Кетпечи дей албадың

«Кошкун»-деп, колумду сунуп бүгүн.
Коштоштум өзүңдөн кетүү үчүн.
Ким билсин, эмнеге дей албадың?
Кетпечи, эч болбосо дагы бир түн!
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Кеттим мына, көгүлтүр деңиз кечип.
Койдум окшойт, тагдырды дароо чечип?
» Кетпе»-деп, айталбадың эмне үчүн?
Калабердиң айрылуу уусун ичип!
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Кеттим бүгүн, кайрылбаска кош айтып.
Келбестирмин өзүңө кайра кайтып?
«Кетпе»-деп, нээликтен айталбадың?
Кеттим мына, асманыңдан айдай батып!
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Кийип алып, узун көйнөк көгүлтүр.
Кеттим мына, өзүңдөн бүтүн өмүр!

Автору: Кийикова Расагул Баткен облусу, Кадамжай району, Майдан айылы

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар