Жаңылмачтар

Капар кар күрөдү
Кар күрөп жатып
Карс сынды күрөгү
Капар кар күрөгөндө
Карс сынса күрөгү
Карап турган Кайырбек
Карсалаңдап күлөбү?

***
Чоң атабыз картайды
Бүткөн бою каркайды
Кыжыры келсе кайкаңдап
Айтар сөзү «Кай-кайбы?»
Кай-кайласа кайкаңдап
«Кокуй ай» деп чарчайбы?

***

Капкак, капкак, капкактар
Капкактарга капкак бар
Капкак, капкак, капкакты
Көрбөгөндөн катмак бар
Капкак, капкак, капкакты
Көп кардарга сатмак бар

Автору: Нурланов Айбек

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар