Мага жар керек

Жанымдан чыкпай турган
Жанымда уктай турган
Жаман сөз ушактарды
Жакшылап укпай турган
Жылытып жүрөктөрдү
Жүрөккө ыктай турган

Камырды ийлей турган
Каарыма тийбей турган
Көө кылып көөдөнүмдү
Көңүлгө чийбей турган
Кашында турганымда
Кысылбай бийлей турган

Ойлонуп сүйлөй турган
Очокту үйлөй турган
Кыямат күндө дагы
Колумдан сүйрөй турган
Өзүмдөн башкасыны
Өлсө да сүйбөй турган

Жанымда баса турган
Жан берип шаша турган
Керт башым менен болуп
Кызыкка бата турган
Таарыныч болсо дагы
Таң болуп ата турган

Жаманды кууп турган
Жакамды жууп турган
Бактылуу ата кылып
Балдарды тууп турган
Жан жака баса берчүү
Жолдорду бууп турган

Керекке жарап турган
Колтуктан таяп турган
Алтыным кейибе деп
Аябай аяп турган
Акыны самаганды
Ал дагы самап турган

Колумдан кармап турган
Күч кубат арнап турган
Сапардан келгичекти
Сагыныч камдап турган
Көрсөткөн урматымды
Кудайдан жалгап турган

Тандырдай күйүп турган
Тамагын үйүп турган
Таарынып кетсек дагы
Түңүлбөй сүйүп турган
Үйүмдүн куту болуп
Үлбүрөп күйүп турган

Алыска бара турган
Аябай бала тууган
Досторум келген кезде
Дасторкон жая турган
Кол жайып бата берсе
Корунбай ала турган

Маанайды туюп турган
Мен үчүн муюп турган
Конокко келгендерге
Колго суу куюп турган
Төрүмдү базар кылбай
Таптаза жыйып турган

Ата деп айта турган
Апа деп айта турган
Ар күнү ата-энемден
Ал сурап кайта турган
Баарына кайыл болуп
Болууга жаны курман
Мага жар керек………

Автору: Досболов Шайырбек, Баткен району, Кыштут айылы

Нравится

Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Комментарий (2)

  • Мели| 08.07.2017

    Ыр жазам кантип китеп кылып чыгарсам болот.

    • Равидин Турсункулов| 16.07.2017

      Саламатсыңбы! Мели жазган чыгармаларыңды чыгарып коё бер сайтка. А китеп чыгаруу боюнча Бишкектен билүү керек. Биз менен байланышуу үчүн +7 961 098 00 99 (только: WhatsApp)

  • Оставить ответ

    Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    © 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
    Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

    Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар