Кетпечи запкы тартсам чыдабаймын
_______
Кайгыны бүтүн баарын көтөрөйүн,
Кадырлап өмүр бою бөпөлөйүн.
Сууруп сен алып кетпе бакыт гүлүн,
Суранам кетпе алдыңда чөгөлөйүн.
___________
Көзүмдөн сүйүү жашын тамызайын
Жаздагы жамгыр кылып агызайын.
Сен кетсең мага жашоо кызыгы жок,
Суранам кетпечи сен жалынайын.
__________________
Колуңду ата- энеңден суранайын,
Бербесе тагдырга мен ынанайын.
Чын эле тагдыр бизди алыстатса,
Сүйүүнүн запкысына чыдабаймын.
____________
Чын эле тагдыр бизди алыстатса,
Сүйүүнүн запкысына чыдабаймын.
Автору: Эркебаев Азиретиавыт Нурбекович, Ош облусу, Чоң-Алай району
10.10.2016