Кыргыз тилим

Кыргыз тилим тоодой бийик урагыс,
Эч ким аны атып дагы буза алгыс.
Он сегизмиң ааламдан алды турат,
Башка тилдер такыр оозуп аша алгыс.

Кыргыз тилим тарыхы бар тилдерден,
Кыргыз жоктур тил тарыхын билбеген.
Канча доорду каарытсада кордобой,
Ата — бабам ыйык тутуп сактап келген.

Кыргыз тилим сыймыктанам, мактанам,
Көккө чыгып, ай — ааламга жар салам.
Ээй, адамдар, уккулачы баарыңар,
Эне тилдин ыйыктыгын жер аалам.

Кыргыз тилим — кылымдарды каарыткан,
Кыргыз тилим — бийик турат баарынан.
Керек болсо аянбаймын жанымды,
Кыргыз тилим — артык өздүк жанымдан.

«Кыргыз тил» — деп, согот менин кан-тамырым,
Ушул тилден жаралды жазган ырым.
Жер кыдырып канча тилди билсем да,
Энекемдей артык турат кадырың.

Автору: Исанов Медетбек, Өзгөн району, Доңуз-Тоо айылы.

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар