Калемдештерге кат

Жаман айтпай жайлаган,
Сөздү, сөзгө байлаган.
Кагылайын кыргызым,
Талантыңдан айланам.

Барктабас адам билээрби?
Акын деген бир элди.
Эргүүм келип күтүүсүз,
Жазгым келди силерди…

Балапан азыр талпынган,
Мүнөзү бүткөн алтындан.
Адилбеков Топчубектей,
Айланам кыргыз калкымдан.

Чарчаба эмгек кылыштан,
Ырларың өткүр кылычтан.
Кутула албай калып жүр,
Башыңа конгон ырыстан…

Тартылып жүлүн кылдарың,
Эскерсең жаштык жылдарың.
Усубалиева Гульнаранын,
Окугун анда ырларын.

Кудайым сизди колдосун,
Жамандык такыр болбосун.
Өр тарта дагы чапкылаң,
Калемдин минип жоргосун…

Талантын күндө таптаган,
Өнөрү өркүн башкадан.
Сайпидинович Сатыкемдин,
Ырлары менен мактанам.

Өсүңүз дагы ар жактуу,
Болуңуз акын ардактуу.
Дүйнөдө баардык тоолордон,
Ырыңыз сиздин салмактуу…

Шыгынын кеткис дартынан,
Акындын түшкөн артынан.
Сатвалдиева Музфирадай,
Жаштарга кызык тартылам.

Кармапсын калем колуңа,
Илипсин түүйшүк жонуңа.
Таланттуу багың ачылып,
Шыдыр түшсүн жолуңа…

Улам күндө чыңалган,
Жүрөк үнүн чыгарган.
Маккамбаев Мирланбек?
Өркүндөп өссүн чыгармаң.

Көңүлдүн отун жагасын,
Көкөлөп гана жанасын.
Жаштар үчүн келечекте,
Көрүнөөр үлгү баласын…

Сулуудан бүткөн гүл өңүң,
Таланттын сепкин үрөнүн.
Сатыбалдиева Аидадан,
Чыгарма далай күтөмүн.

Агартып дүйнө дилиңди,
Өстүргүн кызыл тилиңди.
Сенден чыгат зор нерсе,
Азыртан эле билинди…

Арналган далай ыры бар,
Ар тараптуу кыры бар.
Мырзабдилаев Орозбайдын,
Айтылып бүткүс сыры бар.

Жаныңыз жанган чырактай,
Көрүңүз бизди ынактай.
Сыясы сиздин калемдин,
Шылдырап аккан булактай…

Чогултуп алып баштарды,
Бийге үндөгөн жаштарды.
Сооронбаева Айсалкын эже,
Ыр менен баарын башкарды.

Карыбаң эже жарыктай,
Жазыңыз дагы талыкпай.
Сиздин ырлар бийлесин,
Көлдө ойногон балыктай…

Асманыңыз көк болсун,
Жазганыңыз төп болсун.
Эргешова Айжаркындай,
Эжелер бизде көп болсун.

Даңктаңыз кыргыз элини,
Жаңыртып кыргыз жерини.
Ак баракты көп өпсүн,
Калемиңиздин эрини…

Шамалды күтүп олтурбай,
Шарпылдайт ыры толкундай.
Деңиздей ырды көп жазың,
Акматов агам Толкунбай.

Алыстан салып назарын,
Кызытып акын базарын.
Кошулган үчүн сиздерге,
Кыбырап жатат казалым…

Орду башка жазышы,
Ойдун кенин казышы.
Эсимден кетпейт Алмашова,
Венера жазган *Намысы*.

Алгалаң эже арыштаң,
Коёнду кармаң камыштан.
Олуттуу болгон ыр менен,
Элди кармаң намыстан…

Эч бир жанга окшобой,
Кыялы күчөйт токтобой.
Акын Кыял Тажиеванын,
Бир ою жок токтомой.

Күүлөнүп алып алыска,
Түшүпсүз узак жарышка.
Сөз беремин сиздердин,
Жолду басып барышка…

Баштаган ырдын башатын,
Арада жүргөн жаш акын.
Досум Мырза Саматов?
Сансыз ырың жашасын,

Жаманга такыр жанашпа,
Даңкың жетсин Манаска.
Ак жолуңдан тайбаган,
Алгала досум адашпа…

Чындык жака үндөгөн,
Күлөт ага күлбөгөн.
Чотонова акын Асем,
Куудулдук менен сүйлөгөн.

Ачык болсун асманың,
Көп жашасын жаш жаның.
Кылымдарга айтылып,
Кала берсин жазганың…

Кызыл тилиң сүйлөсүн,
Жазгандарың бүрдөсүн.
Уулкан айым Амираева
Талант багың гүлдөсүн.

Түбөлүккө өчпөгүн,
Өсүп-өнүп көктөгүн.
Өтүнөөрүм өзүңдөн,
Сылык болгун көппөгүн…

Ойлорум батпай ичиме,
Олтуруп алып кичине.
Сыя менен ыр жаздым,
Силердей алтын кишиге.

Ынтымак болсун араңар,
Агарып кетсин караңар.
Чын өмүр каалайт силерге,
Шайырбек деген балаңар.

Кез келип акын калаасы,
Шайырдын тынды санаасы.
Бактылуу доор сүргүлө,
Таланттуу жаштар талаасы…

Автору: Досболов Шайырбек, Баткен району, Кыштут айылы

Нравится

Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар