Ыйлабаймын

Ылгабаймын, ырыскымды төксө деп,
Ырдабаймын талантымды бөксө деп,
Кыйналганда, жеңүү үчүн талпынып,
Ыйлабаймын кудай мени көрсө деп,

Жыргабаймын, жылдыз мага түшсүн деп,
Жыйнабаймын, байлыкты да түртсүн деп,
Ар адамдык, турмуш жолдор, ар түрдүү,
Чырдабаймын, тагдырымды түптө деп,

Чыңаламын, турмуш берген сабактан,
Чыйраламын, туздуу келген, жазактан,
Пейил менен мамилемди өзгөртүп,
Чыга аламын, башка салган саздактан…

Динара Сагынбаева, Бишкек шаары

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар