Жашоо турмуш

Эх, турмуш мынча мени кыйнадың,
Ойлогонум акылыма сыйбадың
Жакшы көрүп башкасынан акчаны
Жаман көздөр билем аны кыйбашың

Турмуш мени сен тирүүлөй сойгондойсуң
Оордум алып башка бирөө койгондойсуң
Жашоодо ойлогонуң баары болсо
Бактылуу кылып баарын коёттойсуң

Турмуш сенден ширин жашоо күтө берем
Кайгырып өткөн күнгө түтөй берем
Алоолонуп турмушум тутаналбай
Өзүмдү өзүм жемелеп жүрө берем

Сүйүүсүз жашап кетүү кыйын экен
Сүйүүсүз жашоо кимге кызык экен
Нике менен турмуш таттуу болот деп
Ким айтсада ойлоп эле айткан белем?

Кээде туруп деңиз болуп чалкысам дейм
Толкунуна өзүмдү өзүм жашырсам дейм
Кээде туруп алоолонгон от болуп
Анда күйгөн отун болуп жагылсам дейм

Кээде туруп таш болуп катысам дейм
Эч бир жан аны жарып көрө албаган
Турмуштун ачуу-заар күндөрүн
Ошол ташка чегип жазып калтырсам дейм

Автору: Тешебаева Назгүл, Кадамжай району, Каражыгач айылы

Нравится

Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар