Сүйүүгө мас…

Сүйүүгө мас, чептен ашат ток турган,
Сүйүүгө мас, жоош болот шок турган.
Баш айланат өзүн-өзү түшүнбөйт,
Бир карасаң бар турган да жок турган.

Анык сүйүү арыстанды качырат.
Ай нурундай төгүлүшөт чачырап.
Жообу кыйын табышмак, жар болууда,
Же жетесиң же ыйлайсың ажырап.

Сүйүүгө мас, жүрөгүнү окко урган.
Сүйүүгө мас, жерден үшүү от турган.
Жылына албай жана сезбейт табыны,
Жылаңайлак таманында чок турган.

Сүйүүгө мас, бирде мокоп мосторгон,
Сыздап жүрөк жан дүйнөсү бош болгон.
Ишеничин актоо үчүн каптырбай,
Нан узатып иттер менен дос болгон.

Сүйүүгө мас, акыл-эсин жоготкон,
Сын-сыпаттын кемтигини жолоткон.
Чырай менен кыялында чырмалып,
Чыга албай азап тартуу жомоктон.

Бирде үмүт ташты кабып көшөрүү,
Бирде кайра алды-алдына төшөлүү.
Көтөрө албай жан дүйнөнүн жарымын,
Күчүн сынап бүтүн дүйнө көтөрүү.

Кээде жеген кара наның бал кылат,
Кээде жеген ташыңды да ал кылат.
Сыноосуна чыдоо үчүн кай бирде,
Сый кетирет, айбан кылат,мал кылат.

Кайрат берет, кубат берет калкалайт,
Кайран күндүн зымырыгын балталайт.
Өнөт андан тамыр жайып түбөлүк,
Өнбөй калса өзүн-өзү балталайт.

Сүйүү сыноо,шартка көнүү дегени,
Сындайт,тактайт кимдин-кимге кереги.
Анын күчү, салмагы да баасы да,
Кыз жигитке айырма жок ченеми.

Керек болсо жай айыңды кыш кылат,
Каары анын бороондон да кыштуураак.
Жактыргандын кемчилигин эске албайт,
Керек болсо кыйшыкты да түз кылат.

Сүйүү экен темир жолдун жолундай,
Бир адамдын оң менен сол колундай.
Бир-бирисиз бейиш жери тозок да,
Бирге болсо чар тарабы сонун жай.

Автору: Досболов Шайырбек, Баткен району, Кыштут айылы

Нравится

Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар