Соолубас сүйүүлөрүм

Чак түштө, кечке жакын ак шамдабы?
Таңкы жел ойноп турган ак таңдабы?
Элесиң элден мурун жарк дей түшөт,
Акырын бир көзүмдү ачсам дагы…

Ыйласам көз жашыма чөмүлөсүн,
Жаш менен кошо жерге төгүлөсүн.
Көзүмдү бекем жумуп караңгыга,
Сүңгүп кетип бекинсем да көрүнөсүн…

Ыр экөөңө бирдей ашык, азган жан,
Мен чарчабайм сен экөөңдү казгандан.
Жаңы ырдын каарманы кылсам да,
Кызганамын сени кошуп жазгандан…

Сүйүүм күч айырмам жок мастардан,
Билбейм качан мындай сезим башталган.
Бассам-турсам жетегиңде жүрөмүн,
Жүрөгүмдү сенин эркиң башкарган…

Жаратканым жарыктыкка келтирген,
Сен нурдуусун бир жылдыздан кертилген.
Бул ааламда эч жаралгыс обондуу,
Жүрөгүмдө сүйүү кылсың чертилген…

Сүйөт жүрөк, бир-бирине тартылып,
Күйөт жүрөк, ой санаадан жанчылып.
Мен жашоодон ач жылаңач өтсөм да,
Сенин барың, мага байлык барчылык…

Кереметсин кашы көзүң керилген,
Сулуулуктан баары сага берилген.
Ажарыңды айта албай ыр менен,
Акыл кетип бир акының элирген…

Сен мөлтүрсүн суудан дагы туптунук,
Кеч кирсе да өзгөрбөйсүн кулпуруп.
Турпатыңда уу болсо да миң ирет,
Азабыңды таткым келет умтулуп…

Автору: Досболов Шайырбек, Баткен району, Кыштут айылы

Нравится

Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар