Кетипсиң

Күндүн нурун койнуңа катып кетипсиң,
Күүгүмдүн шамалын сен бекитипсиң.
Түндө толгон сыйкырдуу айды булутка катып,
Жылдыздарды өзүң менен алып кетипсиң.

Жашагым келбейт сенсиз жаным бул өмүрдө,
Жалган жашоо мени сүйрөйт азап күнгө.
Жаш агызып бүгүн дагы сыздаймын,
Жүрөктү эзген элесиңди эстей күлгөн.

Өмүрүмдүн чегин чектеп кетипсиң,
Өлүм менен барабар сенин азабың,
Ошончолук менде өчүң бар беле,
Өксүй өксүй ыйлай берем арман үйө.

Жүрөк мынча кыйналбаган сыноодо,
Жүрдүм элего айтып сага арманымды.
Сезип туруп анча дагы кыйнадың,
Жүрөгүбүз бирге согуп жашачы го.

Автору: Алибекова Назира, Баткен шаары

Нравится

Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар