Поэзия сүйгөн бир кызга

Оюм ал дейт, эч ким жолтоо болбогон,
Максатым оң, кудай аны колдогон.
Сагындым деп, салам катым жөнөтсөм,
Жообу келбей, өзгөгө кат жолдогон….

Жүрөк ал дейт, мүнөт сайын эстеген,
Жүрөгүмөн элес ээлеп кетпеген.
Жактырамын жагымдуу кеп түгөнбөс,
Аттиң билбейм, кадырыма жетпеген…..

Көңүл калбайт, көрсө дагы билбеген,
Сүйүүм таза, балким анда кирдеген.
Сүрөтүнү карап күндө сырдашсам,
Сүйбөй мени башка бирин издеген….

Мейли мени, салды түйшүк азапка,
Чилде менде, болсун жаз сен тарапта.
Сендик сезим калсын ырым эскерип,
Түбөлүккө тарых болуп баракта.

Окуп калсаң бир күн ушул саптарды,
Сен да мендей муңдуу ырлар жаратпа…..

Автору: Эркебаев Азиретиавыт Нурбекович, Ош облусу, Чоң-Алай району
03.01.2017

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар