Сен деп билем

(Маркум Жолдошбек Мамажановдун жаркын элесине арналат)

Таштадың ырларыңа өмүр гүлүн,
Калтырып сүрөтүңө ойлуу жүзүң.
Айыктырбай жүрөктүн сыздаганын,
Алып тынды шум ажал сени бүгүн.

Айтылбай канча сыр кетти,
Ырдалбай канча ыр кетти.
Эркиңе койбой эл менен,
Касы ажал сага шыр жетти.

Эскерет ыр багында элим бүгүн,
Тыңдашып кайрыктарын жүрөгүңдүн.
Булбулу сен алма бакта безеленген,
Сен деп билем ачылганда алма гүлүн.

Айтылбай канча сыр кетти,
Ырдалбай канча ыр кетти.
Эркиңе койбой эл менен,
Касы ажал сага шыр жетти…

Убакыт уурдап кетет бул өмүрдү,
Үй кылып эшиги жок кара көрдү.
Адамзат шагың сынба кечире көр,
Кирдетип койсом эгер көңүлдөрдү.

А бирок ал жашоону токтото албайт,
Токтотуп кала албастай чыгар күндү.
Турмуш бул- оту өчпөгөн зор коломто,
Турмуш бул- кош карегим кирсиз күзгү.

Мен дайым оттуу жана кирсиз ырдан,
Кынаптап бир имаарат курсам деймин.
Көөдөндөн көтөрүлдү ишкер жүрөк,
Жүрөккө кубат берип кирсиз сезим.

Гулайым Мукарамова, на караштуу,

Автору: Гүлайым Мукарамова, Лейлек району, Коргон айылы

Нравится

Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар