Кош келиңиздер!
Сайттын ардактуу коноктору

Сайтка чыгара турган чыгармаларыңыз, сын-пикирлер, сунуш, каалоолоруңуздар болсо жазып турушуңуздарды өтүнөбүз.
Сайтта каттоодон өтпөй туруп да ой-пикирлериңиздерди жаза аласыздар!

Комментарий (26)

  • admin| 02.10.2012

    Көңүл буруңуз!
    Урматтуу мекендештер!

    Сайтка, авторлорго, чыгармаларга кеп-кеңештер, ой-пикирлер, сунуштарды сайттын конок китебинде калтырсаңыздар болот.
    Эгерде чыгармаларыңызды сайтка чыгаруунун жолун билбей жатсаңыздар сайттын конок китебинде жаза бериңиздер тартынбастан, биз алып, сайтка чыгарып турабыз.

    Сайтты уюлдук телефондо да окуп колдонсоңуздар болот. Андроид жана башка уюлдук телефондор үчүн сунуштайбыз «Google Play»ден Firefox браузер көчүрүп алыңыздар.

    • Ырысбай АБДЫРАИМОВ| 16.11.2015

      Уя

      тамсил

      Жаз, жай көлөкөдө жатпай,
      Чымчык.
      Чар тарапка учуп- кайкып,
      Бүлөсүнө чак уя салды.
      Бирден тандап чөп-чар,
      ылай ташып.
      Ошентип, жоктон барды жарата коюп,
      Куш-канаттууга болду, жаманатты.
      Учуп бараткан Торгой
      Токтой калды;
      -Уяңдын оозу карап турат, Чыгышты.
      Ушу да кепе курушпу?
      Келе калып, Алаканат,
      Келекелей ачууланат;
      — Эй акмак!
      Мунуң- эмнеге жарайт?
      Алдыңа, төшө жүн!
      Көзүңдү уялтат Күн.
      Андан көрө
      Уянын оозун Батышка карат!
      Кийин дагы экөө,
      Анан жетөө
      Уядан табышты айып;
      “Даракка туура эмес койгон, сайып!
      Төбөсүн учтуу эмес,
      Жапыс кылыш керек!
      Себеби, үстүндө кар жатыш керек!
      Сырт жагын, боебой,
      жөн койгун, демек.
      Жатканга мамык болот эле,
      Жүндөрүн майдалап тытыш керек!”
      Токсону келип, токсону койду,
      Токсон күнөө!
      Бирок, Чыкең жалгыз куруп атканда
      Ылай алып бермек түгүл,
      Кеңеш айткан эмес, бирөө.
      “Насаатын” уккан ар кимдин Чымчык,
      Баш айлантмага ичинен сызып,
      өзүнөн — өзү сурады;
      “Кура электе кайда эле?
      Кепесиз калсам, булардын,
      Кышында
      күйөрманы бар беле?”

      Азыр ушундай заман!
      Иш бүтпөй,
      куру сөз бийлеп калган.
      Кээде
      бүткөн иштен кынтык тапкан,
      “уста” көп мээни чаккан.
      Башканын башын адаштырып;
      Өзү иш жасабастан
      Өзгөнүкүн көралбаган
      Колүңда жок болсо, бере албаган!

      Сагызган

      Тамсил

      Бирөөлөрдүн тилин угуп,
      “Жашыл өрөөн кылам” деп оолугуп,
      Талкалап алды, токоюн…
      Түгөнгөндө аргасы куруп,
      Турмушун жаңыртмакка канаттуунун
      Теңине албай коңшу-колоңун,
      Жалаң четтен дос издеп,
      Сагызган чебеленет.
      “ Койсоңчу, эй Саке!
      Ала бербей, четтен карыз,
      өзүбүз эле курабыз.
      бизде деле бар каруу-билек, намыс!
      Токойдогу мөмө-жемиш,
      азыкты
      эбин таап, иштетсек,
      толуп-ташаар тамак-ашыбыз
      тураар бүтүн,үйүбүз!”- ,
      деп айтканын улуунун
      тыңшабады, Сагызган.
      Бар билгени, шакка отуруп,
      Сайрай берет.
      Бүлөп ташка тилин,
      кайрай берет.
      “Жыргалга жеткирем, силерди”- деп,
      Убаданы майдай берет…
      Турмушун бузуп көнүмүш,
      Коңшудан качып, көзү түз
      Капыстан чанып, өз тилин.
      Чет элдикин үйрөткөнү,
      Алып келди,
      Африкадан тоту куш!
      Өзгөртүп, канат күүлөөсүн
      Чет тилче, атап үй-бүлөсүн;
      “ Таштайлы, эски адатты,
      Жазында тууш, жадатты.
      Кышында ачып, балапан!
      Кышында гана түлөйсүң!..”
      Буйругун уккан ургаачы
      Баш чайкайт;… “Кантип күйбөйсүң!”

      Сагызгандын жерине
      Келгендин башы адашат.
      Баштаган бир иши жок
      Баары эле сөз талашат.
      Тытышканы тытышып,
      Бири-бирин каматат.
      Чак-челекей, тартип жок
      Анан көктү самашат.
      Тилине өзү түшүнбөй,
      Уясы деле түркүн түс.
      Жүнү деле токсон түр.
      Канаттуу көнбөй мындайга,
      Сайрабай калган, деги түз!
      Байкоостон түшүп, катуу кыш
      Балапан жайрап теп-тегиз…
      Ошондо чыкты акылман;
      “ Тукумда жокту чыгарган-
      Ойнуңа тойдук, Сагызган!
      Карызын доолап, курутаар.
      Кут болсун, бизге эскибиз
      Көнгөн тил, көнгөн журтта ле
      Көнгөндөй жашай беребиз!”

      Жыйынтык айтсак, эми биз
      Бөлөктү туураганча,
      Карыз сурап, жалдыраганча
      Ар кимдин өз үйү болгон жакшы…
      Кулакка тийсе да катуу,
      Ар кимдин өз үнү болгон жакшы
      Ансыз деле көбөйдү, түркүн бакшы…

      Ырысбай АБДЫРАИМОВ, Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Ноокен айылы, Сейдахмат көчөсү, 17
      мобиль 0778 770 143

      • admin| 10.01.2016

        Саламатсызбы Ырысбай Абдыраимов!
        Абдан кубанычтабыз сиз менен кабарлашабыз өзүбүз!Дагы чыдамсыздык менен күтөбүз сиздин чыгармаларыңызды сайтка чыгышын!

  • atyr| 30.11.2015

    кантип ангеменди жонотом

    • admin| 10.01.2016

      Саламатсызбы Атыра (логинге карап туруп эле жаздым, туура эмес атап алган болсом кечирим сурайм)
      Биз м енен байланышуу үчүн төмөнкү шилтемеден өтүңүз ошол жерде бардык байланышуу үчүн жолдору жазылган:
      АДМИН МЕНЕН БАЙЛАНЫШУУ

  • Равидин| 10.01.2016

    Сабыралы Абдукаримов
    52 года, Кызыл-Кыя (Кызыл-Кия), Кыргызстан
    30 авг 2015
    Атасыз алп дүйнөгө келбейт элек,
    Атасыз Ата Журтту билбейт элек.
    Айлана, кооз дүйнө, жарык Күндү,
    Анан да бул өмүргө жетпейт элек.

    АТАМ, МЕН ЖАНА БАЛАМ
    Балам, балалуу болгондо билерсиң.
    Эл сөзү,

    Тагдырдын түгөнбөгөн оюн жиреп.
    Тургандыр бүгүн дагы боп-боз болуп,
    Бүтпөгөн жашоо шаңын алга сүрөп.
    Айылга айда барам, жылда барам,

    Атамды эстегенде ичтен жанам.
    Апамдан айрылганым аз келгенсип,
    Атамдын мээримине тойбой кайтам.

    Атамды ата болуп таптым эле,
    Өкүнүч омуроосун бастым эле.
    Өксүгөн балалыкты толтурам деп,
    Жүрөккө зор бакытты каттым эле.

    Атамдын атын билбей канча жүрдүм,
    Аргасыз «ата» дедим бирөөлөрдү.
    Азыр да арман кылам, арман кылам,
    Атамдан адаштырган тирүүлөрдү.

    Атамдын анык атын өзгөртүшүп,
    «Айтиев» болуп жүрдүм көптөр билет.
    А түгүл Аксылыктар азыр дагы,
    Сабыр дешпей, «Сапей» деп айтып жүрөт.

    О, шумдук бул эмне алсыз күнүң,
    Тирүүлөй атам турса өлтүрүшкөн.
    Жаман-деп айта берип жүрөгүмдү,
    Жаралап, ок аткандай тешкилешкен.

    Балалык сезимимди селейтишип,
    Башыма саман, бөстөк салган тура.
    Баарына ишенипмин аттаганат,
    Бейишим жалгыз гана атам тура.

    Өксүүм өмүрүмдү кемтик кылып,
    Атамды ойлопмун да жетексиз деп.
    Аттиң-ай, арман кылам, арман кылам,
    Атамды издемекмин шондо билсем.

    Тайнемдин күнөөсү бар билем аны,
    Күндөргө айып издеп киринбедим.
    Акыйкат, Алла берген азап жашка,
    Адамдык бийиктиктен өзүм келдим.

    Баланы баккам деген аялдар көп,
    Бак болор тал-теректи жыккандар көп.
    Атадан айрылганы аз келгенсип,
    Ата-журт, тууган элден бөлүнгөн көп.

    Жамачы болбойт жээн, тагаларга,
    Жакшысын бербейт бирөө садагага.
    Жарыктын көлөкөсү болгончокту,
    Жарганатча жоксуңбу караңгыда.

    Сөөктүн ээси болот өлгөндө да,
    Сөөлөттүн көркү болот бөлгөндө да.
    Атыңды алмаштырсаң алмашарсың,
    Атаңдын аты айтылат өлгөндө да.

    Таятаң, тагаң, балким өгөй атаң,
    Табыштап кетсе кетер мурастарын.
    Тамырда аккан канын бере албастыр,
    Кескендей кесип туруп кабыргасын.

    Өзгөлөр өз атаңдай болмок беле,
    Өлчөөсүз өксүү орду толмок беле?
    Кылымдап кечирсең да күндөрүңдү,
    Кыялдан атаң чыгып калмак беле?

    Апаңдын орду башка, атаң башка,
    Тагдырың не жазса да көрөсүң да.
    Апаңдын айткандарын туура көрүп,
    Атаңдын назарынан калып калба.

    Атаңдын берген аты сенин энчиң,
    Ата-журт, бир тууганың бүтпөс кенчиң.
    Апаңдын таманында бейиш болсо,
    Атаңдын маңдай тери сүйлөөр кебиң.

    Эненин эмчек сүттү адал болуп,
    Атанын ак эмгеги арам бекен?
    Аралык алыс болсо болгон чыгар,
    Айрылган жолдо баары жалган бекен?

    Апамдын Айдай жүзүн көрбөсөм да,
    Жүрөктө жанар оттой жанар эле.
    Атамдан алыс өсүп чоңойсом да,
    Ар дайым көңүлүмдө жашаар эле.

    Эсимден чыкпай жашайт дагын деле,
    Атама барган күнүм Майлуу-Сууга.
    Атайын издеп барсам кеткен экен,
    Аркар эт табамын деп чыгып ууга.

    Сары-Бээ, Кайрагачты кайдан билдим,
    «Семерка» дешчү анда ошол жерди.
    Тааныптыр тоо башынан атам көрүп.
    Суу бойлоп, көпүрөдөн өткөн мени.

    Бир караан келе жаткан учуп-күйүп,
    Мен дагы көргөн элем аны тоодон.
    Аталык мээрим көрсө чексиз тура,
    Мен үйгө жете электе тоскон жолдон.

    Балам-деп баса калып өөп-жыттап,
    Көзүнөн бир тамчы жаш учуп кеткен.
    Акыры табарыңды билгемин-деп,
    Түн бою өөп чыккан беттеримден.

    Мен эле сагындым-деп жүрсөм сыздап,
    Атакем андан жаман болуптур да.
    Жалтанбас кайрат-муңу атакемдин,
    Көзүмө оттой болуп көрүндү да.

    Түн бою атам айтып ата-тегин,
    Билип жүр, жети атаңды эсте-деди.
    Жумабай, Бекетайлар берки жакта,
    Дашман бар, Каба, Зулум, Мундуз элиң.

    Апаңды айткан менен кайра кайтпас,
    Ырысбү ырысымдын таңы эле да.
    Сен мага андан калган жалгыз белек,
    Андыктан өмүрүмө керексиң да.

    Тага-журт тарабында өссөң дагы,
    Табыштык ушул өзү бакыт бизге.
    Тайнеңди унутпастан эскере жүр,
    Таарыныч, өкүнүч бул эски нерсе.

    Азыркы апаң ушул аты Зуура,
    Не керек, керек болсо баарын сура.
    Жалгызмын дебей жүргүн уулум эми,
    Аталаш тууганың бар шүгүр буга.

    Жат өстүң жабыркадың билим аны,
    Жаштыгың жалбарактай саргайды да.
    Жаныма кел дегенден пайда болбос,
    Тилектер терек сымал чабылды да.

    Эки элдин элчисисиң эгер билсең,
    Мекениң Ноокен болсо, Аксы туу да- деди да,
    таң эртелеп тура калып,
    Айылды бир заматта салды чууга.

    Атамдын үнү бийик, таза эле,
    Бакырып баарын жыйып алар эле.
    -Балама бүгүн согум кылып берем,
    Баарыңар үйгө өткүлө деген эле.

    Аз жерден айланбады улуу тойго,
    Айылдын эли толуп үйгө, жолго.
    -Ташаңдын көргүлөчү баласын-деп,
    Тааныштырды балага да, улуу-чоңго.

    Атакем бир ажайып ачык эле,
    Айылдан айыл өтүп тааныр эле.
    Айылдын бул башында сүйлөп жатса,
    Акыркы айыл чети угар эле.

    Атакем бир башкача адам эле,
    Ак саргыл ичи-сыртты бирдей эле.
    -Ташандын чайын ичип кеткиле-деп,
    Чакырып чайын куюп берер эле.

    Ким келсе апам төшөк салар эле.
    Мейман дос, берешендик адат эле.
    Тапканын дасторконго төгүп-чачып,
    Атакем айткан сөзүн кылар эле.

    Атамдын жоруктарын жыйнап жүрөм,
    Жомоктоп айтып калчу досторунан.
    Апенди чалыш тура атам байкуш,
    Адашып сүйлөп алчу кокусунан.

    Атакем айкөл эле, асыл эле,
    Арманым аз жашадык жандап бирге.
    Көк кашка тракторун көрүп калдым,
    Жарашып калчу атам өзү минсе.

    Калк ичи карапайым өттү жашап,
    Билдирбей бары-жогун башкаларга.
    Калтырды кадамдарын күндөп-түндөп,
    Карыган карт тарыхтай аскаларга.

    Тоом-деп Тажиканды, Шани эжесин,
    Түрүлүп каттар эле айлап-жылдап.
    Мырзажан, Мамыржанды жакшы көрчү,
    Эркелеп экөөсүнүн чачын сылап.

    Атакем өлбөчүдөй көрүнчү эле,
    Капилет ажал тору илип кетти.
    Аталап барган менен көрө албай,
    Жетимдик бул ирет да мага жетти.

    Жетим-деп жаш кезимде айтса бирөө,
    Жеңилген куштай басып кетер элем.
    Жүрөгүм таштай сынып быркырады,
    Атам жок, эми мында кимге келем?

    Тааныган, тааныбаган тууганым көп,
    Аш-тойго анда-санда барып калсам.
    -Ташандын баласы-деп тааныштырат,
    Тайир ажы бирөөсүн карай салсам.

    Атамды тааныган көп, тааныбаймын
    Айылда атам менен жашабадым.
    Боготко барып калсам бөтөнгө окшоп,
    Көрөмүн көздөр мени караганын.

    Атасыз жетилсем да ата болуп,
    Атамды көргөн күндөн жашык болуп.
    Бөтөн журт, апасында калып кеткен,
    Балдарды эстей берем куса толуп.

    Кылгырып жашым агып көздөрүмдөн,
    Адашып айта турган сөздөрүмдөн.
    Атамдын тагдырына кейиймин да,
    Ыйлаймын, көз жаш төгүп көөдөнүмдөн.

    Ойлосом ой торунда кайгы жүрөт,
    Кагазда балдарымдан калган сүрөт.
    Атамды эстеймин да сыздай берем,
    «Ата»-деп жаткан чыгар кайран жүрөк.

    Балам-деп жанды сабап өбөктөймүн,
    Атаңмын, бирок сага бөлөктөймүн.
    Айлана азгырык сөз, ушак айың,
    Азгырат билем аны бөбөктөрүм.

    Силер да мен өңдөнүп талдай албай,
    Өзүңдү-өзүң гана алдай албай.
    Атасыз өскөнбүз-деп жүрөрсүңөр,
    Ачуу сөз, жалган жалаа ачыкталбай.

    Канча жыл кайгы менен келгем жашап,
    Атамды билчү элем кеткен таштап.
    Аттиң-ай, арам сөздөр болбогондо,
    Атамды тапмак экен, тиштейм бармак.

    Ак сөздү ачык неге айталбадык,
    Айбан-деп адамдарды жамандадык.
    Атадан өткөн асыл жан бар бекен,
    Аттиң-ай, алсыздыктан кайталбадык.

    Не күндөр өтпөдү бул асыл баштан,
    Алоосу жанган экен кайсы жаштан?
    Атамдын айткандарын жомок дейин,
    Сен мени угасыңбы кайра баштан.

    Турмуш деп туталанып күйөбүз да,
    Тагдырдын ала чогун тебелейбиз.
    Бирибиз мыкты болуп чыга келип,
    А бирин гөргө салып тебелейбиз.

    Калыстык, акыйкаттык кайда калды,
    Бир өмүр издеп келген чындык кайда?
    Тагдырдын көрөңгөсүн төгүп ийип,
    Бардыгын чыгардыкпы жамандыкка.

    Адамдын бийиктигин билбей туруп,
    Камырдай ийлебиз эх, билип туруп.
    Атадан артык адам табылбастыр,
    Ай, Күн да боло албайт андан улук.

    Атамды атам дедим, пирим дедим,
    Силерди ойлонгондо ириңдедим.
    Атамдын айткандарын эстеп алып,
    Силерди мендей болбой билсин дедим.

    Бир ирет Төө-Моюнга келген эле,
    Төрүмдө чайдан уртап турган эле.
    -Өмүрдүн аздыгына арман кылам,
    Балдарынды бир чогултсам-деди эле.

    Деген да ойго батып уктап кеткен,
    Уктабай балким муңга чөгүп кеткен.
    Балалык кылдым бекен аттаганат,
    Балышын оңдоп туруп туруп кеткем.

    Негедир ошол жылы токтоо тартып,
    Кабагын ачылбаган сырын катып.
    Атакем небиресин жыттай албай,
    Болгондур куса болуп, ичтен сарык.

    Небире көргүм келет менин дагы,
    Урпакты улар алар демим дагы.
    Буулугуп турам билсең ичтен тынып,
    Тагдырдын көрүнбөгөн бери жагы.

    Атамдын болалбадым маңдайында,
    Суу берип, бал таштабай таңдайына.
    Акыркы сапарына араң жетип,
    Өкүнөм өксүү менен калганыма.

    Атамды өмүр бою арзуу кылган,
    Аз бирок, өз төрүмдөн чайым суңгам.
    Ак бата, тилектерин айтып мага,
    Атакем колун жайып дуба кылган.

    Ойлон уулум, ойлон кызым ардагым,
    Эч ким чанып кете албайт атасын.
    Атасы жок, арсыз өстүм дебегин,
    Аталар да билет кылган катасын.

    Атасыз алп дүйнөгө келбейт элек,
    Атасыз Ата Журтту билбейт элек.
    Айлана, кооз дүйнө, жарык Күндү,
    Анан да бул өмүргө жетпейт элек.

    Атамдын арбагына куран окуп,
    Ар дайым ыраазылык сурай берем.
    Атанын каарына калган инсан,
    Эч качан көтөрбөстүр башын жерден.

    Бейитте бейпил жатсын атам дейм да,
    Беш убак куран окуп дуба кылам.
    Тапсам да орун-очок бул жашоодон,
    Атамды эстегенде күйүп турам.

    Атамды кеч болсо да таптым эле,
    Аз бирок коюнунда жаттым эле.
    Адашкан айсыз түндөр жарык болуп,
    Атамдын нур жүзүнөн кайтты эле.

    Маңдайга жазылбаган өлбөс күндөр,
    Тирүүлүк шарданасы өтөр-кетер.
    Атамдын ак батасын алган элем,
    Силерге жолдоп жатам балким жетер.

    Атам өттү, калды элеси каректе,
    Калды атам өзү тиккен теректе.
    Калды, калды балдарынын канында,
    Карап турат эли-журттун белесте.

    11-октябрь,
    2014-жыл.

  • admin| 10.01.2016

    Сабыралы Абдукаримов
    52 года, Кызыл-Кыя (Кызыл-Кия), Кыргызстан
    30 авг 2015
    БАЛДАРЫМА

    О,балдарым омур деген кечмелик,
    Тагдыр кунду бералбасмын эскерип.
    Капилеттен козум кетсе жумулуп,
    Менденкалган ушул болор эстелик.

    Талдап алгын тагдырымдын жолдорун,
    Кан тамырдай болчу кээ бир ойлорум.
    Бийигине жетемин деп жашадым,
    Билбейм,азыр кайсы белес,тоодомун.

    Силерсинер сепкен даным,буудайым,
    Сезерсинер омур-тагдыр суудайын.
    Мен жетпеген бийиктикти силерге,
    Ыроо кылса экен улук Кудайым.
    12-январь.

    КАГЫЛАЙЫН КУТТАРЫМ

    Жашыл аалам, коктом ороон ыкшалып,
    Боз шыбактар конур жыттын таркатар.
    Менде жургон кыял- муноз сезимди,
    Менден калган урпак эстээр ар катар.

    Бирге чогуу болбогон сон баарыбыз,
    Кимде кандай кыялым бар билбеймин.
    Уулум Улан откур бирок, аттин-ай,
    Угалбадым «ата» создон бологун.

    Кылдай назик болсо экен деп тилеген,
    Кызым Мээрим алакоодон жайдарым.
    Таарынгандан таркаганы тез тура,
    Кызгалдактай, кулуп турган айдарым.

    Жолон менен Айтурганым айдайым,
    Кандай муноз кутту билбейм танбаймын.
    Умуттумдун ой-кыялы башкача,
    Урдой болгон асыл заадам тандайым.

    Акыл калчап айтуу балким эртедир,
    Анделектей Нур-Тилегим кулунум.
    Анда-санда ачык айтып ойлорун,
    Атасынын эрке тайы тунугум.

    Колкуп жаткан коргошундай уюган,
    Коздон башка окшобогон уюлдан.
    Рыспайым кай жагымды алды экен,
    Калыбы жок мунозумду куюлган.

    Кичинекей кенже кызым Зыйнатым,
    Омурдогу озогумсун кымбаттым.
    Очор кезде болгон мага табылга,
    Кудайдан го мага окшош сымбаттын.

    Кандай муноз кутпогуло баары бир,
    Каларым чын канынарда агылаар.
    Кагылайын кулундарым куттарым,
    Каалаганым ачылса экен багынар.

    УУЛУМ УЛАНГА

    Умут менен койдум сенин атынды,
    Удургуган Улан болгун жел жетпес.
    Учкул мезгил сапарында чыйрак бол,
    Тагдыр ташы зор максатка тен келбес.

    Буркут сымал дайым шаншы тоолордо,
    Турпатына турсун кулку жарашып.
    Бийиктиктен калыс кара озунду,
    Суктангандар турсун сени карашып.

    КЫЗЫМ МЭЭРИМГЕ

    Боорго кысып бой жазылта элекмин,
    Желип откон желдей кыял жанымда.
    Сени энсеген сайын журок тыз этет,
    Тынчтык бербес сагыныч бар канымда.

    Кебелбеген кеме ондуу жер шарын,
    Кезип келем кемтик дуйном билинип.
    Карегиме буткон кызым сен болуп,
    Карап турам куш уйкуга илинип.

    Тун ичинде шамал ойнойт эшик чертип,
    Кат жазам бутпойт катым сага деген.
    Телмирем, укта кызым ушул ирет,
    Тан менен балким сага барып келем.

    АЙТУРГАНЫМ АЙДАЙЫМ

    Жаркылдаган жалын журкк кызымсын,
    Жаным бирге, жаралгандан ысыксын.
    Бермет, каухар, алтын дагы тен эмес,
    Периштедей .бир озгочо сылыксын.

    Тегеренип бийлегенде тендешсиз,
    Ак кууларды элестетем колдогу.
    Мээримдуусун, молтурогон булактай,
    Мезгилиндин келгени го коктому.

    Боюн менен оюн дайым биригип,
    Боорукерсин кимден сага отту экен?
    Кудай Таалам аябасын омурду,
    Кучак-кучак бак-таалайды берсе экен.

    Тениримдин берген багы бурдосун,
    Тегиз болуп остун кызым, гулдогун.
    Тагдырындын тамырлары алдыда,
    Турмушундан жаман ыдык корбогун.

    УУЛУМ ЖОЛОНГО

    Сен менин жан-дуйномдон омур алып,
    Жаралдын бул атынды озум бердим.
    Жолонсун, аган Улан, апан Суусар,
    Эстей жур алыстагы эжен Мээрим.

    Ону серт кыялы чорт олум келсе,
    Кетермин таш жыттанган олум менен.
    Тируулук ата-бала инсан дешет,
    Туугандык омур шерик дуйно кенен.

    Жашоодон жаркын омур корсон дагы,
    Жатындаш тууган болбо ал да керек.
    Турмуштун таттуу кези тируулук бул,
    Олумдун асыл башын таш жара элек.

    ЖЫЙЫП АЛГЫН
    Жолонго

    Тагдырдын таш казанын тегеретип,
    Таянар тоом жоктон жетеленип.
    Куйутто калдым уулум кагылайын,
    Жашырып не кыламын экеленип.

    Өмурдун кызыл сызык кыйырында,
    Өзоктун орт кечирген чыйырында.
    Өзумдун киндигимди озум кесип,
    Өлгондун шамын жактым сыйынганда.
    .
    Тагдырдын тандабадым ушул жолун,
    Тайган кезде кармаган муну колум.
    Тартып алар тууган жок жалгыз элем,
    Таалайыма жазылып коргон шорум.

    Таруудай чачылганда жылдыздарым,
    Таш кесе колго тийип жыйнабадым.
    Туугансыз, жалгызмын-деп ыйлабастан,
    Туу кылып чачылганды жыйнап алгын.

    УМУТТУМ

    Умуттайым, кагылайын умуттум,
    Тагдырымдын жарымы тен, тени Кун.
    Таалайма буткон кызым сен болуп,
    Таштак жолдун кобун бастым мен бугун.

    Келчи кызым, келгин жаным ардагым,
    Атанды мин, ат кылып чап талбагын.
    Жаш чагында атан минбей атасын,
    Тайнесинин кармап оскон таягын.

    Этегимди кармап ээрчип ыйласан,
    Откон кундор тушум кетет эсиме.
    Атасы жок, энеси жок балдардан,
    Туяк деле калат тура кезинде.

    Сен Умуттум, сенсин менин асылы,
    Балалыктын таткын балкып жыргалын.
    Ата жыттын атан сезбей оксугон,
    Алгын мээрим тогом бакыт сырларын.

    НУР-ТИЛЕГИМ

    Дуйнонун тупкуруно жеткен жоктур,
    Дайрадан кемеси жок откон жоктур.
    Дайынсыз кетти дебе кагылайын,
    Дармансыз калган кундо чоккон жокмун.

    Ар бир кун, ар саат эсимдесин,
    Башкадан башкачараак сезилесин.
    Бакты тоодон бийик сурабадым,
    Байлыгын ден соолукту тилеп келдим.

    Омурун озоктошсун тилек менен,
    Озунду бийик койгун сезим кенен.
    Адамдын асылдыгы намысында,
    Атанды эстей жургун чегинбестен.

    Баарынан жакшы кором озгочомсун,
    Осуунун жолу терен озгоросун.
    Бакытты, байлыкты да койбо бийик,
    Бутпогон омур жугун которосун.

    РЫСПАЙЫМ

    Тагдырдын талыбаган туйшугу коп,
    Жылуунун ысыгынан суугу коп.
    Самандай саргайбагын садагасы,
    Сен учун жаза турган ырларым коп.

    Бушуркоп булунбогун ойлорундан,
    Бутундук озу чыгат коюнундан.
    Отумуш тагдырында калган из бар,
    Озгорто албайсын да жооругандан.

    Улуулук умутторум сенде баары,
    Узанып кетсен экен садагасы.
    Тамырын таланттардын ширесинде,
    Тамчылап агып жаткан канындагы.

    ЗЫЙНАТКА

    Карыганда тапкан кызым, канаттым
    Айыксын деп журоктогу жараттым.
    Тилеп алдым Тениримден озунду,
    Болсунчу деп жаш откондо Зыйнаттым.

    Жашсын азыр канаттарын ката элек,
    Каалгып учкан кыялдарын кополок.
    Тилин, дилин ыр-бий менен коштолуп,
    Жургон кезин куурчагынды боболоп.

    Бийиктерге жетсен экен каралдым,
    Бир мен учун озгочосун карагым.
    Тилек кылам кылымдардын кыйрында,
    Кыргыз учун бир керекке жарагын.

  • admin| 10.01.2016

    Сабыралы Абдукаримов
    52 года, Кызыл-Кыя (Кызыл-Кия), Кыргызстан
    31 авг 2015
    МЕНИН ДАГЫ АПАМ БАР

    Мени жарык дйнъгъ алып келген апам,
    ЫРЫСБ/ АЙТЫ кызына койгон глдестем.

    Элесттердинэз\сндъ уйпалып,
    Эстейм дайым апакемдин турпатын.
    Эёалгачкы клгънмд кърбъгън,
    Энемжатат топ мрзъдъ кубатым.

    Боздоп жаткан боз адырда буулуккан,
    Апам жатат топ мрзънн биринде.
    Келин албай, небиресин сйбъгън,
    Апам тир\ менин гана дилимде.

    Тоюм болду, той ъткърдм эл менен,
    Топурагын таштап апам келбеди.
    Ага-тууган айтып жрът азыр да,
    Аялзаттын болчу дешип бермети.

    Колум менен кмбъс белги койбогон,
    Къп мрзънн биръъсндъ апам бар,
    Мээрим менен сылабаган чачымды,
    Менин дагы, менин дагы апам бар.

  • admin| 10.01.2016

    Сабыралы Абдукаримов
    52 года, Кызыл-Кыя (Кызыл-Кия), Кыргызстан
    31 авг 2015
    АТАМДЫН ИЛЕБИ

    Ай нурун чачса суйунуп,
    Айланып ага журупмун.
    Ал деле корсо тун менен,
    Алмашат тура тунулдум.

    Кун чыкса ага суйунуп,
    Кулкумду чачып журупмун.
    Кун батып кетип бир кезде,
    Конулсуз жерге тукурдум.

    Кун, Айда болсун тилеймин,
    Жашоо жок мунсуз билемин.
    А бирок, алар атамдай,
    Бералбайт тура илебин.

  • admin| 10.01.2016

    Сабыралы Абдукаримов
    52 года, Кызыл-Кыя (Кызыл-Кия), Кыргызстан
    31 авг 2015
    АТАМ НЕГЕ БУГУН ТУШКО КИРДИ ЭКЕН

    Асман буркок, конулумдо ойлор коп,
    Жамгыр болуп тогулъ албай буулуккан.
    Туйшоломун тун уйкум да болунду,
    Атам неге бугун тушко кирди экен?

    Санам сансыз бириктирген максат жок,
    Башым катып таппай турам айламды.
    Жол табалбай тунгуюкка тушкондо,
    Атам неге бугун тушко кирди экен?

    Жан кыйналып сезим куусу кайрыксыз,
    Калган танда кутконумдо эзилип.
    Жологу жок турган кезде боксоруп,
    Атам неге бугун тушко кирди экен?

  • admin| 10.01.2016

    Сабыралы Абдукаримов
    52 года, Кызыл-Кыя (Кызыл-Кия), Кыргызстан
    31 авг 2015
    КҮТҮҮ

    Куттум, куттум терезеден,
    Караандар көп таанышы жок.
    Калгам жалгыз болмодо мен,
    Калгам жалгыз энеден мен.

    Кимдер сурайт абалымды,
    Кимдер жоктоп издейт эле.
    Калгам, калгам жалгыз болуп,
    Караандардан алыс болуп.

    Жан куйгузор жатындаш жок,
    Жанын берер энелеш да.
    Алыс жакта аталаштар,
    Аттаганат, айыл башка.

    Дос, туугандын жону болок,
    Доор отуп кундор келет.
    Балдарыма калаар менден,
    Бир туугандык улуу Тилек.

  • admin| 10.01.2016

    Сабыралы Абдукаримов
    52 года, Кызыл-Кыя (Кызыл-Кия), Кыргызстан
    31 авг 2015
    АКЫЙКАТ БОЛБОЙ

    Ийилем анык кусалык менен биригип,
    Кубарган жузум кум,чопо болор бозоргон.
    Кайрылгыз кунго жетермин,омур буткондо,
    Бир унум калар боздогон бойдон кош обон.

    Ыр болуп учар ыйманым,сырым,тилегим,
    Ыйлаган журок сооронор сылап мээримди.
    Кайынды корбой бозорор козум боз чалып,
    Мурзомо келген мусаапыр тепсээр белимди.

    Атажурт ыйык,армандуу эмес отконум,
    Абийирге жарап кумуштой болсо кутконум.
    Атажурт койну Аксынын жатсам белинде,
    Акыйкат болбой жалаганга чыгар олгонум.

  • admin| 10.01.2016

    Сабыралы Абдукаримов
    52 года, Кызыл-Кыя (Кызыл-Кия), Кыргызстан
    31 авг 2015
    СЕН ДЕГЕН….

    (Кер какшык)

    Келдинби келин болуп,
    Кекиртек созо бергин.
    Какшанып куну-туну,
    Кайнак суу кошо бергин.
    Кашайып калба бир кун,
    Кайнаткын мээге чайды.
    Уйурго жаны кошкон,
    Уйротот айгыр тайды.

    Эр сорой эрдембесин,
    Эринди кымтыгын да.
    Эшиктен киргенде эле,
    Соз менен чымчыгын да,
    Эреркеп ыйлап киргин,
    Сен деген катынсын да.

    Эн алгач кийим дегин,
    Андан сон ичем дегин.
    Жай болсо жадырыган,
    Кар жеймин тапкын дегин,
    Кыш болсо корпой эле,
    Кызгалдак жыттайм дегин,
    Сен деген катынсын да.

    Колундан келбесе да,
    Кокуй-деп сого бергин.
    Коколой калтырам деп,
    Коркпостон айта бергин.
    Айласы кетип турса,
    Шибеге таап алып,
    Жамбашка сая бергин.
    Сен деген катынсын да…

  • admin| 10.01.2016

    Сабыралы Абдукаримов
    52 года, Кызыл-Кыя (Кызыл-Кия), Кыргызстан
    1 сен 2015
    ЭРКЕКСИН ДА

    Журогун жук которбой ,
    Жулунун сыздаса да.
    Которгун кокурокту,
    Сен деген эркексин да.

    Аялын ачуу тилин,
    Агытып булгаса да.
    Чыдагын чымырканып,
    Сен деген эркексин да.

    Кокодон алып жашоо,
    Канаттан кайрыса да.
    Козундон жаш чыгарба,
    Сен деген эркексин да.

    Куноосуз куноокорсун,
    Баарына баш ийгин да.
    Унчукпа,кутуласын,
    Сен деген эркексин да.

  • admin| 10.01.2016

    Сабыралы Абдукаримов

    КАНТЕЙИН-АЙ

    Сымаптай молтурогон курагым-ай,
    Сырынды не жашырдын чырайын-ай.
    Бактысыз кундорумду билип туруп,
    Баш чайкап бул эмне кылганын-ай?

    Седептей себеленген акылым-ай,
    Сезимди тебелеген тентегим-ай.
    Темселеп баратканым коруп туруп,
    Тек коюп карап турган козундон-ай.

    Баеолук баалабаган балалык-ай,
    Байлыкты беттебеген карыптык-ай.
    Бешенем тийип турса айтып койбой,
    Билмексен болгонунду кантейин-ай.

    Сабыралы Абдукаримов

    ТОЛКУНДАР ТОПОЛОНУ

    Шайлоо шамалы окенга жетип,
    Толкундар да болунушту.
    Тынчы жок «Тайфундар» чыгып,
    Булуттан тушкон жамгырлар
    Бир топко кошула албай
    Туу… тукурушуп ушкурушту.

    Америка, Азиядан келгендер
    Топ-тобун тапты.
    Кун чыгыш, Батыш тарабы озунчо акты.
    Кыскасы окендагы кагылышуу,
    Тамчыларга чейин жетип
    Так талашуу оюну отуп жатты…

    Булак, дарыя буулугушуп,
    «Бизбиз»-дешти башаттынар.
    Он-солдон кошулгандар чыгышты,
    -Бизсиз болмок эмес деп жашашынар.
    Тамчылар тааруудай чачылышты,
    Турмуш тура ойдо-томон агылышты.

    Бирин-бири жээккке суруп,
    Кум, чопого чапкылашты.
    Жамгырдан тушкон тамчыларга,
    Акылдуулары жакындашты.
    Шамал, бороонго Кудай берди,
    Селден келген сууларга
    Талапкерлер тартынбай
    Убадаларын берди.

    Болундук деген менен суулар,
    Жашап жатышты баягыдай эле.
    Чайпалып тоодон аша алышпады,
    Башаттына кайта алышпады.
    Терендик тамыр болуп,
    Телмирип, тамчыдан
    жаралганын тана алышпады.

    Табияттан таанып билели,
    Тагдырдын укмуш тура тиреги.

    Сабыралы Абдукаримов

    СОТКАГА

    Техника тексиз оскон айла жок,
    Тийсен эле жанып кетет откана.
    Жамбашына туруп алып калп айтса,
    Жанын чыгып кетет экен соткага.

    Сабыралы Абдукаримов

    ЧУПАКАБРА

    Чупакабрадай эле канды соруп,
    Аты чыгарда батага кетип же
    Ооруканада ооруп.
    Такыр эле жузун корсотпогон,
    Чупакабра чыкты бизде.
    Ит менен чоонун ортосунан
    Жаралган жаныбар болуп.

    Анын такыр эле бутпой койду оюну,
    Таласка кетип, Баткенде отуп тою.
    Таазия деген такыр тугонбой,
    же Пенсияга кетпей бутундой
    Кыйнап салды элди.
    Сессиядан сессияга отуп арзы,
    Сот аягына чыкпай
    Мыйзам деген «олду».

    Чупакабрынын дымагын кор,
    «Отко салса куйбогон, сууда такыр чокпогон».
    Таянычына таянган сайын,
    Таягынын тамыры коктогон.
    Ошонун кучу го,
    Окмот мыйзамынын
    Чупакабрага отпогон…

    Сабыралы Абдукаримов

    БИЙЛИК ТИЙГЕН ТУЛКУ

    Шайлоонун шамалы журуп,
    Короодогу иттер уруп
    Калган кезде.
    Арстандын
    алдында жургон тулку,
    Бийик чыгарып унду.
    Кадимкидей каар корсотуп,
    Кадрларды алмаштырып журду.

    Кыкты чокуган каргага,
    Тийди вицелик.
    -Ишти билсе, билет-да деп,-бизчелик.
    Тооктор да жон жатпады,
    Токойго кире албаса да
    Туноктон тушушподу тирсейип.

    Бир соз менен,
    Булбул иштен бошоп.
    -Болбойт бул- деп,
    Короочу тайган айдалды.
    Кандек болсо да иттин туру-деп,
    Капшыттын тубуно кандек байланды.

    Кызык иштердин кыяны журуп,
    Болум башчы болду булдок.
    оз ишин так аткара албаса да,
    Арстандын Стол,
    стулун суйроп.
    Журду жыйындарда
    Ооз коптуро суйлоп.

    Тулкунун жары Калтар ункурлуу болду,
    Бачикиси, кун корунгон байманалуу жерге конду.
    Козун кысып култуйгон кадрлары,
    «Бармак басты, къз кысты»
    Колун койду.
    Кыскасы, кыянаттыктын журуп арада
    Боор, майды салып чарага,
    Арстандын козун боешту,
    -Жетесиз-деп шайлоодогу марага.

    Сабыралы Абдукаримов

    Уурутуна бир конгон Кун-Ааламды,
    Уютууга урунбаган адам барбы?
    Колдо турган бакыттын баркын билбей,
    Кур намыска кул болгон кордум жанды.

    Сабыралы Абдукаримов

    Ташка тамга салалбасмын шыгым жок.
    Тагдырына тигем сансыз гулдорду.
    «Ак Жарыгым» аттуу мончокту жаратып,
    Ай ааламга толтурамын болмону.

    Сабыралы Абдукаримов

    Сез берет коз жаштарын армандардан,
    Жашоого зор умуттон дарман калган.
    Канчалык кайыксан да турмуш ушул,
    Тилинип, жанчыласын кайра баштан.

    Сабыралы Абдукаримов

    Чындык деп чыркырайсын чычаладай,
    Чындыкка башты сунчу чычалабай.
    Гордогу олук учун акыйкат бул,
    Тируулук тыйын турбайт жалынгыдай.

  • Равидин| 14.02.2016

    Дарагымдын тамыры сууланышпай,
    Куурап барат сен менен үн алышпай.
    Эриниңдин учу эле тийип койсо,
    Дүркүрөшүп өсүшмөк, суранышпай.

    Тээ асманда көрүнгөн Ай болдуң ээ,
    Эриниңди өбүүгө зар болдум ээ?
    Гүлзарыңа чалынып күүгүм кечте,
    Сени көрбөй башкага жар болдум ээ?

    Көзүң жалын, серт дейсиң иреңиңди,
    Теңей алам дүйнөдө сага кимди?
    Сүрөтүңдү оозума жабыштырып,
    Соруп турдум илабиң, илабиңди…

    Бурулкан Карагулова Кыздар ай» адабий клубу

  • Равидин| 14.02.2016

    Сен да ак-куу колдөгү

    Көлдүн сүзсө ак-куулары талпынып,
    Бир караштан калдым сени жактырып.
    Ак-куу көлдө,сен да ак-куу көлдөгү,
    Кетким келбейт мен жаныңдан бастырып.

    Сени таптым,көл түбүндө берметтей,
    Азыр жүрөм ойжетсе да кол жетпей.
    Ак кушум сен,алтыным сен ардагым,
    Айдай кылып алып жүрсөм түшүрбөй.

    Жылдыз жанса асмандагы жетиген,
    Жаным сага,бачым качан кезигем.
    Коргошундай эрип кете жаздагам,
    Кетээриңде өөп койсоң бетимден.

    Татынамсын,таалаыйм сен табышкан,
    Эки жүрөк бир жүрөктөй кагышкан.
    Намаз окуп,ыйман нуруң төгүлүп,
    Уйүбүздө бакыт шамы жагылса.

    Бирге болуп тилек максат оюбуз,
    Болсо экен ак-никелуу тоюбуз.
    Босогодо тапочкалар көбөйсө-деп,
    Ак батаңы ата-эне берип коюңуз?

    Кудай колдоп ишке ашсын оюбуз.

    Гулайым Мукарамова «»Кыздар ай» адабий клубу»

  • Равидин| 14.02.2016

    Келемин жалгыз,
    Узун жол таштак кочодо.
    Кылкылдап туман,
    Когоргон кок буу тутундой.
    Кечки куз дагы,
    Томсорот корксуз ото эле.
    Конулсуз аалам,
    Жылдызы тушуп бутундой.

    Асмандан булут,
    Акырын жылат сурданып.
    Агарган тандын,
    Корунбойт аппак нурлары.
    Аба да муздак,
    Теребел бозго курчанып.
    Ото алыс турат,
    Жылытпай жанды кун дагы.

    Кошулуп талаа,
    Тынчтыкта турат чар тарап.
    Озондон суулар,
    Азайган жайлап агымы.
    Жашылы тушуп,
    Конулсуз,корксуз бак дарак.
    Булуттар тосуп,
    Корунбойт кундун жарыгы.

    Келемин жалгыз,
    Узун жол таштак кочодо.
    Оронуп туман,
    Чыйрыгам муздап ото эле.
    Келемин жалгыз,
    Дунуйо корксуз,конул суз.
    Тубу жок тумон,
    Тугонбос ойду жетелеп..

    Leylikan Zhumabaeva «»Кыздар ай» адабий клубу»

  • Равидин| 14.02.2016

    Киргиз болуп калабызбы

    Гөр тирилик,башка үйүп санаабызды,
    Үйдон бездик,таштадык калаабызды.
    Кымыз жытын унутуп,кырда жүрбөй,
    Тоону чанып,кыргыз болбой калабы?

    Бөтөн тилде сүйлөп жатса балабызды,
    Бөдөнөнүн үнүн укпай калабызбы?
    Ак сут берген энелер унут калып,
    Эне болбой угуп калдык «мамабызды».

    Чачты боеп,саргайтсакда карабызбы?
    Мээрим жок»каапыр»болуп калабызбы?
    Акыретти ойлонбой ата-энелер,
    Өз балабызды тозоко салабызбы?

    Кеч болбой ойлонолу санаабызды,
    Неге биз…Кыргыз болбой калабызбы?
    Жыргал кун,ушул берген тарбия учун,
    Акыретте көрөбүз биз «мамабызды».

    Кыргыз болбой,киргиз болуп калабызбы?

    Гулайым Мукарамова д «»Кыздар ай» адабий клубу».

  • Равидин| 14.02.2016

    Киргиз болуп калабызбы

    Гөр тирилик,башка үйүп санаабызды,
    Үйдон бездик,таштадык калаабызды.
    Кымыз жытын унутуп,кырда жүрбөй,
    Тоону чанып,кыргыз болбой калабы?

    Бөтөн тилде сүйлөп жатса балабызды,
    Бөдөнөнүн үнүн укпай калабызбы?
    Ак сут берген энелер унут калып,
    Эне болбой угуп калдык «мамабызды».

    Чачты боеп,саргайтсакда карабызбы?
    Мээрим жок»каапыр»болуп калабызбы?
    Акыретти ойлонбой ата-энелер,
    Өз балабызды тозоко салабызбы?

    Кеч болбой ойлонолу санаабызды,
    Неге биз…Кыргыз болбой калабызбы?
    Жыргал кун,ушул берген тарбия учун,
    Акыретте көрөбүз биз «мамабызды».

    Кыргыз болбой,киргиз болуп калабызбы?

    Гулайым Мукарамова «»Кыздар ай» адабий клубу».

  • Ravidin| 23.02.2016

    О, адамзат жакшылык кыл «жалганда»

    О, адамзат жакшылык кыл «жалганда»,
    Жашап өткүн, болбо бирок арманда.
    Намаз оку, азыктандыр дилиңди,
    Мусулманбыз — себеп шүгүр кылганга!

    Мейли кедей, мейли бай бол чиренген,
    Аралап көр, жашоо «аралын» бир келген.
    Туура жолду тандаганга үйрөнгүн,
    Туман жолдор жашообузда ширелген.

    Күндөр болот арманына чыдагыс,
    Сабыр кылсак көп нерсени утаарбыз.
    Адамзатка айткым келди камыгып,
    «Себеп бол»- деп «чын жашоого» куурагыс.

    Ойгон инсан! Дуба айтып, сооп тилеп,
    Өлүм ак да, алып кетээр желкелеп.
    Адамдыктын аруулугун сактайлы,
    Шайтан турса жаман жолго жетелеп.

    Элнура Энсебаева.
    https://www.facebook.com/plastic.platinum/about

    Элнура Энсебаева

  • Ravidin| 23.02.2016

    Валентин бизге никто.

    Сүйүүнүн баркын ким билер,
    Сүйүүгө жанган дил билер.
    Бир күнгө жүрөк байланбайт,
    Билсеңер боло жиндилер.

    Валеттей басып жүргөндөр,
    Валентин күнүн сүйгөндөр.
    Жыртылып калба түбөлүк,
    Жыртылган жынсы кийгендер.

    Ою пастардын жомогу,
    Ойлонуп көрчү оболу.
    Бир тойгон жарма өңдөнгөн,
    Бир күндүк сүйүү болобу.

    Уулусуң кайсы атанын,
    Кызысың кайсы апанын.
    Католик болсоң байкуш деп,
    Кылча да болбойт чатагым.

    Көр болбой түшүн ар жагын,
    Көрсөң да жаман ардагым.
    Бал берип шайтан уулантат,
    Бармагың тиштеп калбагын.

    Алданба напси биздин жоо,
    Алтын баш билип жүрсүн соо.
    Ватсаптан жибер баарына,
    Валентин бизге никто.

    Жеңишбек Жумакадыр.
    https://www.facebook.com/profile.php?id=100007219691253

  • ularbek_asou| 04.03.2016

    Мен киммин?
    Мен киммин? Кайда баратам?
    Ойлобоптурмун бул жонундо карасам.
    Жашоодо ордум кандай? Ролум кандай?
    Кыйналамын бул суроого жооп таппай…

    Абдураззак уулу Уларбек

  • Aizada| 29.05.2016

    Адам болуу…
    Адам болуу — акчаны көп табуу эмес,
    Адам болуу — дачаларда жатуу эмес!
    Адам болуу — чаң бастырып унаа айдап,
    Адам болуу — менменсинип басуу эмес!

    Адам болуу — аста-аста кадам басуу,
    Адам болуу — адеп, ыйман, намысты сактап калуу!
    Адам болуу — Ата-Журтка кызмат кылып,
    Адамдык Улуулукту барктап калуу!!!

  • Мераж Теитбаев| 06.11.2016

    Жапжаны ыр.
    Арман.
    Сагындым ак маралдай элесинди.
    Алтыным эсен аман журосунбу.
    Жан дуйном жабыр тартып ооруп жазган.
    Ырымды окуп балким кулосунбу?!

    Чалынып махабатын тузагына.
    Жашадым уч жыл сенин кучагында.
    Кай жерден адашып сайып алдым.
    Журогумду армандын бычагына.

    Жалгыз гана сени суйом дечуу элен.
    Мен учун болчуу эле койнун кенен.
    Денеме чок баскандай куйуп кетим.
    Созундон башканы суйом деген.

    Кызыл журок болк эткен денемдеги.
    Энсеп таппай коп жолу элендеди.
    Жабркап ооруган жан дуйномо .
    Эбак эле олуп албайт белен деди.

    Журогумду кайгырткан ушул арман.
    Жашоо деген узун жолдон таап алгам.
    Кыпкызыл журокко салып аны.
    Чыкпас кылып оозун бекем жаап салгам.

    28.10.2016
    Автор: Мераж Теитбаев

  • Мераж Теитбаев| 06.11.2016

    Ишиниздерге чон ийгилик каалайм сайтыныздар аябай жакты

  • Оставить ответ

    Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    © 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
    Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

    Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар