Көңүлүм

Эки сөзүң бири мен болуп калдым,
Эрмек кылып эркелеп оолукпагын.
Эки сап ыр жараткан талантың жок,
Эрегишип көңүлүмдү оорутпагын….

Жакын көрүп сыйласам татыбадың,
Жылма күлүп ичиңен сасыбагын.
Жөөрүп сүйлөп кең пейил жүралбасаң,
Жыдыганча жипке өзүң асып алгын…

Тең келүүгө алым жок кыйнабагын,
Тентек десем таарынып ыйлабагын.
Теңтуш болсок мейлиге түшүнөмүн,
Такай жашоо сен мени сыйлабадың…..

Калчылдашып эмне кылам сени менен,
Кычып сүйлө, бир жерим кемибеген..
Кейибестен сөзүңө кулак салбай,
Көңүлүмдү жасаттым темир менен….

Автору: Эркебаев Азиретиавыт Нурбекович, Ош облусу, Чоң-Алай району

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар