Кылса болмок өлгүчөктү саламат…

Жалган болсо биздин ушул дүйнөбүз
Бизди неге кудай чындап жаратты
Бир күн түнөөр конок деген үйдөбүз
Үй ээсине коё албаган талапты…

Неге анда биз жашайбыз жүөөлүүдөй
Баш көтөрүп тагдырга болбой бийик
Ал жаратты а биз болсо күнөөлүүдөй
Күн көрөбүз азап тартып башты ийип…

Кыска беле өмүр бизде аманат
Берээр болсо узун кылып бербейби
Кылса болмок өлгүчөктү саламат
Өткөндөр не кайра кайтып келбейби..

Кенен жүрбөйт неге анда чек койдуң
Буттарыбыз түк чечилгис кишендей
Бул атайын кылганыбы деп койдум
Турам азыр көз ирмемге ишенбей…

Дене болгон азыркы биздин мүчөлөр
Басат чуркайт ызылдашат топурап
Көзүң өтсө көз чуңкуруң бүтөлөөр
Чирип бир күн сенден болот топурак..

Өмүр бүтүп бизге аталган күн толсо
Түгөнгөнү кайра баскыс кадамдын
Топурака айланаары чын болсо
Бетин тепсеп жүрөбүз көп адамдын..

Кимдир бирөө кылса эгер күнөөнү
Жазалашат катык берип андайда
Жаралганы ал адамдын күнөөбү
Дал ошентип кудай жазса маңдайга…

Автору: Досболов Шайырбек, Баткен району, Кыштут айылы

Нравится

Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар