Кудреттүү кыял

Кээде туруп кыялданып, кыялымда оттой жанып.
Оттой жанган кучакты кучагыма кысып алып өпкүм келет.
Өпкүм келет, опкөн бойдон ошондогу көз ирмемдин деми менен
Бул дүйнөдөн өткүм келет.

Керек болсо тирүүлүктүн көйгөйүнө
Өмүрүмдү садагалап чапкым келет.
Кар алдындай калгандай
Арамдыкты жапкым келет.
Жапкым келет, жапкан бойдон жыт чыгарбай
Тарамыштай каткым келет.

Ааламдагы сулуулук өксүп турса
Көкөлөтүп айга алпарып койгум келет.
Өксүттүргөн кара өзгөйдү канталадай
Кашык канын калтырбай соргум келет.
Соргум келет… Жойгум келет…
Жемекөйдү калтырбай тизип алып
Жалдырата жалынтып койгум келет.

20.10. 2012

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар