Турмуш сыры

Ойду келди, өйдө ылдый күн көрүп,
Өмүр, жашоо, жаңы ачып күндөлүк.
Өтүп жатат тегиздиктен кыйшайып,
Бирде кабак ачык анан бүркөлүп…

Көрүп далай турмуш ыссык муздагын,
Татып жатам таттуусун да туздарын.
Белек менен сыйлуу келген өмүрдө,
Дагы узаак тайгаланбай чуркайын…..

Ойлонбосом жолум тарыйт күн өтүп,
Куурап барам жашарайын бүрдөтүп.
Кайгы-капа суктанышсын сагынып,
Эртең күндү жашайын бир гүлдөтүп.

Сынып, бүтүп турмуш сырын чечейин,
Күйбөй чыдап алоо отту кечейин.
Адамсың деп жаратыптыр пендесин,
Бул дүйнөдөн адам болуп кетейин…

Автору: Эркебаев Азиретиавыт Нурбекович, Ош облусу, Чоң-Алай району

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар