Кыргыз эл макал-лакаптары

Сөздүн баркын сөз билген адам түшүнөт

Арам иштин ачуусу, өлүмдүн ачуусунан да жаман

Гүл өссө — жердин көркү,
Кыз өссө үйдүн көркү.

Акыл айткандан баар табасың,
Ушак айткандан уятка каласың.

Билим келечекке жарык чачкан нур.

Тили сууктун дили суук.

Жакшы аял — дөөлөт, жаман аял — мээнет.

Жазганбаган кыздан түңүл, жаздай болгон кыштан түңүл.

Дос изде, душман озу табылат.

Болор жетекчи абалыңды туюп турат, Бороон жетекчи баш бакканда буюктурат.

Туура сөз тумшукка чапса да, Туюктан чыгаар жол табат.

Текенин заар жытына эс-мас болчу эчки бар.

Тулпар айланып үйүрүн табат.

Чапанчанды чапса, көйнөкчөнгө доо кетет.

Дүйнөнү суу каптаса, өрдөккө баары бир.

Бөтөн жердин султаны болгуча, өз элиңдин ултаны бол!

Жакшы дос жардамкеч.

Акылга шерик абайлап иш кылат.

Акылдуу уул сыймык.

Эстүү эбин табат.

Эненин акылы — балага сабак.

Акылдуунун сөзү табылбайт, акылсыздын сөзү ойго да алынбайт.

Билимдүү ак-караны көрө билет, билимсиз колундагыны издеп жүрөт.

Илимге умтулуу — бакытка умтулуу.

Эненин сүйүүсү өмүрдүн азыгы.

Энелүү үй шаңдуу талаа, энесиз үй ээн талаа.

Энени сыйлагандын мээрими мол, энени сыйлабагандын өзү кор.

Бейиш эненин таманында.

Суу тунугу кир кетирет, суу ылайы бул да керек.

Суу — өмүргө азык,
Сууну кор тутпа!
Суу түгөнгүс байлык!

Дарыя булактан башталат,
булак тамчылап куралат.

Автору: Нурланов Айбек

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар