Сүйүү отуна күйбөдүк
Кечир мени, кек сактаба садага
Мени көрсөң жаман көрүп караба
Тагдыр экен биз бир боло албадык
Мени сүйсөң кыйнай бербей ая да
Туура айтасың, убагында көп убада берипмин
Тагдырга мен маани бербей келипмин
Таалайыма башка жанды жазыптыр
Бир себеби нике кайып, бир буйрукта түшүн, бил!
Ооба десең, бир канча жыл кыз-жигиттей сүйлөштүк
Оюбузда, кыялдарда үйлөндүк…
Бирок аттиң, бул кыялдар кыял бойдон калыптыр
Турмуш куруп сүйүү отуна күйбөдүк…
Автору: Нурланов Айбек