Кыргызга пикет ооруу тийген жылдан

Чоң Москва аял-эркек бирдей иштейт,
Акча деп алпурушуп бармак тиштейт.
Автомат жасап жаткан нерселерди,
Абалкы чактагыдай кош кол тизбейт.
Акчасын араң алып жарым-жарты,
Аргасыз аркасынан жумуш издейт.

Темир канат балапандар канат кагып,
Кыргызым бүт өлкөгө кетти басып.
Сандаган унаалар да үлгүрө албай,
Учактар ташып жатат көктө шашып.
Мектепти жаңы бүтүп-бүтө электе,
Эп көрдүк сарылардын жүгүн ташып.

Акылга сыйбас жерин бердик казып,
Талаасын такым дебей белес ашып.
Катуулап алга карай баратканда,
Дил эмес темирлер да кетти жашып.
Тизелер тирей албай суй жыгылтты,
Сакчыдан жонго тийген темир казык.

Чарчадык күнүбүз жок бир күн тынган,
Жаштарбыз чарчоо билбей иштеп ылдам.
Арт жактан дагы далай жаштар келет,
Кыргызга пикет ооруу тийген жылдан.
Кыңк этпей кыйналсак да кампабызда,
Нан болду көр тирилик алга жылган.

Автору: Досболов Шайырбек, Баткен району, Кыштут айылы

Нравится

Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар