Менин да барым билинбейт

Уктай албай түнкүсүн,
Таң атканча соо болдум.
Түнгө айланып күндүзүм,
Тарпым чыгып ойлондум.

Чөлгө айланды гүл дүйнөм,
Олтуралбайм тынч алып.
Тарга айланды бул дүйнөм,
Эмне болдум мынчалык.

Ойго толду санаалар,
Караңгылык дилимде.
Сезимде сенсиз талаалар,
Күрмөм да келбей тилимде.

Үнүм да каргыл башкача,
Жалбырак сымал дирилдейт.
Бар жашоом минтип жакпаса,
Менин да барым билинбейт…

Автору: Досболов Шайырбек, Баткен району, Кыштут айылы

Нравится

Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар