Кыргыз эли

Кыргыз эли АЛА-ТООНУ бойлогон.
Коюнунда аккуу чардак ойногон,
Кылымдардан кылым ашып келатат
Эчен согуш өтсө да жоголбогон

Көк тиреген аска-аска зоосу бар
Көздү алган кереметтүү көлү бар
Абасы таза, суусу муздак тиш какшатаар
Арча жыттуу, кымыздуу жайлоосу бар

Душман келсе Манас атам коргогон
Сырттан келген душмандардан коркпогон
Улуу баатыр жакшылары көп болгон
Ошондуктан тукуму куурап жоголбогон

Элибиз бай салт-санаага үрп адатка
Мамлекет бай сыймыктанып айтаарга,
Кылымдар бою каарыбаган эч качан
Журтубуз бай суусун сомдоп сатаарга

Эчендеген том-том болгон эпостор бар
Саны көп, эсеп жеткис тарыхы бар
Дүйнөнү дүңгүрөтчү ар качан
Чынгызы бар,ал өлбөгөн дайым жашаар…

Автору: Тешебаева Назгүл, Кадамжай району, Каражыгач айылы

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар