Жүрөктөгү элестер

ЖҮРӨКТӨГҮ ЭЛЕСТЕР
Повесть
Аңгеме
Драма

Рецензиялаган: Филология илимдеринин кандидаты, доцент Курсан Пахыров.
Жазуучу-акын Сабыралы Абдукаримовдун бул жаңы жыйнагына, прозалык жана драмалык чыгармалары киргизилди. Жазуучу учурдагы жаштардын үй-бүлөлүк маселесине өзгөчө көңүл буруу менен, аларды келечек жашоого сергек мамиле кылууга чакырат. Адамдагы ыйман маселеси башкы орунда экендигин даңазалайт. Жазуучунун буга чейин жарык көргөн «Желедеги көз жаш» чыгармасы да окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынган. Китеп жалпы окурмандарга арналган.

ЖҮРӨКТӨГҮ ЭЛЕСТЕР

Повесть

Кеч күздүн аягында туулган айылыма келдим. Айлана сары түскө боелуп, күрөң тарткан жалбырактар жолго төшөлүп, жаңы эле жаап өткөн өткүндөн улам, ылай бутка илешет. Жамгырдан кийинки ылай ого бетер батташып,шилтенген кадамым арыбай, үйгө тээ түн ортосунда жетип, эшикти ачып үйгө киргенимде, саксайган кара тору кыз менен иним Бекмурат кире бериштеги чакан үйдө уктап жатышыптыр. Кыязы жаткандарына кыйла болгондой. Үстүндөгү жамынган жер төшөгү сыйрылып түшүп, үшүгөнүнөн бүрүшүп алышыптыр.
Ийнимдеги жүктү жерге коюп, акырын Бекмуратты ойготтум.
-Беки, тур мен келдим. Ал көзүн ачып, мени бир тиктеди да, кайра жатып алды. Жатып эле кайра турду.
-Аке, качан келдиңиз? Мойнума асылып, өөп-өөп алды сагынган экен.
-Азыр эле, үйдөгүлөр кайда?-дедим. Иним:
-Апамдар тиги Эркайым эне өлгөн экен ошол жакка кетишти. Салкын экөөбүз калдык. Анын апалары да ошол жакта.
-Кайсыл Эркайым эне?
-Тумшуктагычы.
-Апамдар качан кетишти?
-Жана эле, эртең келебиз дешкен.
Кошунанын кызына төшөк салып жаткырдык. Бекмурат мени менен кыйла олтуруп анан уктады.
-Адам болуп калыптыр-дедим ичимден. Айылдагы анча-мынча жаңылыктарды билишинче божурап берди, чай ичүү ортосунда. Ичимден сүйүнүп койдум.
Сыртка чыгып, кой короо тарапка бастым. Баары тынч. Асман ачык. Жарым тилик коондой болуп көктө ай илинип турат. Бастырманын алдындагы атамдын карагер аты катуу чөптү карсылдата чайнап жатканы болбосо, кыбыр эткен жан жоктой айлана жымжырт. Карагер менин баскан добушумдан улам кошкуруп койду.
Жол бою талыкшып,-жетсем эле жатайын-деген оюм жоголуп, уйкум качты. Үйгө кирип диванга жата кеттим. Чар жайыт ойлорго чалынып жатып, Эркайым энени эстедим.
Акыркы жолу качан көрүштүк эле? Эстедим, өткөн жайда жолукканбыз. Анда күн ысып, эл салкынга качып калган убак болчу. Мөмө-жемиш бышып, жер көктөмгө толгон кез эле. Эс алууга келген учурум болгондуктан, айыл аралап, убакыт да кеңири үчүнбү, Эркайым энеге учурашканы баргам. Эркайым эне сүйүнүп болбой калган. Жалгыз турчу. Бир уул, бир кызы бар деп укканыбыз менен, аларды көргөн эмеспиз. Айылдагы жалгыз жашаган жалгыз гана Эркайым эне болгондуктан, өткөн-кеткенде чай-чака таштап өтөр элек. Жашы да бир топко барып калгандыктанбы, ар убак ак саамайы жоолугунун бир бурчунан чыгып, сары түсүнөн каары чачылып тургандай сезилчү. Анча-мынча жаш балдарды «Эркайым энеге» айтам деп да коркутуп калчу, жарыктык айылдаштар. Бирок, ошого карабай анын үйүнө ким барса да, алкап калчу. Бул ирет да жакшы сөзүн аябай, кыйла сүйлөшүп олтурдук. Бир кезде:
-Баткенде иштейт деп уктум эле, чынбы?-деди.
-Ооба, эне Кызыл-Кыядамын-дедим.
-А…-деп барып, унчукпай тунжурап калды. Кыйладан кийин үшкүрүнүп койду.
-Ким бирөөңүз барбы?
Эркайым эненин көзүнүн кычыгында төгүлөөр-төгүлбөс жаштын каканактап турганын байкай калып, сөзүмдү ала качтым.
-Шаардык гезитте иштейм. Андан башка сөз таба албадым.
Колун болор-болбос кыбыратып, шыңга боюн түзөп, кыска чачын салаасы менен өйдө сылап, бир байлам гүлдү жоолугуна киргизди да;
-Мынчалык болуп калды, сага өткөн күнүмдөн айтып берейин деп, ушул баянды айтып берген эле.

ТАГДЫР ЭЛЕГИ

…Түн ортосу. Шаңкайган ачык асмандагы көгүлтүр түстүн үстүнө төгүлгөн шурудай болуп, жайнаган жылдыздар андан-мындан көз кысып, деги эле эч нерседен бейкапар. Бөксө адырдан айылдын жарыгы алыстан жымыңдап көрүнгөн менен, андагы жашаган адамдардын кобуру угулбайт. Анда-санда гана арсылдап үргөн иттердин добушу угула калбаса, түн ичи коюу тынчтыкта уюп турган убак.
Мына ушул мемиреген бейпилдикти Мирбек бузду.
-Эркайым, эгер макул десең-деп тунжурай түшүп, анан сөзүн улады- баш кошуп албайлыбы?
-Мени ошого чакырып келдиңби? Көзүм чакчайып, итиркейим келе түштү.
-Жок, жөн эле айтып жатам да. Мирбек бош үн катты.
-Жөн деле айтпа.
Ортобузду кайрадан тунжуроо ээледи. Мирбек колундагы чыбыгы менен жерди чукулап олтурду. Мурдагыдай өөп-жыттаган да жок. Болбосо, кучагына бекем кысып алып, кулагыма жакшы көргөнүн айтып, «-жаным, эркем, жалгызым»-деп чачтарымды салаасы менен тарап, айтоор жанымды койчу эмес. Анын бул кылганы өзүмө жакса да, ага сыр бербей, «-жүдөтпөчү» -деп коер элем.
Бүгүн анын бири да жок. Өзүн токтоо кармап, салмак менен сөзүн сүйлөп жатты.
-Мына окууну да бүттүк. Анын үстүнө окууга деле барбай калбадыңбы. Билесиң го апам анан карындашым эле. Эми аларды карап, дегендей…
-Окууну бүттүм, болду эми деп сенин апаңды карашым керекпи? Окуйм. Быйыл болбосо кийинки жылы барам.
-Окуба деген жокмун го.
-Анда эмне кыл дейсиң?
-Экөөбүз…
-Токто. Эгер чындап сүйгөн болсоң, мен окууну бүтүп келгенче күтөсүң, болбосо өзүң бил.
-Акмаксың. Сени керек болсо өмүр бою күтөрүмдү, сен кайдан билмек элең. Болуптур, келчи кучагыма.
Мен таарынган болуп, тескери бурулдум. Мирбек акырын артымдан өзүнө тартып:
-Мени кечирип койчу, сени таарынтайын деген деле эмесмин, тек гана оюмдагыны айттым. Анын үстүнө апама да боорум ооруп кетти. Жыл өткөн сайын карып баратпайбы, анан дагы оорукчан экенин билесиң го.
-Билем, жок дегенде биринчи курсту бүтөйүнчү. Кызыл аттестат менен бүтүп, эч нерсеге жарабай калды деп эртең эле классташтарыбыз айтып чыгышат. Экөөбүздүн сүйлөшүп жүргөнүбүздү ансыз деле билишет эмеспи.
Мирбек мени кучактап тартып:
-Акылдуум менин. Макул сен айткандай эле болсун. Сен канча күт десең күтөм.
-Өмүр бою делеби?
-Керек болсо өмүр бою күтөм.
Экөөбүз бири-бирибизге ыкташып, ушул түндүн таңы атпаса экен деп тилеп жаттык. Жүрөктөрдүн кагуусу кадимкидей бири-бирибизге угулуп турду. Кечки күздүн муздак шамалы ортобуздан аралап өтө албай, этек-жеңибизди делбиретип айланчыктап өтүп жатты.
Таң кылайып, жерге жарык нурун төгө баштаганда экөөбүз эгиз козудай ээрчишип, адырдагы жалгыз аяк жол менен кучакташып келе жаттык. Жол боюндагы коен томуктардын сөңгөктөрү баскан кадамдарыбызга суктаныша тиктеп, артыбыздан карап, калып жатышты. Жол боюн аралаган жөө туман каптап өтүп, айлана түнөрө түшүп, кайра жарык нурга бөлөндү.
Райондук «Жаңылык» соода дүкөнүнө жумушка киргениме бир жума болуп калган. Күндөгүдөй эле жумушка эрте туруп, сааттын жебеси жетини көргөзүп калгандыктан, чай ичпей жолго чыктым. Үйдөн чыкканымда эле жол боюндагы ак түстөгү «Москвичке» көзүм түштү. Бейтааныш экен. Жол улап баса бердим. Аңгыча баягы «Москвич» өтө берип токтоду да, андан узун бойлуу, арык чырай жигит түшүп, сылык суроо узатты.
-Карындаш, Айдардын үйү кайсы?
-Кайсы? Буйдала түштүм. –Биздин айылда Айдар деген ким эле?
-Касымов бекен?
Ойлонуп оюмду жыйганча, машинадан түшкөн эки-үч бала, мени машинанын арткы эшигине түртө салышып, «ай-буйга» келтирбей, эшиктерди жаап, бири «айда»- деди.
Көчө толук ойгоно элек эле. «-Жардамга»-деген кыйкырыгым, машинанын ичинен сыртка чыкпай, буулуп калды. Жалынып-жалбарганым, ыйлап-боздогонум, каруумдан ылдый ныгыра баскан барскан колду тиги балдарга «чымын чаккандай» да көрүнбөдү.
Райондун борборунан анча алыс эмес айылдын бирине бардык. Зордук зомбулдук менен эле үйгө киргизип жиберишти. Тартылган көшөгөгө кирбей, бут тиреп босогого тура калганымда, төөдөй болгон бирөө, белимден кармап туруп, дубалдын кыргагына урганда, көзүмдөн от чагыла түштү. Баягы төө ордумдан тургузуп, эки жаагымды карыштыра кармап туруп:
-Кетип калам деп ойлобо, керек болсо өлтүрүп коем, билдиңби?-деп туруп, күрсүйгөн күрөктөй болгон колу менен ичиме бир койгондо, өзүмдү жоготуп койдум. Үнүм чыкмак түгүл, дем тартта албай калганымды бир гана өзүм билем.
Ушул учурду эле күтүп тургансып, жеңелери көйнөк- жоолугун башыма салышып, кийинтип киришти. Менин бөк түшүп ичимдин ооруп жатканын сезип да коюшкан жок.
Өкүрүп-өксүгөнүмдү, ый-арманымды кирип келе жаткан караңгы түн өзүнө сиңирип, жарыктыктын алакандай айрыгы калбагандай түнөрүп турду…
Көкүрөктөгү жакшы тилектер, эңсеп эми жетем деген сансыз кыялдар көз жашымдын тамчыларына айланып, кийип турган «келин көйнөккө» сиңип жок болуп жатты…
Түн ортосунда атамдын катын алып киришти, анда «кызым, таш түшкөн жеринде оор», эгер көңүлүң болбосо жеңелериң менен кайт-деп жазылыптыр. Жеңелерим менен сүйлөштүрүшпөй коюшту. Нике ошол эле күнү окулду. Күйөө болчу баланы көшөгөгө киргизишти. Өмүрү көрбөгөн адам менен бетме-бет олтурдум. Ак жүздүү, узун бойлуу, арык чырай немее экен. Тике боюна көз жүгүрткөнүм ушул болду. Өзүн тааныштырып,-атым Жаныбек-деди.
Бүткүл боюм титиреп, колумдун калтыраганын өзүм да байкап турдум. Ал өтө деле жакын олтурган жок. Бирок, жүзүндө да, сөзүндө да кандайдыр бир кабатырлануу бар экени сезилип турду. Мындайды «жүнү бош»-деп койчу беле?
-Сен менден коркпо. Эми, мындан ары экөөбүз бир бүлө болуп жашайбыз. Колумдан келишинче сени бактылуу кылганга аракет кылам. Эгер сен бүгүн мени уят кылбасаң, өмүр бою сага таазим кылып, бүткүл жашоомду сага арнап жашайм. Сенден өтүнөрүм мени уят кыла көрбө, макулбу? Сураныч сенден…
Эмне деп жооп береримди билбей калдым. Менден эмнени өтүнүп, эмнени сураганы жатат? «Кыларыңды кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп», бүттүң го-деп, кыжырым келе түштү.
Ал акырын жаныма өткөндө, бутумду жыйнап алдым. Колдорумдан сылап, чачтарымды өйдө кылып, көз жаштарымды аяр аарчып койду.
Кыязы кыйлага чейин тунжурап олтура бердик окшойт. Эшиктен, -болдуңарбы? Таң атып баратат, дагы канча күтөбүз-деген аялдын ачуу үнү кулагыма «шак» дей түштү.
Андан кийин да кыйлага чейин үнсүз олтурдук. Үн катпадык. Жаныбек бир кезде:
-Кел, мен жаныңа жатайын. Эч нерсе кылбайм-деп мени өзүнө тартты. Кетенчиктей албадым, айласыз тагдырыма баш ийдим окшойт. Акырын анын көкүрөгүнө башымды койдум. Ал көп эле нерселерди айтып жатты бирок, анын сөздөрүн бирин уксам бирин укпай, өз ойлорум менен чатачтырып да алып жаттым.
Бир кезде ордунан туруп костюмун чечип, төшөктөн башына таштады да, мени чечиндире баштады. Үстүмө жеңил жамынгычты берип, өзү бизге салынган төшөктү оодара тартып, шымынын чөнтөгүндөгү кичинекей бычакты алып, кийип турган шымын чечип ары ыргытты. Жалаңач эркекти көрбөгөн жаным, бир ирет этимди жыйырып, дирилдей түштүм. Жаныбек аны сезген жок. Жоон санына бычакты сайып, андан чыккан канды менин жаткан төшөгүмө эки-үч тамчы түшүрүп, канын аарчып тазалабай эле, кайра кийди да,
-Жаным, менин айткан сөздөрүмдө унутпа. Дагы кайталайым, болдубу дешсе, «-ооба» –дегин. Ооруп жатабы десе, «ийи» де, макулбу?-деди да, шымын топчулап, костюмун колуна алды да, бетимден өптү, терезеден ыргып чыгып кетти.
Ошол, ошол болду. Жаныбек экөөбүз жашап калдык. Акырындап жаңы үйгө, үйүр алып, Жаныбексиз жашоо мага кызыксыздай көрүнүп, аны чындап сагынып күтчү болдум. Алар көп бир тууган эле, үйү деле тар болчу. Бирок, ошого карабай бизге бир бөлмөсүн бошотуп беришкен. Анын иштен келиши мага майрамдай эле. Негедир дайым жанымда болушун каалар элем. Анын эркелеткени жагымдуу, сөздөрү уккулуктуу эле. Келечектеги кыял-максаттары эртең эле ишке ашып кетчүдөй, бүткүл жан-дилим менен ишенчүмүн.
Бир кездеги балалык сүйүүмдүн ээси Мирбек көкүрөгүмдөн алыстап, анын баары унутулуп, анын ордун Жаныбек ээлеп алгандай туюлчу. Жаныбекти күн өткөн сайын жүрөгүмдүн түпкүрүнөн жакшы көрүп бараттым. Ансыз жашоомдун шаңы, тирүүлүгүмдүн көктөмү, өмүрүмдүн өзөгү көркүнө чыкпасын туйдум.
Кадимки күндөрдүн бири болчу. Жаныбек иште, мен үйдө элем. Капилеттен жеңем келип калды, күткөн эмес элем. Ары-бери сүйлөшүп олтуруп жеңем менден:
— Кыз болдубу? Кандай жашап жатасыңар?-деп сурап калды.
Менин оюмда эч нерсе жок, — Коюңузчу, эмнени айтып жатасыз?-дедим.
Ошентип жеңем кетип, кечинде Жаныбек келди. Жеңемдин айткандарын ага айттым.
-Сен эмне дедиң? –деп чочуп кетти.
-Болуп атат-дедим. Жаныбек жайлана түштү.
-Акылдуум, асылым менин-деп, кучагына кысып, ошол бойдон унчкупай калды. Бирок, көңүлү чөгө түшкөнүн байкадым. Өзү деле кем сөз болчу. Бирок, ачуусу чукул эле. Сөз көтөрө алчу эмес.
Ал күнү да, күндөгүдөй төшөккө бирге жаттык. Жаныбектин ич көйнөгүн ушунча болуп чечип жатканын көргөн эмесмин. Алгач чечинбегендиктен ошого деле көнүп калат окшобойбу адам. Мен деле ич кийимчен жатчумун.
Түндүн бир оокуму болуп калганына карабай, Жаныбек уктай албай улам ооналактап, анда-санда оор үшкүрүнө толгоно берди. Ал бул убакта уктап калчу. Мен да уктабай жата бердим. Жүрөгүмдө кандайдыр бир түпөйүлдүк уюп алды. Бир кезде Жаныбек,
-Эркайым, уктай элексиңби?-деди, мен тарапка оодарылып.
-Жок-дедим.
-Жашырганда не, сага бир чындыкты ачык айтпасам болбойт окшойт — деп, күрсүнө ордунан турду. Мен да ага катарлаш олтурдум.
-Бул, мен армияда жүргөндө болгон. Денемдеги тырыктарды көрө элексиң да, андан коркпо. Азыр бүтүп калгандагысы, бирок …–деп баратып, сөзүнүн артын жутуп, ордунан туруп жарыкты жандырды. Үстүндөгү ич көйнөгүн чечкенде, анын денесиндеги каршы-терши тигилген жерлерди көрүп, алгач коркуп кеттим, бир чети таң калдым. Чынында алгач көргөн адамдын коркору чын. Денедеги тешиктердин оозу бүткөн менен, андагы тигилген жерлердин орду толбой чуңкурайган боюнча калган. Бүтө элек жерлерге пахта тыгып коюптур. Шүйшүң кандын агарын, ага коюлган пахталар далилдеп турат.
Ал ич кийимин кайра кийип, оор улутуна жарыкты өчүрүп жаныма келип жатты.
-Денеңе эмне болгон? — деп сурай албай буулугуп кеттим. Жаныбек , үшкүрүк аралаш, мен сурай албай жаткан суроого өзү жооп берди.
…Кезектеги тапшырманы аткарууда элек. Жоокерлер үчүн «есть» деген сөз, ары улук да, бийик да, ыйык да эле. Токойдон кесип өтүү жүгү бизге тапшырылып, автомашинага ондон ашык жоокер чыгып, айтылган жерге жөнөдүк. Тапшырма тез жана так аткарылышы зарыл болчу. Белгиленген жумушту бүтүп, кайра артка кайтып келе жатканбыз. Борошолоп жааган кар тынбай, бет алдыдан соккон шамал машинаны улам жайлатып, кайра күчөтүп жаткан. Биз кузовдо элек. Капыстан машина оодарылып, көз ачып-жумганча ааламатка айланды. Белим катуу ооруп, бир кыйкырганымды билем, андан аркысы эсимде жок…
Көзүмдү госпиталда ачтым. Эсиме келгенде арадан төрт күн өтүптүр. Дарыгерлердин күчү менен аман калганымды билдим. Менден башка эки бала каза болуп, үчөөбүз оор жарат менен мында экенибизди айтышты. Ошондо тирүү калганыма сүйүнгөм. Бирок, минтип жарым жан болуп каларымды кайдан билдим дейсиң? Аны врачтар кийин айтышты. Бир жылда төрт ирет операция болдум…
Жаныбек сөзүнүн ушул жерине келгенде үнү каргылданып, жүрөгүнүн түпкүрүнөн ыйлап жатканын туйдум. Бирок, соорото албадым. Ага кудиретим да жетпейт эле, билип турдум.
Тээ бир кыйладан кийин сөзүн улады.
-Билем, азыр жашсың. Жашоодо сен билип, көрө элек али көп нерсе бар. Качандыр бир кезде сен аны билип, даамын татсаң балким, ажырашып кетербиз. Ким билсин?…
Мен шашып кеттим.
-Эч качан ажырашпайбыз. Биз өмүр бою бирге болобуз. Мен сизсиз жашай албайм…
Жалаңач денемди анын үстүнө таштадым. Ал акырын онтоп, аяр далымдан сылады. Кыязы байкабастан анын ооруп турган жерин басып алдым окшойт бирок, ал билдирбеди. Ал далымдан сылап да, ыйлап да жатты…
Түн бою уктаган жокбуз, сүйлөшүп жаттык. Бирок, жүрөгүмдөгү түпөйүл ой, санаамды мыжыгып турду…
Бир ай ичинде жеңем, үч ирет келди. Анын кайра-кайра келиши, кандайдыр түпөйүлдүктү эле эмес, муздак сөздөрдүн учкунун да ала келгенсип жаткансыды.
Кайненем чоң кызын чакыртып алып, экөө үй ичинде чай ичишип, сүйлөшүп олтурушкан. Капилеттен эшиктин артында иш кылып жатып, алардын Жаныбек жөнүндө сүйлөшүп жатканын угуп калып, тыңшай калдым.
-Жалал-Абаддагы, Бишкектеги врачтар да бирдей диягнос коюшту. Билбейм эми…-деген кайнеэжемдин сөзү кулагыма шак дей түштү.
-Тигилердин шектенип жатканына караганда, келинди алып кетишет окшойт. Олдо-кургур, балам-ай, майып болгонуң аз келгенсип, эми туяксыз да өтөсүңбү? Кайненем бышактап ыйлап жатты. Эжем кайраттана:
-Апа, Жакинди дагы бир жолу текшертип көрөлүчү. Ага чейин жыл айланып кетет. Балаңыз бир аз болсо да көнсүн, жашасын кийин келинди алып кетишсе, жашай албай коюшту дейбиз. Балаңыздын абийирин ошентип сактап калуудан башка айла жок.
Эжемдин сөзүн угуп «чийки май» жегендей боло түштүм. Ошол күндүн эртеси Жаныбекти Жалал-Абаддагы ооруканага жаткырышты. Аны менен мен да чогуу бардым. Күндө ооруканага каттайм. Ал жерден Жаныбек Бишкеке которулду, мен үйдө калдым.
Келгениме бир жума боло элек, жеңем келди. Сүйлөшүп олтурдук. Кыйла сөздү кыйытып айтып түшүндүргөн менен, жүрөгүм Жаныбекти дегдеп, андан бөлүнсөм эле жашоом токтоп калчудай боло берди. Жеңем, -өзүң бил-дегендей коштошту.
Бишкекке каттоо жүгү кайнагама жүктөлгөндүктөн, «ат тезегин» кургатпай барат. Аны менен мен да бардым. Экөөбүз, оорукананын багында сүйлөшүп олтуруп, бир кезде Жаныбек мага мындай деди.
-Эркайым, бала багып алсак кандай дейсиң?
Өзүмчө чочуп кеттим. Суроосуна суроо койдум.
-Эмне, мени төрөбөйсүң дегиң келип турабы?
-Жок, дагын деле түшүнбөптүрсүң да. Жалган күлүп кучагына кысты. Негедир кыжырым келе түштү. Колун силкип:
-Мен эмнени түшүнбөйт экем? Анда сен түшүндүрүп бер-дедим, ага тике багып.
-Болуптур. Койдум мен-деп кайсалактай,- сени кантээр экен десе? — деп, жойпуланганын билип эле турдум.
Эртеси жолго чыктык. Жол бою Жаныбектин «бала багып алсак кантет?»-деген суроосу тынчымды алып, үйгө сабырым суз кайтып келдим. Ошондон баштап кандайдыр бир бүдөмүк ойлор тымызын тынчымды алып, санаамды-саңга, оюмду оңго бөлчү болду.
Күйөөгө тийгенге чейин, кыздар өзүбүзчө боло калганда, эркектер жөнүндө сүйлөшчүбүз. Эрге тийгенде «антет экен, минтет экен» -деген сөздөрдү уккан менен, мен андай нерсени Жаныбекке тийип көргөн жокмун. Жаныбек жанымды кыйнап, алар айткандай кылган жок, кайра экөөбүз төшөккө жатканда кучакташып, эзилише эркелешип, анан уктап калар элек. Ал деги эле мени чечин деп айткан эмес, а түгүл өзү да чечинип жатканын көргөн жокмун. Дайым көйнөкчөн жатар элек…
Жеңем дагы келди. Жеңемдин келгенин, кайненем жактырбай турганын көзүнөн окуп турсам да, сыртынан айланып-тегеренип, дасторкон жайды. Үчөөбүз чайга олтурдук. Жеңемдин көзү менден өтүп, улам-улам карап, мага бир нерсе айталбай турганын билсем да унчукпадым. Кайненем да дасторкондон турбады. Жеңемдин чыдамы жетпеди окшойт, дасторкондун четин өйдө кылып:
-Кыз менен өзүнчө сүйлөшүп алайын дедим эле, жүрчү кыз-деди.
Кайненем сыр бербей,
-Үйгө кирип сүйлөшкүлө, азыр эч ким келе койбос-деп, өзү өйдө да болгон жок, дасторкон үстүндө калды. Жеңем экөөбүз биз жатчу бөлмөгө кирдик. Олтуруп, олтурбай жатып жеңем сөз баштады.
-Ачык эле сүйлөшүп албасак болбойт, кыз. Атайын эле сага келдим, кана айтчы деги жашооң кандай?
-Жакшы-дедим башымды ийген калыбымда. Ал мени арман-күүсүн айтып, даттанып ыйлайт деп ойлосо керек.
-Эмнеси жакшы?
-Мамилеси.
-Дагы?
-Баарысы эле.
-Айтпайсыңбы, ошол баарысын?
Унчукпай калдым.
-Жашоо, турмуш-деген мындай болбойт. Жеңемдин сөзү да, үнү да, өктөм чыкты. –Сен балалуу болуп, өзүңчө очор-бачар болуп жашашың керек. Билбейт дебе, баарысын билебиз. Күтөт деген ушунча болот. Күттүк, жетет. Айт ачыгын?
-Жакшы дебедимби.
-Жакшысын биз билбей калыптырбызбы, билебиз. Эркек деген эркек болсо гана жашоо болот. Ансыз жашоо болмок беле, даярдан алып кетем. Калганын үйгө барганда сүйлөшөбүз. Кана тур, ала турганыңды жыйнаштыр.
-Жеңе!
-Жеңең менен жерге кир. Сага жамандык каалап жатыптырмынбы? Сенин келечегиң, тагдырың, жашооң үчүн кылып жатабыз. Бул менин эле сөзүм эмес, эжелериңдин, бир туугандарың менен ойлонуштурулуп, «жети өлчөп, бир кесилген» сөз. Бол. Болбосо азыр…
-Жашайм дебедимби.
-Акмак турбайсыңбы. Жеңемдин ачуусу бетине чыгып,- эй, мал, азыр мени менен кетпесең, эжелериңди чакыртам. Ошондо көрөсүң, андан көрө жакшылыкча жүр мени менен.
Жеңемдин «эжеңдер» деген сөзү катуу тийди. Азыр кошо барбасам, чоң жаңжал чыга турганына көзүм жетип турду. «Жаныбек баары бир артымдан барат, ошондо кайра келе берем»-деген ишенич жүрөгүмө жылуулук берип, жеңемди ээрчип сыртка чыктым.
Cыртта жүргөн кайненем менин кийинип алганымды көрүп жеңемди утурлай басты.
-Келинди алып каякка?
-Үйгө барып келсин мени менен.Үйдөгүлөрү да ала кел дешкен эле.
-Жакин келсе, кошо…
Жеңем сөздү бөлө сүйлөдү.
-Ага да убакыт болуп калар. Макул, жакшы калыңыз.
-Андай болсо…
-Кереги жок. Жүр, кыз. Автобустан кеч калбайлы. Кеч да болуп калды.
Жеңем бир жулкунуп алып алдыга түштү, мен анын артынан ээрчидим. Кайненем айтар сөзүн таба албаган баладай энтигип, артыбыздан ээрчий басып, башын ийкегилеп сөз сүйлөй албады. Аны артымды бир кылчайып караганымда көзүнөн мөлтүлдөп агып жаткан жашын көрдүм.
Кандайдыр бир нерсе кекиртегимди бууп калгансып, токтой калып, артыма карай жүгүргүм келип турса да, кайта албай аргасыз жеңемдин артынан илкий басып, мен да кайненеме карап башымды ийкеп койдум. Коштошконум да ошол болду.

Автору: Абдукаримов Сабыралы, Кызыл-Кыя шаары

Нравится
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу — эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү

Реклама на сайте. Рассмотрим любые варианты ее размещения.
Авторго билдирген ыраазычылыгыңыздын эң жөнөкөй жолу – эл аралык коомдук желелерде достор менен маалымат бөлүшүү.

Комментарий (2)

  • Ырысбай АБДЫРАИМОВ| 17.11.2015

    Чакан болгону менен жакшы чыгарма. Автору Сабыралы Абдукаримовбу, же Садыралы Абдукаримовбу?

    • admin| 29.01.2017

      Ооба чыгарманын автору Сабыралы Абдукаримов агайыбыз. Жаткан жери жайлуу болсун.

  • Оставить ответ

    Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

    © 2012 - 2017 «Kalemger.KG». Бардык укуктар корголгон. Материалдарды көчүрүүдө жана жайылтууда kalemger.kg шилтемесин колдонуңуз.
    Сайтты жасаган Равидин Турсункулов. Сайт WordPressте иштейт. WordPress.kg - бекер сайт, бекер хостинг, бекер домен.

    Кыргызча анекдоттор дүйнөсү | Курдаш коомдук тармагы | Кыргызча Нукура форум | Баткен облусунун маалымат порталы | Кыргызстанда таанышуу сайты | Бекер жарыялар