Мамактан тамган махабат

Мамактан тамган махабат

Эне мээрими

(Поэма)

Таш-Көмүр шаарынын чак ортосунан орун алган, Дөң-Кыштак айылынын жогорку жагындагы кыргыз мүрзөсүндө, мени кызыл эт кезимден багып, эрезеге жеткирген таяэнемдин бейити бар. Анда ага коюлган боз үйдө «1911-1990 –жылдар. Айталы кызы Рапканга, туугандарынан» деген сөздөр жазылган.
Бул ыр ошол апамдын жаркын элесине, ат арбагына арналат.

1.

Сага арналган ыр саптарым жөн койбой,
Жылдыз сымал көк асманда жымыңдап.
Саратандуу Таш-Көмүрдүн аптабы,
Чегирткедей сыздайт муңдуу ыр ырдап.

Анда дагы коркком калем кармоодон,
Сага ылайык сөздөр таппай керектүү.
Төө-Моюнда жүрүп сага ыр жаздым,
Чыгабы деп четте жүрсөм элестүү.

Сүрөтүңдү салып жүрөм ар качан,
Өзүң тигип берген эски күрмөгө.
Бул тагдырдын таш жолунда жол кезем,
Ыраа көрбөй элесиңди бирөөгө.

Бөлөк-бөтөн деген адам болбоду,
Сөздөр чыгып ойку-кайкы болгондо.
Керкидандан Улуу Того жөө бастым,
Көкүрөгүм муңдуу ырга толгондо.

Өзүңө арнап ыр жазганда кубанып,
Кетсе сөздөр кетти балким чубалып.
Тай чабышка түшкөн чабдар күлүктөй,
Сөздөр келген алды алдынан буралып.

Темир тордо сенин чымын суналып,
Денең балким жаткан чыгар кубарып.
Тирүүлүктө баккан уулуң-«бактым» деп,
Азыр жүрөт ыр дүйнөсүн суугарып.

Мээрим отуң бир башкача жан элең,
Адамдардын калдың чыккыс көөнүндө.
Акын кылдың түндөп айтып жомокту,
Уулуң эми жазат өзүң жөнүндө.

2.

Оо, ал кезекте бала элем кызыл эт,
Кайдан билдим көлдөгөн көз жашыңды.
Күндө көйнөк кийбесем да жаңылап,
Жонуң жыртып тебеледим башынды.

Кур дүрмөттү мылтык түшпөй жонуңдан,
Кеч киргенде жөнөөр элең ишиңе.
Кара кулпту кеңселерди, жыгачты,
Кайтарып сен келер элең эсимде.

Каткан нандын жеген жокмун күкүмүн,
Тандап кийдим күрмөлөрдүн бүтүнүн.
Атасы жок дебесин деп ушунун,
Азыптырсың аны кийин түшүндүм.

Кесир кылбайм кем болбодум тамактан,
Кечиктирбей жөнөтчү элең сабактан.
«-Аман болсун ушул жаман чүрпөм»-деп,
Сени жалаң жакшы ойлор саматкан.

Чечен салган четки үйдө экөөбүз,
Жашап жүрдүк таалайыбыз чачылып.
Өмүрүңдүн күзү келбей калчудай,
Жүрдүң мен деп жаз гүлүндөй ачылып.

Азыр ойлоп бир аз ичтен кайышам,
Жалгыз өткөн жашоондун күзүнө.
Адам болуп, жигит болгон чакта да,
Чалга тий –деп айтбаптырмын өзүңө.

3.

Эми гана эс тартканда ой жооруп,
Келдим эле багайын деп апамды.
Аэропорттон аэропортко келгенче,
Көк асмандан илештирдим ажалды.

Жетимишке жетериңе аз калган,
Кыйла жаштын көрбөй калдың үзүрүн.
Уулум Улан жаткан экен чыркырап,
Кошо үзүлдү аны көрүп үмүттүм.

Үй алдында кары-жаштар топтолуп,
Көрсө сени жаткан тура жоктошуп.
Эки күндүк ишке барбай койгондо,
Керез угуп калмак экем коштошуп.

Айла канча арман кылам тагдырга,
Ак сурп кийип энем жатат карачы.
Алсыздыгын дагы сездим өмүрдүн,
Жашоо улуу өлүмгө жок арачы.

Туз куйгандай тулку боюм суз болуп,
Түндүк ачтык айыктырбай канаты.
Өлгөн күнүң өксүтсө да көңүлдү,
Биз мүрзөңө тиктик жалгыз балаты.

Сени эстесем ачуу муңум үн катып,
Атаң бар го эне кыл-дейт бөлөктү.
Сенин ордуң толбойт эми мен үчүн,
Ким чыгарды киши өлсө көмөттү?

Көңүлүмдүн мизи мокоп кетилди,
Араң чыдап өткөрүштү жетиңди.
Жалгыз калып жоолугунду жыттасам,
Жыттың гана сылап жатты бетимди.

Түн түшкөндөй ачылбады кабагым,
Жетимсирейт күндө жууган табагың.
Чачың жууп азыр үйгө кирчүдөй,
Күтөт сени күмүш сырга чачпагың.

Небиреңдир жаштыгына буулугам,
Көптү күтүп,-Уланым-деп уулумдан.
Бассаң-турсаң алчу элең ээрчитип,
Кантип апа ажырадын уулуңдан?

-Апам жок-деп, уулум жаңсап туюнтуп,
Көздөн жашын төгүп келет куюлтуп.
Алкымымды бууйт анда сырдуу күч,
Айттырбастан чачты барат суюлтуп.

Апасынан айрылбасын адам зат,
Азап тарттым аны эч ким көрбөсүн.
Айылдашым, тууган-урук, касымдын,
Апасы эмес мышыгы да өлбөсүн.

4.

…Баары турат. Турат бошоп чаначың,
Сынган бойдон айыга элек канатым.
Күндө эрте,-ишке бар-деп ойготкон,
Орду толгус айтылбайт «оф» санаттың.

Чайым кайнап турса дагы бууланган,
Өзүң жоксун маңдайымдан сылаган.
Тоолор турат түбөлүктү коштогон,
Бирин-бири таш тобурак улаган.

Турат токой, торгой талаа көгүчкөн,
Туугандарың тирүү тоого көчүргөн.
Баары турат. Боз дөбө да ордунда,
Апакем жок калган танып өмүрдөн…

5.

Ыйлап жүрөм кара жерге кагылып,
-Кайрып бер-деп апакемди бир күнгө.
Алыс келдим сагынгандан а балким,
-Чырагым-деп келеби деп жат түндө.

Күтүп жүрөм күндөн-түндөп алыстан,
Тиктеп карайм келдиби деп капыстан.
Баягыдай келсең боло урушуп,
-Сага жакпай калдыбы-деп жапыс там.

Көзүң өттү келбейсиң «оф» кайрылып,
Табар бактым кайсыл азыр кайгырып.
Кадырыңдан кагылайын энекем,
Түшүндүм го сенден такыр айрылып.

Кимдер тике сөз кайрыса энеге,
Түбөлүккө катсын кара таш болуп.
Айлап-жылдап ыйлай берсин токтобой,
Абшырдагы агын суудай жаш болуп.

Ботолуу төө ажырап апасынан,
Боз торгой сайрабасын капасынан.
Ишенбейм мен энемдин өлгөнүнө,
Издеймин айылдаштар арасынан.

Көзүмдөн кан аралаш жашым агып,
Жоготтум зор дүйнөнү эч ким тапкыс.
Жашоодо уул үчүн эне артык,
Күн менен Айдай болуп ажырагыс.

Экөөбүз кезигебиз эми кайдан?
Көөдөндөн муң, а көзүмдү келем жаштап.
Кирпиктер антен болуп чагылдырып,
Эфир май элесиңди тирүү сактайт.

Санаанын сары күзү жүрөк толгоп,
Сагыныч уялаган чындык ыйлайт.
Сезилбес энелердин сүйүүсү эх,
Сезимде канча кылым келет кыйнап.

Автору: Абдукаримов Сабыралы, Кызыл-Кыя шаары

Нравится
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Комментарий (1)

  • Ырысбай АБДЫРАИМОВ| 17.11.2015

    Жакшы, таасирдүү, элестүү жазылыптыр

  • Оставить ответ

    Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    © 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
    Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

    Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар