Соолубасын сүйүүлөр…

Бирди сүйүп бирок ага жетпесең,
Бир убакта кайрылганда кеч десең,
Болуп айлар, өтүп жылдар арадан,
Бул жүрөкө жабыр экен эстесең.

Өмүр жандап андан алыс кетпесең,
Өмүрлөштүн жүрөгүн тап эптесең,
Өзөгүңдөн куйкаланып өтөсүң,
Өз тагдырын өзүң гана чечпесең.

Сүйүү жаман көкөлөтүп көптүрөт,
Суй жыгылтат, чөгөлөтүп чөктүрөт,
Сепкил баскан серт көрүмү болсо да,
Сүйүктүүм деп, эркелетип өптүрөт.

Сүйүү деген бир өмүргө сыналуу,
Суук кезден, оттой кезден чыңалуу,
Селдей болуп кыян өтсө өмүрүң,
Сезбей аны эриш аркак кыналуу.

Теңиңди тап, бул өмүрдү пайдалан,
Тегирменден чыккан өңдүү майдалан,
Тебилген бир, ит аякка окшобой,
Тентек жаман бирөө калсын пайдаңан.

Күн асманга чыгып кайра баткыча,
Караңгы да аалам таңын аткыча,
Кайгы тартпай жашооңду сүрүп кал,
Капкараңгы жер кучактап жаткыча.

Бул дүйнөдө, сүйүүң менен күлгөнүң,
Басып кадам, жер үстүндө жүргөнүң,
Булар деген чындык жана ырахат,
Бул жарыктын тирүүлүгүн сүргөнүң.

Анык жыргал ушул жашоо билгенге,
Акылы жок, сен кимсиң деп тилденбе,
Ар мүнөттү пайдаланып шашпагын,
Ашыкпагын жер алдына киргенге.

Кур кетирбей учуруңду кармагын,
Колуктуңа өз сүйүүңдү камдагын,
Келет өлүм эгер келсе утурлап,
Корккондо не керт башыңды арнагын.

Ар бир сенин аткан таңың аруулук,
Ал ан сайын улам күндө каруулук,
Акыл калчап, өмүрүңдө гүлдөп кал,
Арты менен а дүйнөгө баруулук.

Ал кетирбей, бекем болгун болоттой,
Ар жагыңа бош өмүрдү жолотпой,
Ансыз дагы өтүп кеткен өмүрүң,
Алды жактан чыга бербейт жомоктой.

Адам болгун, зыяны жок ар жанга,
Ашыгыңды улам сүйгүн ар таңда,
Ач кылычын өлүм сууруп кынынан,
Ажал турат ар дайыма аркаңда.

Өзүң ойло, кеткен бирөө тирилип,
Келген барбы — үйүрүнө биригип?
Бул өмүрдө, көзүң барда ойноп кал,
Алгычакты кара жер сени шимирип.

Баала чындап көзүң көргөн жарыкты,
Барга, жокко, өзүң койгун аныкты,
Жер бетинен табылбаган бакытың,
Жер алдынан табылаары аныкпы….

Автору: Досболов Шайырбек, Баткен району, Кыштут айылы

Нравится

Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар