Кээ бир күнү

Кээ бир күндү күлүп тосуп карасам,
Кээ бир күнүм болот чексиз аламан.
Кээ бир күндүн татсам ширин жыргалын,
Кээ бир күнү ый, муң, зарга таланам.

Кээ бир күнү керсейемин талтаңдап,
Кээ бир күнү калам иттей салпаңдап.
Кээ бир күнү чөмүлөмүн түйшүккө,
Кээ бир күнү үйдө жатам чалкалап….

Кээ бир күнүм жакпай калат караңгы,
Кээ бир күнүм сүйрөйт өмүр чанамды.
Кээ бир күнүм күңүрт анан бук болсо,
Кээ бир күнүм жарык кылат ааламды….

Кээ бир күнүм кетет калам өкүнүп,
Кээ бир күнүм койот тосуп өчүрүп.
Кээ бир күнүм тепсеп күнөө жибини,
Кээ бир күнүм сурап тилейм өтүнүп….

Кээ бир күндүн татсам ширин жыргалын,
Кээ бир күндүн көрдүм түйшүк ыйларын.
Кээ бир күндөн өрнөк алсам өзүмө,
Кээ бир күнүм өздөн өзүм кыйналдым….

Кээ бир күнү кимдер менен касташам,
Кээ бир күнү кайра достой чапташам.
Кээ бирөөдөн көңүл сынып турса да,
Тээ күн өтүп көңүл бүтүп катташам…..

Эртең күнүм ачык асман же бүркөө,
Эбегейсиз бакыт турат же күнөө.
Өмүр суудай, кандай ниет кыласың,
Жазып койот пешенеңе ким бирөө….

Автору: Эркебаев Азиретиавыт Нурбекович, Ош облусу, Чоң-Алай району
Чоңалай…

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар