Кош данек

Кош данек

Айлуу түндө апам кирет түшүмө

(Ыр түрмөк)

Апамдан айрылган күн

Дүйнөнү чарк айлантып,
Угузушту апамдын өлгөндүгүн,
Жаштыгымдын бүткөндүгүн.

Апамды коюп жатып көрүстөнгө,
Үч ирет ыраазычылык
Алдым элден.

Ошентип жаштыгымды
Кошо коюп денем өлүп,
Айрылдым апакемден.

Жетим калдым,
Жетиле элек
Куракта мен, жетим калдым.

Үйдүн ээси

Жаз башталып,
Апрелдин жыйырма бири.
Тазаланып жердин кири
Калган кезде.
Акылды адаштырган,
Сезимди чаташтырган,
Кабар келди, кабар келди…

Ыйлагын ызалыктан арыласың,
Эненди дагын далай сагынасың.
Акырын…ая эми,
Үйдүн ээси,
Өзүң болуп.
Өзөгүң өскөн сайын,
Балаңа кагыласың.
Сен эми
Үйдүн ээси болуп аталасың.

Кулака сөздөр кирбей,
Көзүмдөн жаштар кулап.
Боз үйдө чалкасынан энем жаткан,
Көшөгөгө киргизишпей элдер курчап.
Ошол күнү өлүмгө энем кетип,
Үй ээси өзүм болуп,
Дүйнөм кемтик…

Апамдын сөзү

Кездешебиз апам экөөбүз,
Кээде кирген элес түшүмдөн.
Акыл айтып кебин бүталбай,
Кетип калат таңда үйүмдөн.

Көңүлүмдө ырдай жатталып,
Сөзү калат айткан акылы.
-Кайрымдуу бол, балам жалпыга,
Болсоң дагы элдин акыны.

Жалгызмын деп жапа чекпегин,
Жаным балам сага айтарым
Көпчүлүктөн үзбө колуңду,
Болбойт го деп мындан кайтарым.

Саламыңды жазба ар убак,
Санаалашың болсо бөлбөй жүр.
Боектун да түрү өзгөрөт,
Боорукерге кылба өктөм сүр.

Билип деле калдың турмуштун,
Катаалдыгын, кандай экенин.
Жалгызсың сен, өскөн дарактын,
Кыйбай жүргүн көрсөң жекесин.

Апам жана балам

Аруу жүз алаканы ысык мээрим,
Апамды ар дайым мен түштө көрөм.
Ак жоолук ай жарыгын түнөк кылып,
Алыстан сагынуудан издеп жүрөм.

Түш көрдүм түн ичинде бүгүн дагы,
Ойгонсом, түн койнунда иттер үрөт.
Апакем сары оорудан көзүн жумган,
Наристе небиресин алып жүрөт.

-Алтыным апакем –деп кыйкырам да,
Артынан кулач жайып жүгүрөмүн.
Кылчайып карап койбой кетип барат,
Ишенбейм апам менден түңүлөрүн.

Ойгонуп өз алдымча ой жүгүртөм,
Айтчу апам:-тиги дүйнө тирүү дүйнө.
Чын эле небиресин таап алып,
Бизди ойлоп жүрөбү дейм келбей үйгө.

Ат коюу

Күчүгүм сырта жатат үрбөй такыр,
Апамдын келеринен үмүт кылып.
Ал дагы мен өңдөнүп жүрсө керек,
Кечинде короо жактан издейт жылып.

Ит бакса апам байкуш,
Ат койчу Тилектеш же Акжолтой деп.
Уялаш күчүк бакса узарсын бул,
Илгертен бизге калган ата-салт деп.

Күчүгүм күтүп жүрөт дагын деле,
Айылдан апам келчү жолду карап.
Азгырык сезим аны бийлейт окшойт,
Боорсок нан жыт келеби мурдун жалайт.

Күчүгүм дагын деле жолду карайт…

Түңкү жылдыздар

Түн. Ачык асман мелтиреген,
Тоолордун кемтиги да кемибеген.
Ой менен жаткан элем шибер жыттап,
Оронуп жарым жапкан төшөк менен.

…Сүт жыттуу колум менен чачты тарап,
Апамдын эстеп кеттим өткөн күнүн.
Тагдырлаш боло көргүн ушуга –деп,
Табыштап жылдыздарга айткан үнүн.

Эс тарттым эрезеге жеттим чыны,
Энемдин көзү өткөн өткөн жылы.
Эсимден элес-элес чыккан экен,
Эстетти элек көздү жүрөк кылы.

Андагы апам айткан түңкү жылдыз,
Кайсы эле? Калдым окшойт адашып мен.
Жер шарын жети кылым издесем да,
Таппасмын, айла канча, жаңылба сен.

Кээ-кезде түндө чыгып ай-талаага,
Караймын кереметтүү жылдыздарды.
Көз кысып, көктөн мээрим төгүшөт-эх,
Көзү өтпөгөн апамдын жылдыздары.

Менин дагы апам бар

Мени жарык дүйнөгө алып келген апам, ЫРЫСБҮ АЙТЫ кызына койгон гүлдестем.

Элестердин эзүүсүндө уйпалып,
Эстейм дайым апакемдин турпатын.
Эң алгачкы күлгөнүмдү көрбөгөн,
Энем жатат топ мүрзөдө кубатым.

Боздоп жаткан боз адырда буулуккан,
Апам жатат топ мүрзөнүн биринде.
Келин албай, небиресин сүйбөгөн,
Апам тирүү менин гана дилимде.

Тоюм болду, той өткөрдүм эл менен,
Топурагын таштап апам келбеди.
Ага-тууган айтып жүрөт азыр да,
Аялзаттын болчу дешип бермети.

Колум менен күмбөс белги койбогон,
Көп мүрзөнүн бирөөсүндө апам бар,
Мээрим менен сылабаган чачымды,
Менин дагы, менин дагы апам бар.

О, жарыктык

О, жарыктык жашоодогу эң ыйык,
Сен керемет дүйнө белең башкача.
Ушунчалык урмат кылып жүрчү элем,
Уу жуткурдуң, торуң жайып баскаңга.

Апакемдин тирүү кези бейиштей,
Экендигин эми сездим кантейин.
Тумар өңдүү түбөлүккө жүрчүдөй,
Тирүүсүндө кадыр ордун билбепмин.

Өткөн күнү тозок отко айланып,
Орду толгус зор кайгыга чөмүлдүм.
Апам менен кошо коюп өткөндү,
«Бейиш» -деген балалыкты көмүштүң.

О, жарыктык жашоодогу эң ыйык,
Сен керемет дүйнө белең башкача.
Өлгөн менен өчпөйт экен тирүү жан,
Жетем сенин, жетпес бийик аскаңа.

Апакем-ай

Жер кезип издеп келем далай элден,
Ишенбей сени каткан топуракка.
А балким катуу уктап калгандыр –деп,
Тыңшаймын мен мүрзөңө кулак баса.

Аяр сылап чачымдан тентек шамал,
Тургузат кайрат айтып ойду бөлбөй.
Арманым, өкүнүчүм бул тагдырда,
Алгачкы жыйнагымды кеттиң көрбөй.

Көгөртсө көңүл кушун ушул данек,
Көөдөндөн бир арманым агар зилдей.
Апаке, арбагыңа таазим кылып,
Арнадым чын дилимден бата тилей.

Кагылып караанымдан жалбарчу элең,
Кеч кайтсам жумушумдан айланчу элең.
Апакем асыл дүйнөм деңиз болчу,
Сен бүгүн кантип көрдө жаттың экен.

Энеме ант

Айланып ак булуттар тоого көчүп,
Азгырат улум-улам көңүлүмдү.
Адашып жалгыз калган ак куу өңдүү,
Калтырдың кимге калган өмүрүңдү?

Жалгыздан калган жалгыз кызың дагы,
Жалгыздык берген ал да уулуң үчүн.
Жазыктуу тагдыр күтүп ал да жүрөт,
Жаздыкка башын коюп ал да бүгүн.

Ый менен ырдап келет, сыздап келет,
Ызаага өз ойлорун туздап келет.
Капастын ачып коюп эшиктерин,
Кайгысын туш тарапка чачып келет.

Айланып ак булуттар тоого көчүп,
Азгырат улум-улам көңүлүмдү.
Адашып калган ак куу болсом дагы,
Ант кылам узартууга өмүрүңдү.

Тоо сырын эгер ачпаса…

Булуттар барат куушкан көктө жел менен,
Кар баскан чоку аскалар менен өбүшкөн.
Эркиме койбой эзгилейт сансыз санаалар,
Жайдагы жааган ак жамгыр болуп төгүлгөн.

Муз өңдүү тонгон кайгылар чыгып көңүлдөн,
Жаздагы күндөй жылуулук келип эриген.
Түрмөктүү булут жазылат улам акырын,
Жайлоонун салкын булагын көрүп секиден.

Тазарып дилим таң менен кошо жарышып,
Табигат берген жашоого барам умтулуп.
Тоо сырын ачып жаныма демөөр болбосо,
Түнөргөн бойдон өтмөкмүн балким тумчугуп.

Тоо жана апам

Апамдын элечегин ороп тоолор,
Бырышын катса керек катмарына.
Айланып ак булуттар эске салат,
Айтканын төшөк чүмкөп жатканымда.

Нөшөрлөп жамгыр өтсө өткүн болуп,
Энемдин көз жашына окшоп кетет.
Жаркылдап нурун чачкан Күн көрүнсө,
Кеё пейил көңүлү шат апам демек.

Тоолордун ой-кырынан издеп дайым,
Энемдин көрүп келем жүзүн сансыз.
Эреркеп жан сырымды ага айтам,
Тоолорсуз жашоо кыйын жаным жалгыз.

* * *

Жалама зоокалардын этегинде,
Жалгыз ой санаалардын жетегинде.
Жабыркап жалгыз келем жолду ээрчип,
Балтыркан мурун жарат кекиргенде.

Караймын айлананы көз чаптыра,
Калды экен эмнелер өзгөрүлүп?
Эски журт ээнсирейт элден калган,
Көө казан дөңдө жатат көмкөрүлүп.

Аты да кызык жердин бутум баскан,
Арча-Баш жашыл жайлоо сырын каткан.
Аттиң-ай кандай сонун күндөр эле,
Аны мен бир башынан эске салсам.

Эски журт ээн жаткан ушул тоолор,
Эрмеги, эңсөөсү эле кемпир-чалдын.
Шум өлүм бөлө чаап өмүр жигин,
Коломто муздак дүйнө өзүң калдың.

Апамдын арманы

Санаа менен эзем ойлор эсебин,
Сурап өттү апам өлүм кезегин.
Эмне мынча шашты экен жарыктык,
Күнөөлүүдөй мен өзүмдү сеземин.

Басса-турса кармап алып жакасын,
-Кудай мени эрте алгын-деп жалбарчу.
Бул турмуштун шойкомунан коркком деп,
Үйгө дайым үлбүрөгөн шам жакчу.

Ак жашадым арманым жок сага деп,
Айта берчү Кудай атын миң айтып.
Кайрымы жок дүйнө түрү өзгөрдү,
Колдо арбак дей берчү эле түн катып.

Боору таштан бүткөн жандар жаралды,
Бирдиктүү эл үй –буюмдай таланды.
Булак көзү бүтүп барат кашайгыр,
Бурулсаң да жаштар айтпайт саламды.

Карыганча кылдык элек ак эмгек,
Кашык менен чогултулган унду жеп.
Кайрымсыздар кайдан келди ким билет,
Кайда барба, калган баары өзүм деп.

Алтыным апа

Алтыным апа агарган таңда тургузгун,
Сабырым жетпей санаада жатат ойлорум.
Тирүүлүк шаңын чоң жолдо балким сезермин,
Калтырайт калам, токтобой жүрөк колдорум.

Бүгүнкү көргөн бүкүлү күндөр бүркүлүл,
Булактын тунук суусундай кездер кездешээр.
Ак булут миңген шамалдай учуп жетейин,
Акыйкат болсо арманда жүрбөй сен дешээр.

Алтыным апа ойготкун таңда ойготкун,
Жалгыздык менен жан бакпайм эми ишенгин.
Кыргызым менин кылымдар бою жашаса,
Кыл чайнап жазып акыны болом элимдин.

Кайгынын баарын чыгарып эми көңүлдөн,
Кубаныч, бакыт, дөөлөт-деп барам конокко.
Колумда турган калем сап апа, ишенсең,
Айланып улам барат курчуп, болотко.

Алтыным апа, ойготкун таңда, ойготкун…

Келет менин

Тагдырыма таш жол түшсө кантейин,
Топурагын кечкен жокмун дебесмин.
Тирүүлүктүн парзын өтөө кыйынын,
Төрөлгөндөн эле сезген экенмин.

Тайгаландым таштан, муздан не жайдан,
Тал кармадым бутак таппай арчадан.
Ата салттан калган намыс – ар ыйык,
Алсырадым кайткан жокмун мен салттан.

Тандай катып, көз тешилип кол жооруп,
Тагдыр салган жолдо келем жап-жалгыз.
Сар-санаага түшкөн күндөр кезикти,
Сыйгалантчу зоолор келип из салгыз.

Тагдырымдан издегеним сөз гүлү,
Жүрөктөрдүн эңсөөсүндө жашаган.
Анан дагы адамдагы назиктик,
Жөнөкөйлүк, акыл – эсти кадаган.

Издеп келем, издей берем, из салам,
Ырдан бүтөр муңаранын улуусун.
Кыргызымдын туусун сайып жүрөккө,
Келет менин акын сынын тургузгум.

Автору: Абдукаримов Сабыралы, Кызыл-Кыя шаары

Нравится
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар