Уулканга улама…

Суу болуп,кыян болуп акпай турам,
Суз болгон өзүмө-өзүм жакпай турам.
Сагындырган өзүңүздү эстегенде,
Самай берип ичиме батпай турам.

Булак болуп шылдырап акпай турам,
Боз тумарды моюнга такпай турам.
Бото көзүм өзүңүздү эстегенде,
Бар дүйнөгө жалгызым батпай турам.

Дайра болуп ташкындап акпай турам,
Дербиш болгон өзүмдү таппай турам.
Дегдеттирген өзүңүздү эстегенде,
Дарак болуп кусалык шактайт улам.

Өзөн болуп күүлдөп акпай турам,
Өлөөр жандай өзүмө жакпай турам.
Өзүңүздү эстесем өзүңүздү,
Өрт каптаган сезимге батпай турам.

Көчкү болуп шуулдап акпай турам,
Көчүп түшөөр шылтоону таппай турам.
Көңүл түшкөн өзүңүздү эстегенде,
Кең ааламга таптакыр батпай турам.

Көзгө толгон жаш болуп акпай турам,
Көл-шал болуу аргасын таппай турам.
Көздөн учкан өзүңүздү эстегенде,
Көз жетпеген чексиздикке батпай турам.

Автору: Досболов Шайырбек, Баткен району, Кыштут айылы

Нравится

Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар