Мен үчүн көңүл кымбат

Мен үчүн акча деле кымбат эмес,
Бир тал ширеңке менен күйүп кетет.
Мен үчүн үйүм деле кымбат эмес,
Жер силкинсе жер менен кирип кетет.

Мен үчүн кызым деле кымбат эмес
Таныбаган бирөөнү эрчип кетет.
Мен үчүн уулум деле кымбат эмес,
Аял алса, аялынын көзүн карап кетет.

Мен үчүн өмүр деле кымбат эмес,
Ажал жетсе асылып алып кетет.
Мен үчүн кызмат деле кымбат эмес,
Жашың жетсе жашырагы алып кетет.

Мен үчүн байлык деле кымбат эмес,
Көзүң өтсө артыңда калып кетет.
Мен үчүн көңүл кымбат баарынан,
Кичинекей жаман сөздөн жабыркап үшүп кетет.

Автору: Адилет Барктабасов, Ыссык-Көл областы, Өрнөк айылы

Нравится

Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар