Наристеңде не күнөө

Мемиреп уйку соодо жаткан элем,
Уйкунун кызыгына баткан элем.
Беш айлык болгонумда кесип салды,
Өзумду тилебестен тапкан энем.

Тырыштым өжөрлөнүп көгөрүүгө,
Тиледим ак бешикке бөлөнүүгө.
Тамырым кыркып салды туубас энем,
Төрт айлык калганымда төрөлүүгө.

Курсагыңды жеңилдеттиң капа дебей,
Тилим кетти дилим менен ата дебей.
Күнөөлүүдөй жаштыгыңа мастыгыңа,
Уктап келип уктап кеттим апа дебей.

Жытымды бир ирет да жыттабадың,
Мен сенин кучагыңда уктабадым.
Кош апа ыйлаганың бекер кийин,
А мен эчак, жер кучактап уктагамын.

Ушунчалык жаштык менен ойнойсуңбу,
Улгайып бул күнөөңдү ойлойсуңбу.
Күнөөсү жок кесилген наристеңе,
Жок дегенде дуба кылып койбойсуңбу..

Автору: Досболов Шайырбек, Баткен району, Кыштут айылы

Нравится

Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар