Желедеги көз жаш

ЖЕЛЕДЕГИ КӨЗ ЖАШ
Повесть
Аңгемелер

Ош -2012

УДК
ББК

Рецензиялаган: Филология илимдеринин кандидаты, доцент Курсан Пахыров.
Жазуучу-акын Сабыралы Абдукаримовдун бул чыгармасы үй-бүлө, сүйүү, жашоодогу карама-каршылыктар менен бирге улуулук, ыйман өңдөнгөн бир топ көйгөйлүү маселелерди камтууга белсеңген. Китеп жалпы окурмандарга арналган.

ЖЕЛЕДЕГИ КӨЗ ЖАШ

Коюу түндүн кучагы жымжырт. Июнь айынын толуп турган түнкү шоокуму. Көктөгү жымыңдаган жылдыздар болбосо, шаар оор уйкуда. Түнкү жарыктар да тунжураган ойдо тургансып мелтирейт. Бул түн табияттын бейпил түнү болсо болгондур бирок, кайталангыс экендигине шек жок эле. Мына ушул бейпил түндү аралап, кууш жолдо жалгыз караан келет. Жүзү караңгылыкта анчалык таанылбаган менен, кымча бел, үстүнө кийген халаттынан узун бойлуу экени билинип турду. Шамалга жазылган чачтары теңселип, шайдоот басканы анын жаш экенинен кабар берет. Түн ортосундагы тентек шамал ичиркентип, тиги келе жаткан караандын халаттын улам өйдө кылып, балтыр санын көктөгү айга көргөзүп ачып ойнойт. Караан көзүнөн аккан жашын улам эки колу менен аарчып келе жатканына караганда түн бою ыйлап чыккандай. Уйпаланып таралбаган чачтары көзгө комсоо көрүнүп, кандайдыр бир жамандыктан жанчылгандай сезилет.
Шаарды тең экиге бөлүп өткөн Нарын дарыясынын үнү добулбас каккандай угулуп, түнкү теребелде жүрөк үшүн алат. Караан Нарын жээгин бойлогон котур асканын башына барып, муздак желге ичиркенгендей отура калып, эч кимге айталбаган сырын ушул тилсиз сууга айтып, үңүлдөп, улуп-уңшуп, бетине баскан эки колун жүзүнөн албай, өпкөсү көөп, толуп-ташканча ыйлаганы көрүнүп турду. Күрпүлдөгөн Нарын дарыясы күүсүн жоготконсуп, тигинин үнү эми гана даана чыгып, эли-журтту, тууган-уругу менен коштошкону угулуп жатты…
-Кечир апа, кечир мени… Мен муну атайлап жасаган жокмун. Сенин, атамдын жүзүн жер караткым келген жок. Эжем да тынч жашасын. Баардыгыңар, кечиргиле мени…
Акыркы сөз бүткүл жан дүйнөсүн жарып чыгып, дүйнөгө, жашоого тойбогон кусалыктын, арманындай өкүнүчтү чыкты.
-Апа!
Кыз катуу коркуп кетти. Белине имерилген колдор анын ичеги боорун кууштуруп баратты.
-Бул эмне кылганың? Үн өктөм да, сүрдүү да чыкты.
Тиги эсине келе, артындагы күшүлдөп турган демди жазбай тааныды.
-Кое бер! Катуу жулкунду.
-Кое бербейм. Бул үн каардуулуктун да, коркунучтун да коштоосунда болчу. Экөө көпкө турушту. Бири энтигип, экинчиси эмелеки эле оюнан жанбай, акыркы коштошуусу менен, күрпүлдөп агып жаткан Нарынга боюн уруп, туңгуюктагы караңгылык дүйнөнү самап турду. Кыз канчалык жандалбас урган менен, аны карыштыра кармап турган колдор кое берген жок.
Экөөнүн ортосундагы таймаш түбөлүктүүлүктүн таймашы болгон менен таңга жеткен жок. Алар таңкы соккон сыдырым жел менен кайра келген жолуна түшүп кетип баратышты…
-Зыяш, болуптур, сени эч ким көрбөгөн жакка алып кетем. Үстүңдө үйүң, өзүңдүн оокатың болот.
-Ошенткенде эле эл билбейт калат дейсизби? Келечегим, эртеңки күнүм, сизге бир тыйын да. Эри жок кимден төрөп алдым дейм. Сизди айтайынбы?
Бир кезде эркек ордунан акырын туруп, -болуптур, бүгүн эжең келсин, сени эртең Таш-Көмүргө алып кетем. Азырынча квартирада тура турасың. Кийин өзүңө ылайыктуу үй алып берем. Бирок, экөөбүздүн ортобуздагы сөздү эжең билбесин, а баланы болсо ошол жакта төрөйсөң. Өзүбүздүн адамдар бар ошолорго дайындайм. Эжеңе болсо, мен Таш-Көмүргө которулуп жатам деп айтасың.. Калган сөздү кийин сүйлөшөбүз. Бетиңди жууп ал, көзүң шишип калыптыр. Эжеңе ооруп жатам де. Мен ишке кеттим. Сен ишке барбай эле кой. Эркек салмактуу оор таштай ордунан козголгондо,-Жезде…-деп андан аркы сөзүн улай албай, Зыяш дагы бир жолу өксүп алды.
-Койчу эми, мен тирүүмүн го. Менин көзүм тирүү турганда сени таштабайм, асылым менин.
Ныяз, шадылуу колдору менен тигинин ээгинен өйдө көтөрүп, өзүнө каратканда, Зыяштын эки колу жездесинин мойнуна ороло калып:-Ныяз жезде…-деп барып, айтар сөзүн айталбай, ичине тартып алды. Ныяз Зыяштын маңдайынан өөп, аны эркелеткен үн менен, -болдучу эми-деп, акырын колун түшүрүп сыртка чыкты.
-Эми эмне болот, кандай кылсам экен? Эл-журт укса кайсыл абийир, кайсыл адамдык касиетим калат? Баарынан да Салтанат билсечи? Билчү болсо дүйнөмдү аңтар-төңкөр кылары анык. Кандай кылайын? Зыяшты чын жүрөгүмдөн жакшы көргөнүмдү айтсам актануучулук болбойбу? Кеңкелес башым Салтанаттан мурун, эмнеге аны көрбөдүм экен? А эгер Зыяш менен чыгып кетсемчи? Анда балдар эмне болот, тууган-урук, эл эмне дейт? Ныяздын башына келген сансыз түбү жок чексиз ойлор, кыялдар, жүрөгүн эзип, ишине кандай жеткенин билбей калды. Креслого күчөнө олтуруп, ой түбүнө жетпеген санаалар менен өзүнө да, тагдырына да, жашоосуна да нааразы болуп ызага батты.
Бул учурда Зыяштын заманасы куурулуп, күндө өзү жатчу диванда өмүрдүн өксүгүндөй болгон бир тутам кайгы менен ак шейшепти жамынып, бар күчүн ыйга чыгарып соолуктап ыйлоодо эле…
-Эжеме эмне дейм? Ушул үйдөн чыгып кетсем балким, чын эле бардыгы унутулар. Азап-тозоктон кутулармын. Түркүн ойдун түбүнө жетпей, Зыяштын көздөрү жумулуп төгүлгөн төшөктө уйку-соо арасында жатты.“…Көк жашыл майсаң, Зыяш ак гүлдөрдү кучагына толтуруп алып, эми гана там-туң баскан наристени карай жүгүрүп келет. Наристе Зыяшка, Зыяш наристеге жетпей, экөө тең бири-бирине чуркап келе жатышты. Наристе улам туруп, улам бир нерселерди балдырай сүйлөп, жан дүйнөнүн кытыгысын келтирет. Мына эми гана балага жетерде тарсылдаган мылтыктын үнү чыгып, экөө тең селейип калышты…” Зыяш уйку түштөн араң ойгонду. Эшик кагылып жаткан экен. Өпкөсү көөп, тили кургап, оозуна батпай турду. Ордунан тургандан кийин, чачын оңдогон болуп сыртка илкий басып эшик ачты. Эшик алдында Ныяздын бирге окуган курбусу турду.
-Келиңиз, кириң, кире берең.
-Ныяз үйдөбү?
-Жок, жумушка кеткен эле.
-А мейли анда, ишканасына эле барайын, жакшы калыңыз. Келген адам тез эле бурулуп, келген жолуна түштү. Өңү тааныш бул адамдын атын эстей алган жок. Өзүнчө бүшүркөп койду. Эшикти бекитип, диванга кайра келди. Азыр эле көргөн түшүн эстөөгө аракет кылып кыйлага ойлонду. Бет маңдайында турган сааттын жебесин карап, анын төрттөн өтүп калганын көрүп, ичинен:” –Эжемдин келерине да жакын калыптыр”-деп оор үшкүрүнүп койду. Ордунан турганга аракет кылган Зыяштын көзү караңгылап, алынын куруп баратканын туюп-туйбай, көңүлү айный түштү. Кечетен берки ич оорусун көңүлүнө албаса да, ушул ирет оор онтоп алды. Оору кайра кайталанды. Бул ирет ич ооруусу өзгөчө экендигинен кабар бергендей, эки-үч ирет окшуп алды. Жандалбаска түшүп, чыпылдаган кара тер бүт денесин басып кеткендиктен карайлап турду.
Капилеттен келген кошунанын жардамы менен Зыяш ооруканага жеткирилди. Андан аркысы анан эсинде жок эле, анда-санда гана көз алдында тартылган ак халатчандардын кыймылын эстебесе, айрымдарын такыр эле эсине сактай албай калган. Мезгил агымында түн таңга алмашып, күн нуру анын керебетинде тамылжып турганын сезген да жок.
* * *
Түшкү тыныгууга чейин эле Таш-Көмүргө кеткен Ныяз дагы эле келе элек. Анын ала чакмак ойлору бир ордунда турбай, өз ойлору өзүнө каршы чыгып, үйдөн-үй, квартирадан квартира издеп жүрдү. Кудайдын жакшылыгын кара, квартира эмес, сатыла турган эки бөлмөлүү үй табылды. Баасы да арзан экен. Баасын келишип, “бар-барекке” кылышып, Ныяз ичинен кымылдап кайра үйүнө кайтты. Кара-Көлдүн көз уялткан түнкү шам чырагы, өзгөчө көзгө кооз көрүнүп, ажайып бир сулуулукту көз алдыңа тартат. Сырттан келген Ныяз аялын бир ирет карап алып, эмнегедир жүрөгү “солк”дей түштү. “Баарын билип алдыбы?” –деген ой мээсин чагылгандай жарып өттү. Үй ичи суз, анан калса кандайдыр бир кооптонуу бар экенин Ныяз айттырбай эле туйду.
-Эмне болду?
Салтанат бир аз кабатырлангандай үн менен:
-Зыяш ооруканага кетиптир. Өзүм да кеч келип калып, бара албадым-деди. Ныяз бир аз жеңилдей түштү. Азыр эле мээсин тепчип өткөн ойлорду унутуп калгансып,
-Жүр барып келели. Акыбалын сурап келбесек болбойт го-деди кабагын чытып.
Салтанат менен Ныяз ооруканага келгенде, андагылар Зыяштын сокур ичегиден операция болгонун айтышты. Үстүнө кирип көрө алышпай кайра сырттан кайтышты. Таңдын атышы Ныяз үчүн кыйынга турду. Түн бою өткөн окуяларды көз алдына келтирип, андан азап чеккенинен чыдабай ары ойлонуп, бери ойлонуп уйкусу да канбай ордунан козголду. Салтанат менен дагы жарытылуу сүйлөшө албады. Ишинин зарыл экендигин айтып, бети-колун жууп эле жөнөп кетти ишине. Салтанат Зыяш жөнүндө жаман ой деле ойлогон жок. Тек гана ооруп калганына өкүнүп үйдө калды.
-Ушунча жүрүп, неге оорудум-деп айтпады экен? Болгон ою ушул болду.
Ныяз ишине барган жок. Ал түз эле ооруканага келди. Ичи туз куйгандай ачышып, Зыяш деген сезим менен бүткүл дитинде жашап анын аман-эсен айыгып чыгышын кудайдан тилеп жатты. Анын жүрөгүндө өзүнө сезилбеген кубаныч да, кайгы да, өкүнүч да бар эле. Ал оорукананын эшигин ачып кирген кезде, ак халатчандардын ары-бери чуркап жүрүшкөндөрүн көрүп, жүрөгү “зырп” дей түштү. Зыяш аман-эсен болсо экен-деген ой, мээсин жарып өтүп, үчүнчү кабатка кантип көтөрүлгөнүн өзү да байкаган жок. Алгачкы кездешкен медсестрага:
-Алтынчы бөлмөдөгү Зыяшка келдим эле, жездеси болом-деп мукактана жалооруй тигилди.
-Азыр эмес, кийинчээрек келиң. Медсестранын сөзү Ныязды башка чапкандай туюлду.
-Неге? Неге анан келем, азырчы? Өзү менен өзү сүйлөшүп, оюнун соңуна жеткен жок. Өтүп бараткан медсестрага кайрылып:
-Алтынчы палатадагы Зыяшка кирсем болобу, карындаш? Мен анын бир тууган жездеси болом-деп жалдырай, көзү менен аны ээрчиди.
-Азыр реанимацияда күтө туруң.
Ныяздын эми чындап айласы куруду. Ал көпкө турду. Жолуга албасына көзү жеткен соң, келген жолуна түштү.
* * *
Жол бою аны түркүн ойлор бийлеп, жүрөгүнө тынчтык бербей, кандайдыр бир бүдөмүк санаа кыйнап келет. Жол четинде турган үч адам биринен сала бири кол көтөрүп, -ала кет-дешкенсип кол булгалап, бир нерселерди айтып жатышты. Ныяздын оюна эч нерсе келген жок, тек гана жеңил автомашинасын токтотуп, -чыккыла-дегендай баш ийкеди. Алдына аял киши чыкты. Колунда кандайдыр бир түйүнчөктөр. Жабыла кол көтөргөндөр жарыша коштошушуп, эшикти сыртынан жабышты. Машина ордунан козголо бергенде, олтурган аялдын оозунан арактын жыты “бур” дей түштү. Ныяз ичинен жийиркенсе да, сыртынан билдирген жок. Машина орто жолго жеткенде, тиги жолоочу:
-Шопур аке, машинаны ушул жолдо акырын айдасаңыз, бул жол мен сүйгөн жолдор. Мен да бир кезде таксист болгом. Бул жолдон эчен жолу каттадым. Мени кечирип коюңуз бир аз ичип алдым. Жанагылар инилерим болот, бирге иштешкенбиз, жолукканыбызды белгилеп бир аздан алып койдук.
Аял толкундана түшүп, кайра сөзүн улады.
-Азыр ПАТПда мойщик болуп иштейм, атым Кадича, сиздикичи?
-Ныяз.
-Таанышып да алдык. Кичине, жүз граммдан алсак кантет? Кадича Ныяздын жүзүнө тигиле карап туруп: -Сулуу киши экенсиз, сиз менен жолукканыма арман кылбайм. Билесизби, мен жакында турмушка чыктым оруска. “Кедей, кедейлигин жети жыл кылат”-дейт, -Ким билсин? Колунда “быдыры” жок, койчу ошону. Аны адам кылам деп жүрүп, өзүм өлүп калат окшойм. Не кылайын, аны эр кылбасам мага ким жакшы эрин бермек эле туурабы?
Ныяз. Ныяз да атың. Азыр жакшы эркектердин баары “занит”, жаман эркектерге болсо көчө толтура. Кичине ичип олтурсак кантет?
-Зарыл ишим бар, болбосо…
-Жакшы адамдардын дайым колу бош болбойт. Кашын кагып, көзүн сүзүп койду. Жүзүндө кандайдыр бир өкүнүчтүн учкуну өтүп, -Тиги жерге токтотуп койсоңуз-деди оозу бош.
Кадича колуна түйүнчөктөрүн алып, эшикке чыгып баратып, башын кабинага киргизип: -Баары бир сулуу киши экенсиз. Сиз менен жолукканыма өкүнбөйм, дагы не дейин? Макул жакшы барың, рахмат жеткирип койгонуңузга-деп, жол боюнда калды. Ныяз болсо акырын машинасын жылдырып, андан алыстагандан алыстай берди…
Жумуш эчак башталып, түштөнүү убагы болуп калгандыгына карабай, Ныяз өз бөлмөсүнө кирди. Артынан кошо кирген катчы кыз, бир нече кызыл, жашыл папкаларды көтөрө кирип, Ныяздын столуна аларды ирети менен коюп, кол коюлуучу кагаздарды жайып, бир нерсени күткөндөй туруп калды. Көңүлсүз олтурган Ныяз аны байкаган жок. Көңүлү чак кезде дайым, катчысын:
-Кана келчи, ак жүзүңдөн бир өөп коеюн-деп анан ишин баштоочу. Буга катчы кыз да көнгөн. Ныяздын жылуу жүзүн бетине тийгизип, кыл мурутуна ак жүзүн сайдырып, кечке кыңылдап ишин маашырлануу менен иштегени иштеген.
Бүгүн бул жоругун унутуп калган адамдай башын кагаздан албай келген кагаздардын баарына кол коюп жатты… Катчы кыз Ныяздын бул кылыгына бир чети таң калса, бир чети жүрөгүнөн аз да болсо кызганыч сезими жанып өттү. “-Менден жакшысын таап алды бекен?” Катчы кабинеттен көңүлсүз чыкты. Ныяз дагын деле түпсүз санаа, чексиз ойлордун туңгуюгунан чыга албай, өзү менен өзү алек…
Телефондон катчы кыздын үнү угулду:
-Сизди Таш-Көмүрдөн сурап жатат, эмне дейин?
-Улап кой… Алло, угуп жатам. Ооба, менмин. Жакшы болгон турбайбы. Эртең барам. Даяр эле. Дагы жакшылап сүйлөшүп көрчү… Болуптур, жакшы кал.
Өңүнө кубаныч аралап барып кайра, кара суз тартып кетти. Өткөн күндөр эске түшүп, оюн бир жерге жыя албай шалдайып креслого ыктай олтурду. “…Анда Зыяш, Ныяздын үйүнө жаңы келген учуру болчу. Он жетиге толгон курак кандай гана учур, кандай гана гүл курак. Денесине жармашып делбиреген көйнөгү оттой жанып, көзгө токтобой, айжаркын жүзүнө Айдын дагы шооласы ашык болуп, күн суктанып, Зыяш келген күнү эле Ныязды арбап салган. Эшикке кирип-чыгып, “- жезделеп” күлгөн шыңгыр күлкүсү, сүйлөгөн сөзү, жагымдуу үнү Ныяздын оюн он талаа кылып, делбиреткен. Баарынан да анын ачыктыгы, мээримдүүлүгү, жароокерлиги күн өткөн сайын, Ныяздын жан дүйнөсүнө кирип, ага болгон кумар оту ошондо эле ойгонгондугун ал бүгүн гана сезип туйган жок, аны алгач көргөндө эле мойнуна алган.”
-Неге мурун байкабадым экен?-деп бир ирет шыпшынып алганы да эсинде. Арадан мезгил закымы тез эле өтүп, экинчи жылга караганда, андан-мындан жуучулар келип, айрымдары түз эле, -бизге келин кылып бересиң-деп өтүнүшкөн. Ныяз сыртынан канчалык жадырап-жайнабасын, ичинде эч кимге сезилбеген кызганыч бар экендигин туйчу. Бирок, аны эч кимге билдирбөөгө аракет кылып, ар дайым күлкү аралаш тамашага салып жубатып коер эле. Кээ-кээде гана Салтанат:
-Тигиге берсек кантет, буга болбой койсок болбойбу?-деген сөздөрдү айтпаса, ашынган деле көбүрүп-жабырып сөз болчу эмес. Баса, Зыяшка биринчи жолу 8-март күнү белек берген. Ал белек Салтанаттыкынан кем эмес болчу. Анда Салтанат белектерди көрүп чыккандан кийин:
-Койсоңчу Ныяз, Зыяш мындай белектерди алганга али эрте-дегенде,
-Жездесинен алса эмне болуптур, менин балдызым, сенин бир тууганың-деп кутулган. Зыяш болсо жездесинен алган белектерге сүйүнгөнүн айтпа. Мойнуна тагынган алтын шуру, колуна кийгизилген алтын шакек, гүлдөр, таттуулар… Бул күн унутулгус күн болчу.
Ныяз акырындык менен Зыяшка деп, туулган күнүндө, майрамдарда белек тартуулоочу болгон. Белектердин ичинде сөзсүз кызыл апорт алмасы кошо келчү. Бул акырындык менен адатка айланып баратты. Байкалбаган ички сезимдеги каалоо, ой сезимди аралап, жүрөккө орун алган жакындык улам-улам бири-бирин байлап, туңгуюкка буларды жетелеп бараткандыгын экөө тең сезишкен эмес. Тек гана булар “жезде-балдыздык” сезим дешкен…”
* * *
Май айынын аягында эмгек өргүүсүнө чыккан Ныяз, үй-бүлөсү менен Ысык-Көлгө кетишти. Көлдү көрүп келсин деп Зыяшты да алып алышкан. Жай саратанда, көлдө эс алуу өзүнчө бир укмуш керемет эмеспи? …Толукшуган жайдын аптабы уруп, касиеттүү Көл кылаасы эс алууга келгендерди кучак жайып тосуп, толкун кууп ойногон мөлтүр тамчылар улам жээкке чыга качып, кайра майда кумдарды аралап, жашынмак ойногондорду эске салат. Көлдө сүзүп жүргөндөр көпчүлүк болсо да, Ныяз улам уурдана тиктеп, Зыяшты карап олтурат. Салтанат балдары менен убара. Сыр алдырбаган Ныяздын ички сезими Зыяшты кубалап, “жүрөгү бир тилинип, бир сыйрылып,” оор улутунду да ордунан туруп барып, сууга секирди. Капилеттен келген телеграмма, эс алууну ойдогудай өткөрбөй бүлүк салды. Салтанаттын атасы Кемел абышка катуу ооругандыктан, үйдүн чоң кызы катары Салтанат атасыныкына кетип, Зыяш жездесиникинде калды. Кайнатасыныкында үч-төрт күн жүргөн Ныяз, жумушка чыгарын айтып, үйгө келген.
* * *
Зыяштан Ныяздын көзү канчалык өтсө да, ага ыгын таап жакындоонун жолун таппай, олку-солку ойлор менен күн өткөрүп келет. Эртең менен кечиндеси бешенесинен сүйгөн менен, кучагына кеңири сыга албай жүргөн чакта, анын да жолу табылды. Жай саратандын аптаптуу түнү болчу. Түн ортолоп келген Ныяз, Зыяшты ойготуп, ысык чай берүүсүн өтүндү. Чай үстүндө кыйла тамаша сөздөр өтүп, анан Зыяшты аяр колтуктап, кучагына сыйдыра тартып, козголгон делебесинен жазыла албай, балдызынын бети-башынан өпкүлөп, бүткүл жан-дүйнөсү менен аймалап жатты… Зыяш эмне дээрин билбей, жездесинин бул кылыгына аң-таң болуп, мастыгына баа бере албай, оозунан сөзү түшүп, “-кантет?”-дегенден башка сөз таба албады…Ныяз аны уккан жок, колтугуна толгон балдызын ырахаттана кучактап, дилдеги сырын нөшөрлөгөн жамгырдай төгүп жатты… Жездесинин айтып жаткан сөздөрүнүн бирине түшүнсө, бирине түшүнбөй дендароо кылган ойлордо калган Зыяш, акыл-эсин жыйганча, Ныяз аны илбирстей ыкчамдык менен тырмагына чегерип, өз ишин бүтүрүп койду. Зыяш бир гана ирет “-Апа”-деп кыйкырганга үлгүрүп, ошол түндү ыйлап олтуруп таңга узаткан. Таңга чейинки жездесинин айткан сөздөрүнүн бири да кулагына кирген жок. Ошондой болсо да Ныяздын денесинен чыккан кандайдыр бир эркектин “эркектик” демин сезип, ошол сезимге байланып калганын туюп да, туйбай да уурданып издеп жатты…
-Алтыным, мен сен үчүн жашап, сен деп күн өткөрүп жүргөнүмдү билбесең керек. Кандай күндө калбайын баары бир сен меникисиң. Сен мендик гана болуп жаралгансың…
* * *
Экөөбүнүн бети ачылып, эми гана бири-бирине үйүр алып калган кезде, Салтанаттын үйгө келиши буларга анчалык жага бербеди. Атасынын үйүнөн келген Салтанат, Зыяшка “-атамды көрүп кел”-деп үйүнө жөнөтүп жиберген. Бир жума тургандан кийин эле Салтанат үй-жайын көрүп, көңүлү толуп, Зыяш келер менен эле кайра атасыныкына кетти. Салтанаттын кеткенин уккан Ныяз, кеңири жайылып көңүл кушу бийик эле. Экөө тең бири-бирине алдырытан көз салып, Салтанат алып келген балдардын укташын күтүп жатышты. Саматтын сагынычы атасынан тарабагандай бирде атасына, бирде эжесине эркелеп кыйладан кийин уктады. Ныяз менен Зыяшка кылымдан узак көрүнгөн бир жума экөөбүн тең сагынычка батырган экен. Ак шейшеп салынган диванда экөө бир денеге айланып, махабаттын туу чокусунда турушту. Ушул түндүн таңга алмашпоосун ичтеринен тилеп, балкыган денелерин бош таштап, экөө энтиге дем алып, бул ааламдын туңгуюктугуна түшүп кеткендей абалда жатышты…
Зыяш өмүрүндө биринчи жолу эркектин дене кумарынан ырахат алганын сезип, бул сезим түбөлүккө жан дүйнөсүн ээлерине туңгуюк ынанып, ушул ырахаттан ажырабай балкып калуусун тиледи. Ныяз дагы анын оюн сезгендей, аны акырын өзнө тартып ай жзнөн аймалап, эки колу менен тигинин белинен аяр кармап үстүнө чыгарды. Оор дем алуудан кийин махабаттын дагы бир белесин көрсөтүүгө Зыяшты да, өзүн да даярдады. Төшөктүн ичиндеги караңгылыкта дырдай жылаңач эркекти биринчи ирет көргөн Зыяш, ак булуттай болгон денесин шейшепке орой салып бекитти. Ныяз акырын ак шейшепти тартып, анчалык алыс эмес жерде турган магнитафондун үнүн бийиктетип, музыканын ыргагында Зыяштын ачык денесин аймалап, кучагынан учуп кетчү көгүчкөндөй бекем кысып, бүткүл жан дүйнөсү менен арбап жатты… Музыка жаңырыгы көңүл кушун көтөрүп, Ныяз менен Зыяштын ушул бактылуу түнүнө ортоктош болгонсуп, жагымдуу кайрыктар жаңырат. Кыз дагы акырындык менен илбериңки кыймыл жасап, бул түндүн ырахатына өз салымын кошуп, Ныязга жылуу сезим тартуулап, тирүүлүктүн улуу бактысына ортоктош болуп, өмүрдүн бул түндөгү жарыгын жагышты. Таң кылайып атып бараткан…”

* * *

Автору: Абдукаримов Сабыралы, Кызыл-Кыя шаары

Нравится
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар