Кат алып

Тынымы жок улам келет капалык,
Тунуктугум булгап кетет каталык.
Токто өлүм келе көрбө эрте азыр,
Тентек жаман бир акынга кат алып.

Шаан болбой келет экен капалык,
Шак сындырып кетет экен каталык.
Шайтан азыр тапшырганы келбегин,
Шайырбеке кара кагаз кат алып.

Жагымы жок келет экен капалык,
Жалыны жок кетет экен каталык.
Жолу болбой тура турсун жан алгыч,
Жабирейл жашым кыркаар кат алып.

Кезеги жок келет экен капалык,
Кээде өзү кетет экен каталык,
Келбей койсун ажал деген ал катчы,
Керт башыма күнү бүткөн кат алып…

Автору: Досболов Шайырбек, Баткен району, Кыштут айылы

Нравится

Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар