Сагындым апа сизди

Ал күндөй тегиз болгон,
Жашоомо негиз болгон,
Мен учун аябаган,
Мээрими деңиз болгон,
Cагындым апакебай,
Сагындым апа сизди!!!

Мен дебей сени деген,
Дүйнөсү мени менен.
Өлүмгө башын сайып
Жүрөгү уулум деген.
Сагындым апакебай
Сагындым апа сизди!!!

Урушуп чындаса да,
Уулум деп сындаса да,
Абалым сурап турган,
Ал ӨЗҮ сыркаса да.
Сагындым апакебай,
Сагындым апа сизди!!!

Эң сүйкүм жамалыңыз,
Эскирбейт карааныңыз.
Сагынып кусаланат,
Сиз сүйгөн адамыңыз.
Сагындым апакебай,
Сагындым апа сизди!!!

Дем берип жанымдасыз,
Дүргүткөн канымдасыз.
Сакталып кала берген,
Сагыныч багымдасыз.
Сагындым апакебай,
Сагындым апа сизди!!!

Автору: Досболов Шайырбек, Баткен району, Кыштут айылы

Нравится

Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар