Жүрөгүмө кек сактагам….

Бул дүйнөдө назик сөгөт жүрөгүм,
Баары жакшы жыргал өмүр сүрөмүн.
Биздин тагдыр талкаланган шактар сынып,
Жүрөгүмдө бир өзүңдү кек сактоодомун.

Күнөөм эмне жоопкермин каталарыңа,
Күндөрүм жакшы дечи бирок сен жок да.
Кееде сени сагынамын көрсөм деп,
Кееде сага ачууланып жек көрүп келем.

Айтчы ата бизди неге таштадың,
Көңүлүмдү бычаксыз сен кесип салдың.
Апамды мейли сүйбөй көпкө жашапсың,
Бизди кантип бул жашоодо таштадың.

Мени кечир сениң кызың боло албадым,
Атаке деп мойнуңа асылбадым.
Астыңан чуркап эркелеп сага чыкпадым,
Адамдардын ата -энесин көрүп алып,
Арданып мен түнү бою ыйладым.

Ата мага бир кадам шилтеп келбедиң,
Айда жылда бир жолу чалып абалымды билбедиң.
Айтчы деги эмне себеп калган көңүлүңө,
Акыйкатты бир тууганым менен мен билейин.

Жүрөгүңдү ким муздатты бизден сууруп,
Жашообуздун жарыгына ким суу чачты.
Жашап келем сенсиз даалай күндөр өтүп,
Жүрөгүмө сактап алып кек арманды.

Апам бизди бой жеткирди кыйын күндө,
Аябады жаштыгын бизден беттен өпкүлөй.
Ата сен да ыйлайсыңбы бизди ойлоп,
Ата сен да жатасыңбы биз үчүн уйкусуз түндү.

Сагынычтан белги берип кабар алам,
Бирок сен көпкө сүйлөшпөй алыстайсың.
Сурагым келет эмне үчүн жек көрөсүң бизди деп,
Бирок чочуйм оорутуп алам көнүлүн деп.

Ата сен жок бир буту жок жандаймын,
Ата сенсиз көздөрүм сокур чымчыктаймын.
Ата сенсиз чырагым күйбөй түтөгөнсүп,
Апам үчүн шор дүйнөдө жашаймын.

Канчага созулат бул жашоом,
Качан толот күлкү шаңга үй бүлөм.
Кетсен да үмүтүм ошол сени күтөт,
Күүгүмдө да таң атса да сени күтө

Автору: Алибекова Назира, Баткен шаары

Нравится

Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Оставить ответ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

© 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар