Таспи

Москвада жаздын күнү жаш бала, кудум наристе сымал заматта жарк эте жадырап-жайнап алат да анан кайра эле кыйыктана үңкүйө кабагын калың салып, түнөрө түшөт, же болбосо кадыресе бирөө-жарым чымчып өткөндөй көз жашын көл-шал кылып, төкмөйү көндүм адат.
Азыр да ошондой болду. Эми эле жадырап-жайнап, күлүп турган күндүн көзүн каалгый келген кара булут каптап, ааламды астың-үстүң кылып жиберчөөдөй болуп чагылгандар жаркылдап, кудум алиги шоктоно чуркаган мадра башка балмуздагын алдырып жиберген секелекчесине өксүй-өксүй, көз жашын челектеп төктү. Бизде болсо мындайда заматта жамгыр ботала сууга айланып, кочкорчосунан о жар менен бу бетке өзүн бир ура кетенчиктей теңселип, анан жирегенин жиреп, алганын ала, койгонун калтыра сай-жылгаадан сел жүрмөк. Буерде андайы жок. Жамгыр көл-шал турмак челектеп төксө да түшкөнү-түшкөн жайда сиңип жоголот. Кээде огеле көп жаап салса гана жашыл майсаңды суу баскансып, чоң дайранын суусу көтөрүлөт. Ошондо гана дайрага суу киргенин, же бизчесине сел жүрүп дарыяга кошулганын сезесиң.
Мен ашканадагы диванда терезеден сырты карап, табигаттын бу жоругуна таң калып олтургам. Аңгыча эшиктин коңгуроосу шыңгырады. Эшикти ачсам Кастромалык кыз — Асель. Ачыгын айтсам, тагдыр деген кызык нерсе. Чындыгында кең Россиянын Кастрома шаарында ушундай жараткан аны жаратарда чырай-боёк, кебете-кепширин аябаган Аселдей кыз төрөлүп, чоңоёт деп үч уктасам оюма келген эмес. Ал негедир кабагын чытый, эмнегедир бир нерсеге гаштангансыган түрү менен салам айтып кирип келди. Ал ушундай туруш-турпатында чырайына ого бетер чыга түшөт экен.
Асель дароо эле кийимин алмаштыра салып, ашканага кирип келди да колундагы оролгон кагазды үстөлгө коюп, жазып кирди. Бышырылган тооктун эти. Квартирада жумуштан эртерээк келген эки-үчөөбүз анын чакыруусу менен кошо тамактандык. Аселдин ичтеги да ачык эместигин ошондо билдим.
Ашканада экөөбүз калдык, калгандары аркы бөлмөгө чыгып кеткен болчу. Мен квартирада эң улуусу болгондуктанбы, айтор жаштарга билген насаатымды айтып, алардын ар бири менен эч нерсени жашырбай ачык сүйлөшчүмүн. Кээде сөз арасында иштер жөнүндөгү кеп ары калып, жеке турмуштарындагы сүйүү -азгырыктарынан бери айткан учурлары болот.
Унчукпай өз оюу менен өзү алек болуп олтурган Аселге күтпөгөн жеринен «Сенин эмнегедир бүгүн көңүлүң гаштай туюлат?» деп собол салдым. Ал нымдаша калган балбылдаган чоң-чоң көздөрү менен мага таң калыштуу карады да, оор үшкүрө, менин суроома жоопту: «Айтыңызчы, кыз бой тарткандан кийин апасы аны турмушка чыгарып, башынан ашырса, өз парзынан кутулуп, жеңилдеп калабы, же бу менин гана апам үчүн тийиштүү көрүнүшпү?»- деп, кайра менин өзүмө суроо берүү менен баштады.
Ойлобогон жерден өзүмө берилген суроодон улам кептин төркүнүн түшүнүп, өзүмдүн дареметиме жараша төмөнкүдөй жооп бердим:
-Ар бир ата-эне өз перизенттеринин бактылуу болуштарын каалашат, а түгүл алардын жакшы жашоолору үчүн шарт түзүп берүүгө өтө ынтызар болушат. Эркек болсо эр жетип, кыз болсо бой тарткандан кийин, аларды үйлөп-жайлоо биздин кыргыздарда ата -эне үчүн ары парз, ары карз. Ал эми бул көрүнүш силердин Россияда кандай, аны мен жеткилең билбей туруп, жооп бере албаймын.
Ансыз да бук тартып турган кыздын жарасын тырмагандай болдумбу, же өзү жарылып сүйлөп, бугун чыгарайын дедиби, айтор, ал өзү тууралуу, болгон ал-дартын айтып кирди:
-Атам нукура кыргыз эмес. Апам болсо наарындык кыргыз кызы. Экөө Бишкекте табышып, балким Сиз билсеңиз керек, Ярославлдагы «Кыргызстан» совхозун, жалаң кыргыздар жашашат, ошол жердин алдындагы Кастрома шаарына келип туруп, катталып, жашап калышкан. Ал жерде, эгер удулу келсе бирге алып барып көрсөтөрмүн, аялдама да кыргыздын калпагы болуп, символикалуу салынган. Биз ошол жерде төрөлүп, ошол жерде өстүк. Мектепти да ошол шаардан бүтүрдүк. Мектепте окуп жүргөндө да » Каралар» деп жээришкендиктен, тез-тез балдар менен мушташып, бул жактан жадаган учурубуз көп болду. Сиңдим ушундайдан жадагандыктан акыркы класстарда мектепке барбай эле койгон. Эки кыз , бир уулбуз.<!—nextpage—> Сиңдим тез эле турмушка чыкты, бирок, кыргызга эмес. Иним болсо жакында аскерден келди, азыр ушул шаарда иштеп жатат. Бирок, алар менчилеп кыргыз тилин билишпейт. Жалаң орус тилинде сүйлөшөт. Ата-энебиздин өз ара ыркы келбей ажырашып кетишкен. Биз апамдын колунда калганбыз. Атам Бишкекте жашайт, башка аял менен. Апам дагы ушул шаарда заводдо иштейт. Мына эми аны көрбөйсүзбү, бүгүн дагы бир кыргыз жигитин чакырып келиптир. Себеби, менин өз кыргыз жеримди жанымдан артык көрөрүмдү, кыргызга турмушка чыгууну самаганымды жакшы билет. Мен ошол себептүү Москвага келип иштеп жүргөн кыргыз кыз-келиндери менен бир квартирада туруп, иштеп жүрүп, акыры кыргызчаны алардан кем сүйлөбөй турган болдум. Буюрса Кыргызстанга, кыргыз жигитине турмушка чыгып, өз элим, өз жериме кетсем деген тилектемин. Тилекке каршы, менин ойлогондой кыргыз жигиттери болбой жатат, жо-ок болуп эле жатат, бирок, кыял-жооруктары негедир жакпайт. Апамдын эрчитип келген үчүнчү кыргыз жигити менен таанышсам таанышып, ошого турмушка чыксамбы десем, анын көз карашы таптакыр мага жакпады.
Үчөөбүз ресторанда олтурдук. Биртке олтурган соң, апам бирдемени шылтоолоп, мени аны менен калтырып кетти. Эмнесин айтайын, азыркы учурда ичпеген адам жокко эсе. Деген менен ичкендин да жөнү бар. Олтурган жерибизге, тамактан алдың арак келди. Эми заказ берилген тамакты күтпөстөн аракты үстөккө-босток ичип, мас болуп калса болобу. Жөн эле мас болсо бир жөн. Мага ойду-тоонун баарын алып бермек болуп, анан биротоло кызыганда чаң-тополоң салып, милиционерге түшсө болобу. Айлам кетип, сен жакшы, сенден дагы ал жакшы менен милициядан алып чыгып жөнөтүп, келип олтургандагы кербезим ушул. Эми таанышпай туруп ушундай иш көрсөткөн жигит, кийин мага күн көрсөтөр бекен? Ошондуктан өз апам болсо да, ага жиним келип, бүт арманымды көзүмдөн чыгарып олтурганым. Азыр менин түшүнүгүмдө апам мени эптеп эле эрге берип, кутулса болду окшойт деген ойдо олтурамын. Ал эми өзүм жолуктурган жигиттер болсо, жүрүш-туруштарынан, сүйлөгөн сөздөрүнөн улам, кудум мага Россиянын гражданини болуш үчүн гана үйлөнмөкчү болуп жаткандай туюлат. Ким билет эми, менин дагы өз теңим тургандыр. Кудай буюрса, апам эрге берүүгө шашылбай эле турса, турмушка чыга турган күн да алыс эместир деп ойлоймун.
Чын жери кыргыз жерин өтө сагындым. Жаштыгымда бир барганмын. Эми андагы кыргыздын меймандостугун ушул кезге чейин айтып түгөтө албайм. Ала-Тоонун айкөл төрүндө таза абадан кере-кере дем алып, ээн-эркин жүргөнгө эмне жетсин. Өзүм Россияда төрөлүп, өсүп, ушул жакта жашаганым менен кыргыз жери эмнегедир жүрөгүмө ушунчалык жакын. Буюрса, мен сөзсүз бүгүнбү, же эртеби, айтор, акыры Кыргызстанга барып жашаймын. Бул менин туу туткан тилегим. Акыр жаштын тилегин кудай да берет дейт го. Бирок, азырынча эртерээк болуп турат.Себеби, биз дагы эми эле адам болуп, бой көтөрдүк. Кичине болсо да иштеп, эң оболу бутубузга туруп алганыбыз жакшы…
Балким Сиз ойлоорсуз, эмне, атасы буларды коюн-колтукка албайбы деп. Ооба, атам менен телефон аркылуу байланышып эле жүрөмүн. Бирок, ага барып, алар менен чогуу жашаганга болбойт, себеби, анын кийинки аялы бар. А мен үчүн өз апам туруп, өзгөнү апа дештин өзү тозок. Кыскасы менин турмуш-тагдырым азырынча ушундай нукта баратат байке. Апама ызырынганым үчүн жаман көрбөңүз, ага эртең эле ресторандан жумуштан чыгып барып, бүгүнкү болгон окуяны баштан-аяк тъкпъй-чачпай айтып түшүндүрөмүн. Апамдын жоорук-жоосуну кээде ушундай болгон менен өтө айкөл адам, ал баарын түшүнүт.
Сыягы Асель ичиндеги бүт бугун мага айтып жаткан аңгемесинен чыгардыбы, билбейм, ордунан туруп: «Менин эмнегедир боорсок жегим келди, мен боорсок жасайын, бирге чогуу жейбиз э, байке, баса Сиз намаз окуйт турбайсызбы, бу менин дагы келечектеги ниетим, менде көптөн бери сары майдай сактап жүргөн таспим бар, ошону Сизге белек кылып берейин»-деп, катып жүргөн тасписин мага белекке тартуулап, анан унду алып, камыр жууруп кирди…
Анын ушунчалык баары жогунан төп келген, ары сулуу, ары элпек да, тетик да кыймылдаган, тагдыр тартуулаган турмушка эбак бышып бүткөн кыз экендигине таң калып, ичимен «Сен эртеби — кечпи, сөзсүз бактылуу болосуң» деп, анын бактылуу болушуна ак тилегимден арзуу айтып, Россия жергесинде мындай кыздардан дагы канчасы жүрөт деген кыязда бүдөмүк ойго жетеленип, өзүм да туулган жерди сагынганымдан ичим эңшээрилип, ар бир кыймылына саресеп салып, тунжураган ойдо олтурдум.
Арадан көп өтпөй Кыргызстанга карай сапар алдым. Мени узаткан кыргыздын кыз-жигиттеринин арасында Асель да мага ак жол каалап кала берди. Самолёт көккө көтөрүлгөндө Москвадагы кыргыздын кыз-жигиттерин эстеп, ичим бир «тыз» деп алды. Азыр таспини кармаган сайын алардын элестери көз алдыма тартылат да турат.

Автору: Ташмахамат Орозов, Кадамжай району, Кызыл-Булак айылы
15-июнь, 2007-жыл.

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар