресин алып жүрөт.

Автору: Абдукаримов Сабыралы, Кызыл-Кыя шаары

Нравится
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар