Ыр жаратуу

Ырлар чыгат, жүрөгүмдөн суурулуп,
Жан дүйнөмдөн, сөз тизмеги чуурулуп,
Кээ бир сырлар, катылышып, чыга албай,
Кала берет, жеткире албай, буулугуп,

Ырлар чыгат, турмушумдан, алынып,
Ойуп турган, көмүскөлөр, жарылып,
Айтылбаган, олуттуу ой-маселе,
Жашырынат, парда артына жамынып,

Ырлар чыгат, жашоолорду далилдеп,
Чын төгүнүн, айгинелеп, азилдеп,
Ыр жазган да, кошо ооруп толкундайт,
Ар бир сөздүн, маанилерин изилдеп…

Динара Сагынбаева, Бишкек шаары

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар