«Сүйүү баяны» новелласы

Урматтуу окурман! «Сүйүү баяны» новелласы толугу менен сайтка чыкты
— Ээй кыздар, тургула кеттик, эки күндөн бери кеч барабыз, эмне бүгүн жатып алалыбы заказ деп, анда жездеңер тетири карап жатып албайбы, жыйыштыр ары десе шорумду шорподой кайнатып, кокуй үйгө –
адаттагыдай шартылдаган Асия эженин сөзүнө кыз-келиндер күлүп калдык.
— Ии, сиздики эле күтүп, башкалардыкы оозун ачып олтурат дейсизби, мына эки жигит эки сааттан бери сырта күтүп олтурушат,- үшүктө турган Жайнак сырдуу жылмайып.
— Оо-иии кимиңерге келди алар айткыла деймин Назгүл, Айжан, Сабира, Чынара-Асия эженин сөздөрүнө күлгөнгө сыртка жөнөдүк. – Ой, жигиттер иши кылып менин кыздарыма келбедиңерби, анда көрүндүктү унутпагыла?
Бактын түбүндөгү олтургучта олтурушкан эки жигит, Асия эженин сөзүнө, кыз-келиндердин күлкүсүнө аралаш ордуларынан козголушту. – Назгүлдүн көрүндүгү эмне менен бааланат экен? – жигиттердин бирөө жылмайып. Бирөөсү мен сыртынан тааныган Тариэл деген болчу. Кыз-келиндердин күлкүсүнөн алыстап үйгө шаштым. – Эмне бүгүн да кечке калдыңарбы, же тигил жигит менен жүрүп калдыңбы?- үйдүн босогосун аттаарым менен курбу кыздарым Жаңыл менен Зыйнаттын сырдуу жылмайгандарын көрдүм. – Бүгүн жанагы красавчик сени сурап барганынан ишканаңдын адресин бергем. – Көрдүм, бирок унчукпады.
— Колго түшкөн коёнду коё берген оңорбу, Чынара кечеки Тариэл дегенди колдон чыгарба, бүгүн да келем дедиби, жөн эле жылдызы жанат ко анын, азамат десе…Түшкү тамакта кыз-келиндер кечөөкү эки жигитти айтып ой жорушат.
Чынара ишканабыздын эң сулуусу боло турган. Жашы он тогузду. Көлдүн ак кууларынан. Эркектер арзуу кылган чүрөктүн өзү. Аны деп издеп келгендердин аягы суучу эмес. Аялдардын кептери ушундан улам. Бирок ал жигит мени неге сурады түшүнүксүз?…
Бүгүн дем алыш. Кинотеатрдын айланасы элге толо. Фильмдеги кыз менен жигиттин сүйүүсү, айрыкча кыздын бүт жан дүйнөсүн ага арнаганы, бирок жигиттин кокусунан башка бир кызга ашык болуп, биринчи кызы менен мамилени үзүп койгону, канчалык аянычтуу болду. Кыз жалынды, ыйлады бирок жигит кайрылбады.
Кирпиктерим сууланып, аккан жашты араң токтоттум, айланадагылардан уялып коём. – Чоң кыз, ал кино ыйлабагыла.
— Рахмат, түшүндүм-жанымдан чыккан эркектин добушуна карабай туруп жооп узаттым. Андан ары каарман күйүтүн ичип-чегип, окуусун таштагандан баштады. Көптөгөн турмуштук сыноолордон кийин гана өзүнө келип, өзүн дарылаган догдуруна жаш, таланттуу, сүйкүмдүү байдын уулуна турмушка чыкты.
Чырак жанганда жанымдагы жигитти көрүп таң калдым. Баягы жигит, Чынара кайда?-ойлоп калдым. Курбуларымдан бөлүнүп, мурдараак таза абага чыгайын деп баса бергем. Бир убакта Жаңыл менен Зыйнат колдорунда балмуздак, баякы жигит менен мен олтурган скамейканын алдында токтоп калышты.
— Гүлжаз, эгер каршы болбосоң Зыйнат экөөбүздүн ишибиз чыгып калды, сени Тариэл жеткизип коёт. – Жаңыл сөзүн түгөтүп-түгөтпөй Зыйнатты алып баса берди. Жаныма аста келип олтурган Тариэлге курбуларымдын кетип калганына түшүнө бербей турдум. Жигиттин сунушуна макул болуп тамактанып, сейилдеп, сүрөткө түштүк. Анын жанында баратып, жараткан ага өң-түстөн эч нерсени аябай бергенине таң калдым. Кийим башы тың, сөздөрү жайында. Тариэл экөөбүз туулган күндө таанышканбыз. Жакшы сөзгө да келген эмеспиз. Мен кетүүгө шашып тургам. Ошол күндөн мени Жаңылдан сурап турчу экен. Дордойдо эки жерде соода жайы барын, үйлөнө электигин да Жаңылдан уккам. Адресимди сурап барып унчукпаганы, минтип жанымда турганы ойго салат. Жашыбыз да тең экен. Үйгө чейин узатып келген ал экөөбүз жылуу коштоштук.
— Сүйүү күнүңөр кандай өттү эки жаш, сүйүү сапарына чыктыңарбы…же…курбуларымдын күлкүсүнө, тамашасына жылмайып, Тариэлдин суранычы менен уюштурушкандыгын айтып ого бетер таң калтырышты.
Ошондон эртеси иш күнүбүз аяктап кыз-келиндер менен чогуу сыртка чыгып калдык. – Ой-иий күйөө балдар келген турбайбы, Чынаранын көрүндүгү кымбат, азайтамын деп ойлобогун—Асия эженин тамашасы, кыз-келиндердин күлкүсү Тариэлге тиешелүү экенин байкадым. Ал күтүп турган экен. – Өтө кымбат болсо да Гүлжаз айымдын көрүндүгүн айтыңыз эжекелер, мен макулмун, — ал татынакай жылмайуу колундагы гүлү менен мага басып келип жүзүмдөн сүйүп, гүлүн колума карматты. Чынараны өздөрүнчө Тариэлге ыйгарып жүрүшкөн кыз-келиндерге, сустая түшкөн Чынарага уурусу кармалган адамдай болуп, не дээримди билбей турдум.
— Ии-ий көрсө Гүлжаз айымдын азабынан келип жүрөм дечи бул жерге, анда көрүндүк эки эсе кымбат болот,-башын эки жакка кыймылдатып, сөөмөйүн чычайта сүйлөгөн Асия эженин сөздөрү баарыбызды күлдүрдү. Турмуштан ажырап, бир кызым бар экендигим айтып, дос бололу дегениме, ал сүйүүсү менен гана жооп берип айтты. Күн сайын жумуштан жеткирип, татына күлкүсү жылуу мамилеси мени өзүнө арбап алган болчу. Бара-бара аны көрбөй калган күнүм бир нерсени жоготкон адамдай кыйнала берчүмүн. Жумуштан чыгып көбүн эсе үйгө эмес, кино, сейил-бак, кафе-ресторанга барып эс алып келмей адатка айланды. Анын жанында өзүмдү эң бир бактылуу аял заты сезчүмүн. Аны менен өткөргөн ар бир күнүмдү жашоомдун бактылуу барактарына калтырып айттым. Караңгыда чоң арыктан секирем деп, бут кийимим сууда жоголуп, ал мага өзүнүкүн чечип берип, өзү жылаңаяк басканы, таманы бийик бут кийимден тайып, жолдогу ылайка сууга жыгылганымда, кийимдерин мага чечип бергени, тролейбуста жанымда турган жигиттерден кызганып бек кучактап алгандары, бийге тарткан жигиттен тартып алгандары жайдын жадыраган күндөрүн артта калтырып баратты. Анын чакыруусу менен келген тойдо эжелери Анара жана Канышай менен тааныштырды. Тариэлдей сулуу болушпаса да барибир окшошот экен. Бирок ошол тойдон кийин Анара эжеси ажыраганымды бетиме чаап, мен анын теңи эместигимди аны таежесинин кызына болуштуруп койгондугун ушундай жагымсыз сөздөрү менен такыр жүдөтүп жатты.
— Ал кызга өлсөм да үйлөнбөймүн, жашоо меники мен каалагандай болот.
– Тариэлдин көңүл жубаткан сөздөрү да жүрөгүмдү уйгу-туйгу кылат.
Тариэлдин Казакстанга кеткенинен бүгүн бешинчи күн.
Убада боюнча ал бүгүн келүү керек. Иш күнүмдү араң аяктап убадалашкан жерге шаштым. Тариэл менен Анара эжесинин майдайынан кантип чыгып калганымды билбей калдым. – Уятсыз… эжесинин ызыранган сөздөрү чагылгандай тийип өттү.
— Уятсыз деп сени айтат, сени менен үйдө сүйлөшөбүз. Эжесине ачуусу менен бир тийген Тариэл колумдан кармаганча элди жиреп, тамагымда ачуу жашка буулуп, ооруудан кыйналган адамдай араң бараттым. Кафедеги элдин маанайы, жагымдуу музыка, жүрөгүмдөгү сагыныч, кусалык, ызага жардам бербей атты.
— Гүлжаз, жаным мени кечир, баары жакшы болот, билип турам эки анжы болбо, макул десең Россияга кетип балалуу болгондо келели, кызың да биз менен болот!-анын сөздөрүнө тамагымды бууп турган жашты чыгарбаганга тырышам. Оозумду эле ачсам чагылган чартылдап, көз жашым нөшөр болуп, бүт жан дүйнөм ээ-жаа бербей эзилери анык. Унчукпай койсом анын абалы да жакшы эмес. Эшик ачылып официант жигиттин букет гүл, бир колуна чоң ак мамалак оюнчук кучактап айлананы байкап, анан биз тарапка басканын баары байкады көрүнөт.
— Гүлжаз айым, бул сизге Тариэл мырзадан-жылмайып турган официанттын сунган белектерине ордумдан туруп бир колума гүл, бир колума көкүрөгүндө «Сүйөмүн» деген жазуусу бар чоң ак мамык мамалакты кучагыма толтуруп алат экенмин, жылмайып турган Тариэлге карап жоодураган көздөрүмдөн чын ыраазылыгымды билдирип турдум. – Бактылуу болуңуздар-жылмайган официанттын сөздөрү Тариэлдин жүзүмдөн сүйүп койгону, олтургандардын кол чабуулары, мени көпкө толкундантып турду. Ичкенге үйрөнбөгөн жаным, бир аз ичкенден кийин магдырап, Тариэлдин кучагында жепжеңил бийлеп жүрдүм. Кошуна столдогу кыз-жигиттин өтүнүчү менен көтөрүлгөн тосттон кийин буттарыма анчалык ээ боло албай көңүлүм айнып, кыйналып аттым.
— Кетели-алсыз унчуктум. –Ооба жаным, кетебиз. Кучагына толтуруп мамалакты, букет гүлдү көтөргөн официанттын артынан Тариэлдин коштоосунда сыртка бет алдык. Көп кускандан раңым кеберсип кыйналган мени, бир колуна мамалакты кучактап алган Тариэл үйгө келгенде, Зыйнат менен Жаңылдын күлкүсүнөн, кандай абалда калганын сезбедим.
Тариэл экөөбүздүн сүйүүбүз канчалык ысыган сайын, эжесинин, мен жашаган үйдүн алдынан, жолдон тосуп, көңүлүмдү ооруткандары азапка салат. Түшүмдө да анын заардуу көз карашынан чоочуп кетем кээде.
Бүгүн ишемби. Тариэлдин жан досу Мырза, Гүлмира экөөнүн үйлөнүү тойлоруна чакырышкан. Курбум Жаңыл экөөбүз кафенин эшигин ачып кирээрибиз менен шаңдуу музыка, меймандардын оюн-күлкүсү, тойдун көптөн бери улантылып жатканын сездирет. Костюм-шым жарашып, анык күйөө дос болгон Тариэл, татына кийинген бир кыз менен бийлеп жүрүптүр. – Сени ким чакырды бул жерге, көрдүңбү Тариэл жанындагы кызга үйлөнөт, бөлөсү, байдын кызы ошончо нерсени таштап, кайдагы сени башына чапсынбы, жакында тойлору болот уятсыз… Анара эжесинин кайдан пайда болгону этимди үзүп алгандай сөздөрү, узап баратып шылдың аралаш күлкүсү башка чапкандай болуп, не кылаарым билбей нес болуп турдум. – Гүлжаз, өзүңдү колго ал курбум, баарын сүйүү жеңет, жүрү белектерибизди берип келели, күлүп койчу жаным…бол эми… Колумдан сүйрөп алган Жаңыл көпчүлүктүн арасында бийлеп жүрүшкөн эки жаштын алдында токтодук. – Мырза, Гүлмира үйлөнүү тоюңар кут болсун, кармашкан колуңар бек болуп, бири-бириңерди асырап жашагыла! — бийик чыккан музыкадан үндөрүбүз угулуп, угулбай, белектерди тапшырып кетүүгө шашылдым.
Жан дүйнөм уйгу-туйгу болуп, бат эле ушул жерден көчөгө чыксам кутула тургансып эшикке жакын калганда … анын бөлөсү экөөнүн жанаша бейкапар күлүшүп турганы…эптеп көчөгө чыгууга шаштым.

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар